АКШда Борбор Азиянын кен байлыктары талкууланды
Борбор Азиядагы баалуу металлдар менен минералдар жашыл энергияны, жаңы курал системаларын о.э. дагы башка алдыңкы технологияларды өндүрүүдө өтө маанилүү. Бул тууралуу Вашингтондогу “Эл аралык салык жана инвестиция борборунун” отчётунда айтылды.
Отчётто айтылышынча, Борбор Азиядагы кен байлыктар батыштагы бизнестин жана өкмөттөрдүн көнүл борборунда. А бирок, Кытай бул сектордо дүйнө жүзү боюнча монополия орнотуп алган. Кытайдын баалуу кендерге монополиясын жоюу үчүн АКШ Борбор Азия менен кызматташуусу керек. Себеби, темирден уранга чейинки Борбор Азия мамлекеттердин байлыгы Пекинди өзүнө тартышы анык.
Адистердин пикиринде, Казакстандын талааларында, Тянь-Шань тоолорунда, Кыргызстан, Өзбекстандан Тажикстандын Памир тоолоруна чейинки аймактарда монацит, пирохлор, апатит, ксенотим, циркон, алланит жана колумбит сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдар жана минералдардын ири запасы табылган. Айрыкча, Казакстанда хром кенинин ири запасы бар, мындан тышкары, Казакстан уран кени боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. АКШнын Геология кызматы 2016-жылы жарыялаган тизмеде айтылгандай, Казакстанда 160, Өзбекстанда 87, Кыргызстанда 75, Тажикстанда 60 кен бар. АКШнын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Жон Хёрбст баалуу минералдар жана металлдар Батыштын бул аймактагы кызматташтыгынын дагы бир тармагы болушу мүмкүндүгүн белгилеген.
“Геостратегиялык жана гео экономикалык абалдар курчуган сайын бул сейрек кездешүүчү металлдар жана пайдалуу кендер үстүндө глобалдык атаандаштык күчөп барууда. Энергетикадагы глобалдык өзгөрүүлөр, өзгөчө, жогорку технология, жашыл экономика жана коргонуу тармагында ушул сейрек кездешүүчү металл жана минералдарга талапты күчөтүүдө”, “Борбор Азия республикалары суверендүүлүк жана көзкарандысыздыкты бекемдемекчи болушса, жанындагы ири мамлекеттерге таянып калбашы, аларга бул жактан да көз каранды болуп калбашы керек. Дүйнөлүк базардан туруктуу орун табуунун жолдору бар”, – деп айтылат Эл аралык салык жана инвестиция борборунун отчётунда.
Комментарий: Чындыгында, Борбор Азия аймагында колонизатор мамлекеттердин көзүн кызарткан минералдык ресурстар менен кен байлыктар мол. Ошондуктан, Батыш саясатчылары бул аймактын стратегиялык маанисин жана бул жерде экономикалык ири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин, ошол себептен да ага кайдыгер кароо мүмкүн эместигин баса белгилешет. Мындан тышкары, бул аймак колонизатор мамлекеттердин т.а. АКШ, Европа, Россия жана Кытайдын кызыкчылыктары кесилишкен маанилүү аймак болгондуктан да анын үстүндөгү колонизатордук күрөш күчөп барууда. Отчётто Россиянын бул аймак менен мамилеси эскирип калгандыгы айтылганы жана Кытай монополиясына өзгөчө басым жасалганы да ушуну көрсөтүп турат. Айрыкча, Кытай Борбор Азиянын мойнуна миллиарддаган доллардык карызды илип койгондугу АКШны тынчсыздандырат.
Тыянактап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылып жаткан дүйнөдөгү баскынчы мамлекеттер кайсы аймактан кен байлыктардын жытын сезип калышса, ач калган иттер сыяктуу дароо жетип барышууда. Борбор Азияда жогоруда аталган сейрек кездешүүчү кендер бар экендиги жана бул аймак стратегиялык жактан маанилүү экендиги баскынчы мамлекеттерди ушул аймакта таасирин күчөтүүгө үндөп жатат. Мындайда Борбор Азия мамлекеттери бир колонизатордун таасиринен кутулуп, башкасына тутула берет. Колонизатор мамлекеттер болсо, байлыктарды талап-тоноп, жергиликтүү калкты арзан жумушчу күчү катары пайдалана беришет. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар өз келечегибиз жана тагдырыбызды колонизаторлор менен алардын куурчагы болгон акимдерге тапшырып койбостон, бизди эки дүйнө бактысына алып баруучу исламий Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек. Халифалык мамлекети Борбор Азия эле эмес, бардык Исламий өлкөлөрдү бул колонизаторлордун ыпылас кадамдарынан тазалайт.
Абдурахман Адилов