Үч тараптуу «Акаба саммити» жана анын зыяндуу саясий вакиълиги

186
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Үч тараптуу «Акаба саммити» жана анын зыяндуу саясий вакиълиги

Кызыл деңиздин жээгинде, эң маанилүү жээк боюндагы шаар эсептелген Акабада үч тараптуу саммит болуп өттү. Саммитке Иордания королу Абдуллах II, Мисир президенти Абдулфаттах Сисий жана Фалестин администрациясынын жетекчиси Махмуд Аббас катышты. Акаба шаары яхудий вужуду басып алган Эйлат шаарынан жана келгинди яхудийлердин эс алуу жайы болгон пляждан болгону жүздөгөн метр алыс жайгашкан. Саммиттин убагынын мааниси саммит өткөрүлгөн жайдын маанисинен аз эмес. Бул, 2023-жылы 7-октябрь окуяларынан кийин өткөрүлгөн алгачкы үч тараптуу саммит. Саммит АКШ мамлекет катчысы регионго сапар кылгандан кийин (бул окуя башталгандан бери бешинчи сапары), Газа секторунда токтобой уланып жаткан геноцид согушу күчөгөн учурда өттү. Биз бул макалада ушул саммиттин маңызына, Газада болуп жаткан окуялардын тушунда саммиттин акыбеттерине, саммит Блинкендин регионго жасаган акыркы сапарына байланыштуу экенине о.э. натыйжалар ачыкталган же сыр сакталганына карабастан, бул саммит кандай жыйынтыктарга алып келгенине токтолуп өтөбүз.

Үч тараптуу саммит жөнүндө сүйлөөдөн мурун ал жөнүндөгү саясий түшүнүк, анын натыйжалары дагы да ачык-айкын болушу үчүн Блинкендин регионго сапарын жана андан көздөлгөн максатты талдап, аны ушул саммитке байлоо керек. Блинкендин бир катар араб мамлекеттерин, Түркияны, яхудий вужудун жана Рамаллах администрациясын өз ичине алган регионго сапарын карап чыксак, ал бир нече саясий максаттар үчүн болгонун көрөбүз. Бул максаттардын бардыгы Фалестинде, өзгөчө, Газа секторунда болуп жаткан окуяларга, мисалы, согуштан кийинки жөнгө салуу иштерине байланыштуу максаттар болуп эсептелет. Согуштан кийинки жөнгө салуу иштери түздөн-түз Мисир режимине, жалпысынан, мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерге, калыбына келтирүү иштериндеги алардын ролдоруна байланыштуу. О.э. Ливан фронтунда жүзөгө келген кескиндикке, Иран хизбин Американын кескиндикке жол бербөө багытында сактап калууга же Батыш Жээктеги окуяларга, Батыш Жээк туурасында Нетаняху өкмөтүнүн пландарынан кооптонуп жаткан Иорданияга байланыштуу.

Акаба саммитине байланыштуу Блинкендин сапарынан көздөлгөн максаттардын эң маанилүүсү – яхудий вужудун Газа секторун басып алуу жана калкын көчүрүү пикиринен баш тартууга мажбурлоо үчүн ага басым өткөрүү. Анткени, Америка согуштук операциялар токтотулуп, Хамас кыймылы четтетилгенден кийин саясий жана аскерий вакиъликти өзгөртүүгө алып бара турган чыгуу жолу – Америка көз каранды режимдердин көзөмөлүндө жана жардамында Газа секторун Фалестин администрациясы көзөмөлүнө тапшыруу деп билет. Айрыкча, Америка яхудий вужуду согушту бат бүтүрө албастан, аскерий операцияны өзү каалагандай, Газа калкын көчүрүү жана түздөн-түз көзөмөлдү колго алууга мүмкүнчүлүк берген таризде бүтүрө албай жатканын көрүп турат… Бул жагдай яхудий вужудун согуштан кийин Американын жолун ээрчүүгө мажбур кылат жана Америка мындан пайдаланат. Муну менен Блинкен Рамаллахка барып, администрация жетекчисине административдик-саясий чараларды көрүү туурасында катъий тапшырмаларды берди. Фалестин администрациясы Газа секторун кайтарып алууга, яхудий вужуду Батыш Жээкте керектүү мүмкүнчүлүктү берсе, жагдайды кайра тартипке келтирүүгө даяр болушу керек. Ушул саясий максат т.а. Газа секторун администрацияга кайтаруу үчүн керектүү чөйрө жана шартты даярдоо алкагында «Акаба саммити» болуп өттү.

Корутунду билдирүүдө негизги этибар Газа секторундагы согушту токтотууга, катардагы адамдарды коргоо жана Газа секторуна гуманитардык жардамдардын жеткирилишин камсыздоо аталышы астында инсаний жоготууларды азайтуу үчүн басымды улантууга каратылды. О.э. билдирүүдө (израилдин) фалестиндиктерди Батыш Жээктен жана Газа секторунан көчүрүү планына каршы чыгуу зарыл экендиги, Газа секторунун айрым бөлүктөрүн кайра ээлөөдөн же ал жерде коопсуз зоналарды түзүүдөн эскертүү зарылдыгы о.э. яхудий вужудун эл аралык масштабда каралап, ага каршы чыгуу керектиги баса белгиленди. Мындан тышкары, Газа менен Батыш Жээкти бөлүүгө каратылган бардык аракеттер четке кагылышы, келгинди яхудийлердин агрессивдүү аракеттери жана Куддустагы ыйык жайлардын тебеленишин токтотуу маанилүү экендиги баса белгиленип, ал жердеги абал көзөмөлдөн чыгып кетиши, региондогу абал курчушу эскертилди.

Арийне, бул саммит Американын талабы менен өткөрүлүп, Американын Газа секторун Фалестин администрациясына кайтаруудан турган согуштан кийинки саясий максаты үчүн болду. О.э. саммит Газа калкын көчүрүү маселеси Мисир жана Иордания режимдери тарабынан четке кагылганы, чечим Американын согуштан кийинки көз карашында көөдөлөнгөн жана ортого салып жаткан чечим экендиги туурасында яхудий вужудуна кат жолдоо үчүн өткөрүлдү. Анткени, бул согуш токтоосун уланып жаткан кыргындар менен коштолуп, өкүмдарлардын кыянатына жана тил бириктирүүсүнө ачууланган коомдук пикирди жазна көчөлөрдү козгоп режимдердин тынчсыздануусуна себеп болду. Америка согуштан кийинки бул жараян «эки калк, эки мамлекет» долбооруна өмүр беришин каалайт. Бул долбоор эки таянычка т.а. Батыш Жээк жана Газа секторуна негизделет жана Газа секторун Фалестин администрациясына кайтарууну талап кылат.

Бул саммиттин согуштан кийинки абалды Америка каалаган багытка салуудагы саясий салмагы абдан аз. Тескерисинче, яхудий вужуду Американын талабына моюн сунуп, Газа секторун Фалестин администрациясына тапшырууга макул болсо же Америка бул ишти яхудий вужудуна жүктөөдө ийгиликке жетишкен учурда гана бул саммит салмактуу жана колдоп-кубаттоочу саммит боло алат. Акыйкатта болсо, яхудий вужуду аскерий операцияны кандуу жана массалык кыргын көрүнүшүндө бүтүрүүгө абдан аракет кылып, анын аброюн көтөрө турган ийгиликке жетүүгө умтулууда. О.э. ал согуштан көздөлгөн башка максаттарды, эң маанилүүсү, келечекте Газа секторунан боло турган ар кандай кооп-коркунучту алдын алууну каалайт. Бирок, массалык кыргын жолу менен Газа секторунда тирүү калган адамдардын бардыгын кууп чыгаруу «ыктыярдуу» көчүүнүн башка альтернативасы болбогон вакиъликке айлантты. Ал өз саясатын Америка менен түзүлгөн келишимдерге ылайык чектөөдөн качуу менен тартипке баш ийүү ортосунда улантууда. Бирок, ал, табигый болгондой, «Акаба саммитине» да, Газа секторундагы саясий жана аскерий вакиъликти өзгөртүү о.э. согушту ийгилик менен аяктоо зарылдыгы туурасында аны менен пикирлеш болгондорго да, согуштан кийинки тартип туурасында ага каршы болгондорго да маани бербей өз саясатын улантууда. Себеби, ал элди көчүрүп, Газа секторун кошуп алууну каалайт. Ал эми, алар (араб режимдери) жаңжалды токтотуу, яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу жараянын жана анын регионго интеграциялашуусун баштоо үчүн кожоюну Американын «эки калк, эки мамлекет» долбоору ишке ашышын каалашат. Америка анын дүйнөгө өкүмдарлык кылуусун камсыздаган, биринчи мамлекет макамын сактап кала турган о.э. мусулмандардын ойгонушуна тоскоолдук боло турган саясий, экономикалык жана аскерий долбоорлордо бул регион анын найзасынын учу болушун каалайт. Кытайга каршы турууда да Америка бул региондон пайдаланат. Араб режимдери да кыянаттык жана кайдыгерлик себептүү кулоо алдында турган тактылары үчүн тынчсыздануу булагына айланган маселенин бүтүшүн каалашат.

Тыянактап айтканда, бул саммит – мусулман өкүмдарларынын алсыздыгынын жана кордугунун бир көрүнүшү. Өкүмдарлардын кор болушуна себеп – алар Батыштын малайлары болуп, чечимди Америкага тапшырып коюшту. О.э. өлкө байлыктарын жана аскерий потенциалын Американын колонизаторлук багытына туткун кылып беришти… Акыйкатта болсо, Американын багыты яхудий вужудуна камкордук кылуу, Ислам Умматынан, анын өлкөлөрүнөн жана акыйдасынан өч алуудан турат. Демек, мусулман өлкөлөрүндөгү мындай кырсыктуу саясий вакиълик шартында Фалестин калкы үчүн кутулуу жолу мусулман калктарынын, күч-кубат ээлеринин аң-сезимдүү саясий жектекчилик артында аракетке келишинен турат. Ошондо бул саясий жетекчилик малай режимдерди кулатып, мусулман өлкөлөрүн Батыштын таасиринен азат кылат. Ал Ислам акыйдасына жана мусулмандарды шаръий өкүмдөр менен башкарыла турган кызыкчылыктарына ылайык өз алдынча чечим кабыл алып, Фалестинди азат кылуу жана яхудий вужудун жок кылуу үчүн тезинен аракетке келет.

 Роя гезити, №478, 2024-жыл, 17-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here