Жакынкы Чыгышта кризистердин уламдан-улам алоолонушу жана бул жалындын кеңейип жатканы капыстыкпы же атайылап жасалуудабы?

3359
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Жакынкы Чыгышта кризистердин уламдан-улам алоолонушу жана бул жалындын кеңейип жатканы капыстыкпы же атайылап жасалуудабы?

 Устаз Ахмад Хутваний

Учурда Жакынкы Чыгыш региону жана анын аймактарында көптөгөн кризистер күч алууда. Фалестинде алоолонгон Газа согушу дүйнөнүн чар тарабына учкундап, Ислам дүйнөсүнүн бир нече аймактарына жайылган жалын пайда болду. Анын жайылышы Бабул Мандаб региону, Кызыл деңиздин түштүк бөлүгү, Африка мүйүзү, Яман жана Судан түштүгүнөн башталып, Иордания-Сирия чегарасына чейин, түндүктөн Түркияга о.э. Сирия жана Ирак менен чектеш аймактарга чейин жетти. Андан соң чыгышта Иран менен Пакистандагы Балужистан регионуна жол алууда.

Иран алдын ала эскертпестен Ирак түндүгүндөгү Эрбил шаарын бомбалап, ал жерде сионисттердин разведка борбору бар экенин айтты, ошол эле учурда, Пакистандагы объектилерди бомбалап, бул объектилер Пакистандагы Балужистан регионунда базалары жайгашкан Ирандагы жикчил уюмга таандык экенин айтты.

Ошол эле маалда, Ирак бийлиги Ирандын бомбалоосуна жооп катары өз элчисин Тегерандан чакырып алды жана Иран каршы БУУга арыз берди. Пакистан да Ирандагы Балужистан регионунда Пакистан жикчил жамааттарын катуу бомбалоо аркылуу Иранга жооп кылды. Андан кийин эки мамлекеттин ортосунда бомбалоолор маал-маалы менен болгон кагылышууларга айланды.

Иордания-Сирия чегарасында бир нече ирет кагылышуулар болуп, Иордания учактары бомбалоолорду жасады. Иордания бийлиги Сирия менен Иордания чегарасында контрабандачылардын аракетине каршы бомбалоолорду ишке ашыргандыгын айтты. Иорданиялык ишкерлердин божомол кылынган контрабандачыларга байланышы бар экендиги жөнүндө маалыматтар пайда болду.

Сирия жана Ирактын Түркия менен чектеш аймактарына келсек, күрд жикчил согушкерлери түрк күчтөрүнө чабуул кылып, бир нече түрк аскерин өлтүргөндөн кийин Түркия жооп катары бул согушкерлердин Ирак жана Сириядагы кеңселерин бомбалады. Түркия президенти Эрдоган: «Түркия террорчулар жок кылынганга чейин Ирак жана Сирияда аларга каршы күрөштү улантат», – деди.

Суданда Суверендүү кеңешинин төрагасы Бурхан жетектеген Судан армиясы менен анын мурунку орун басары Хамидатий жетектеген Ыкчам колдоо күчтөрү ортосунда кандуу согуш уланууда. Ырайымсыздык менен сокурларча уланып жаткан бул кагышылуу географиялык жактан аста-секин, туруктуу түрдө бир вилаяттан экинчи вилаятка жайылып, инсаний жоготууларга жана кырсыктарга себеп болууда.

Яманда Хусийлердин Кызыл жана Араб деңиздериндеги соода кемелерине ракета жана дрон чабуулдары уланууда. Хусийлер 1948-жылы басып алынган араб жериндеги яхудий вужудуна караштуу Эйлат портуна жол алган соода кемелерине чабуул кылышууда.

Сомалиге келсек, Эфиопия менен расмий таанылбаган жикчил Сомалиленд республикасы ортосундагы мыйзамсыз келишүү түзүлгөндүктөн жаңы кризис башталды. Түзүлгөн бул келишимге ылайык, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон Эфиопияга Сомалинин эң маанилүү портунун жанында узундугу 20 километр болгон деңиз порту элүү жылга ижарага берилет. Бул порт Эфиопиянын аскерий жана экономикалык базасына айланып, Африка мүйүзү региону Мисирге, Суданга, Сомалиге, Кызыл деңиздин түштүгүнө жана Бабул Мандабга коркунуч туудуруп, аларды курчап алат… Өз кезегинде, бул Эфиопиянын регионалдык масштабда олуттуу башламандыктарды келтирип чыгарат.

Ушул орунда суроо пайда туулат: бул кризистер эмне үчүн дал ушул убакта жалындап жатат? Булар атайылап жасалуудабы же субъективдүүбү? Алардын артында ким турат? Алардан көздөлгөн максат эмне?

Пайда болгон бул кризистр, чыр-чатак жана күрөштөр арасында Судандагы күрөшкө окшогон эски күрөштөр бар. Судандагы күрөш Европа жана Британияга көз каранды жарандык күчтөрдүн бийликке келишине жол бербөө үчүн Америка тарабынан күчөтүлүүдө. Америка учурда, айрыкча, Газа согушу менен алек болуп турганда бул күрөштү токтотмокчу эмес. Алардын арасында Хусийлер яхудий вужудуна жардам алып бара жаткан кемелерге чабуул кылышы сыяктуу Газадагы согуштун түздөн-түз натыйжасы болгондору да бар. Бул Америкага пайдалуу болуп жаткан күрөш болуп, Америка аны көзөмөлүндө кармап келүүдө. Америка бул кескиндиктерден яхудий вужудуна басым өткөрүүнү, Хусийлер Ямандын мыйзамдуу өкүмдарларына айланышы үчүн аларды күчтүү кылып көрсөтүүнү о.э. соода жана кеме каттамы маселесинде Европа жана Кытайды шантаж кылууну көздөгөн…

Иордания аскерий учактары Иордания-Сирия чегарасындагы аракети мыйзамсыз деп айтылып жаткан контрабандачыларды бир нече ирет бомбалаганына о.э. иорданиялык ишкерлер менен контрабандачылар ортосунда байланыш бар экендиги жөнүндөгү маалыматтарга келсек, бул окуялар регионалдык эмес, жергиликтүү көлөмгө ээ. Андан көздөлгөн негизги максат – Иордания режиминин кыянатын, Газага каршы кылмыштуу согушта баскынчы мамлекет менен тил бириктиргенин о.э. оор учурда Газа жана Фалестин калкын жардамсыз таштап койгонун жашыруу. Түркия чегарасында Сирия жана Ирак менен болгон кагылышуулардан көздөлгөн максат да Иорданиянын ушул максатына окшойт. Себеби, бул Фалестин маселесинен көңүл башка жакка бурууга, жаңы аталыштар, эң маанилүүсү терроризмге каршы согуш аталышы астында жаңы кризистерди пайда кылып, Түркияны алек кылууга багытталган. Пакистан менен Ирандын ортосундагы өз ара чабуулдар да ушуга окшойт. Күчтүү ыктымалга ылайык, бул чабуулдар Пакистан сыяктуу ири Исламий күчтү арзыбаган жана экинчи даражалуу маселелер менен чалгытуу үчүн уюштурулган окуялар.

Эфиопияга келсек, ал көптөн бери деңизге чыгууну пландап келүүдө. Ал Америка жана дүйнө Газа согушу менен алек болгонунан пайдаланып, расмий таанылбаган Сомалиленд республикасын Сомали мамлекетинен эгемендүү республика катары таануунун акысына Сомалинин Барбара портунун жанындагы деңиз портун ижарага алуу боюнча аны менен саясий келишимдерди түздү. О.э. Эфиопия бул ишти Британия малайы Эмираттар менен кызматташып, Британия менен келишип ишке ашырууда… Себеби, Америка учурда Британиянын, яхудий вужудунун жана Эмираттардын колдоосундагы Эфиопиянын үлкөн регионалдык арзууларын ишке ашырышына тоскоолдук кылууга эч бир нерсе таба албай жатат… Негизи, Эфиопия Британия, яхудий вужуду жана Эмираттар тарабынан колдоп-кубатталууда… Анын үстүнө, ал кызыкчылыктары бирдей болгондуктан расмий таанылбаган Сомалиленд менен да мамиле орноткон.

Туура, Америка учурда Жакынкы Чыгыш регионундагы жана анын аймактарындагы регионалдык кескиндикке кызыкдар эмес. Ал Жакынкы Чыгыш жаңжалы кеңейишин каалабайт жана аны Газага гана  чектөөнү каалайт. Бирок, бул кичине жаңжалдар АКШнын тышкы саясатынын стратегиялык даражасына таасир кылбайт о.э. анын белгилүү, тынчтык жана туруктуулукка далалат кылган өзгөргүс негиздерин бузбайт.

 

Роя гезити, №479, 2024-жыл, 24-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here