Балдардын укугу – Батыштын саясий, сакафий куралы!
Жогорку Кеңештин спикеринин тушундагы аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңдик боюнча кеңештин калкасы астында өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Жыйынга ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү да катышты. Терегек столдо балдарды коргоо жана балдардын укуктары корголуп жатканын мониторинг кылуу, бул жааттагы эл аралык практикалар туурасында баяндамалар уктурулду. Иш-чаранын максаты Балдардын укугу жөнүндөгү БУУ конвенциясы кандай аткарылып жаткандыгын талкуулоо болду. Терегек столдун катышуучулары балдардын укугун коргоого басым жасашып, бул жааттагы мыйзамдардын, программалардын, саясаттардын аткарылышында мамлекеттин ролу маанилүү экенин баса белгилешти.
Өлкөбүздөгү балдар жаатындагы саясат, мыйзамдар, иш-аракеттер БУУнун конвенциялары, көрсөтмөлөрү, программалары негизинде жүргүзүлүп келет. Себеби, БУУга мүчө мамлекеттер бул мыйзамдарды, конвенцияларды кабылдап, аткаруу милдетин алышкан.
Бул мыйзамдар Исламга каршы келишинен тышкары, коом жана үй-бүлө үчүн кооп-коркунуч болуп саналат. Себеби, алар балдарды өз алдынчалыкка үндөп, ата-энеге каршы чыгууну, ата-энеге жөн гана багып өстүрүүчү катары кароону үйрөтөт. Ал тургай, бул мыйзамдар балдарга өз ата-энеси үстүнөн арыздануу мүмкүнчүлүгүн берет, бул нерсе ата-эненин камакка алынышына да алып барышы мүмкүн.
Ошондуктан, бул мыйзамдар Батыштын сакафатын мусулман коомуна киргизүү үчүн курал катары колдонулууда. Башкача айтканда, ата-эне, бала жөнүндөгү Ислам таалимине каршы түшүнүктөр, пикирлер жайылтылууда. Анын натыйжасында бала атасына же энесине каршы чыгып, сый-урмат деген нерсе жоголууда. Мындай учурда үй-бүлөдө ырк кетип, үй-бүлө бузулуп жаткан учурлар кездешет.
Ошондой эле, бул конвенциянын негизинде ушундай бир мыйзамдар иштелип чыгып, ал мыйзамдар баланы (каалабаса да) ата-энесинен мажбурлап тартып алып, социалдык кызматка өткөрүүгө жол ачууда. Ачыктап айтсак, мисалы Батышта бала мектепте же коомдо гендердик теңдик, ЛГБТ сыяктуу Исламга туура келбеген нерселерди кабыл албастыгын айтса, социалдык кызматтар баланы ата-энесинен бөлгөн учурлар болууда. Бул абалдар Батышта кездешип жатса да, бирок өлкөбүздө да аста-секин бул үчүн чөйрө жаратылып бара жатат. Жогоруда айтылгандай, бул мыйзамдар мусулман үй-бүлөгө Батыштын сакафатын мажбурлап киргизүүгө жана үй-бүлөнү бузууга курал болууда.
Ошондой эле, балдардын укугун коргоо жаатындагы дагы бир жагдайды, тагырак айтканда, шантажды айта кетүү орундуу. Батыш өлкөбүздөгү бийликке таасир кылууда ушул маселеден пайдаланат. Ал “жарандык коомду” жана ага байланган маалымат каражаттарын ишке салып, өлкөдө балдар зомбулукка учурап, балдардын укугу корголбой жатканы жөнүндө жар салууну буйруйт. Акыбетте, коомдо кандайдыр бир коомдук пикир жаралып, Батыш бийликке таасир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн табат. Бул да Батыштын таасир өткөрүү куралдарынын бири.
Ал эми, бул маселенин негизи болгон балдардын укугун коргоого келсек, бүгүн дүйнөгө капитализм (демократия) өкүмдарлык кылып жаткан доор. Өкүнүчтүүсү, капиталисттик түшүнүктөрдөн улам аялдар, карылар сыяктуу балдар да зулум көрүп жатышат. Бул, мусулмандардын Исламга чейинки жахилият доорун эске салат. Маселен, БУУнун отчётуна ылайык, дүйнөлүк масштабда алганда ар жыл сайын ар бир экинчи бала ар кандай зомбулукка туш болот. Ал эми, демократиянын борбору саналган АКШда жыл сайын 150 миңден 200 миңге чейин балдарга карата сексуалдык зомбулук абалы ачыкталат, ошондой эле, күнүнө орточо эсеп менен 47 бала курал колдонулган зомбулуктун курманы болот. Андыктан, Американын, Батыштын жана алардын малайларынын балдардын укугу жөнүндө кайгыруусу жалгандан жана эки жүздүүлүктөн башка нерсе эмес. Себеби, алар өз үйүндөгү балдарга карата зомбулукка көз жумуп, мусулман өлкөлөрүндөгү балдардын зомбулукка учурап жатканын жар салышууда, тагырак айтканда бул абалдан пайдаланышууда. Кандай гана арамзалык!
Андыктан, жогоруда көрсөтүлгөн статистика ырастап тургандай, Батыш өлкөбүзгө, коомго, үй-бүлөгө тыгыштырып жаткан балдардын укугу жөнүндөгү конвенциялар жана мыйзамдар балдардын укугун коргобойт, тескерисинче алар мусулмандардын акылын уулоого, үй-бүлөсүн бузууга, жаштарды, балдарды адаштырууга курал катары колдонулат жана Батыштын кызыкчылыгын жүзөгө чыгарат. Капитализм балдардын укугун коргоо жараксыз.
Ошондуктан, биз, мусулмандар, бузукулукка, коомду кыйратууга, саясий шантажга жол ачкан мындай конвенцияларды, мыйзамдарды, саясаттарды четке кагуубуз абзел. Кала берсе, аларга каршы күрөшүү ар бир мусулмандан талап кылынат.
Харун Абдулхак