بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Эмне үчүн Америка мусулмандарга ачыктан-ачык душмандык кылып, алардын кыжырын козутуп жатат?
Устаз Хусайн Фаруқ
Америка мусулмандардын каршылыгына жана ачуусуна маани бербегени үчүн аларга ачыктан-ачык душмандык кылуудабы? Же бул фитна жана зулум-зомбулук кылуунун бир баскычыбы? Же Американы яхудий вужудунун кылмыштарын ачык эле колдоого жана ага бардык түрдөгү аскерий, саясий жана экономикалык жардамды көрсөтүүгө үндөгөн башка себептер барбы?
Америка саясатынын вакиълигине көз чаптырган киши ал начарлоо, төмөндүккө түшүү баскычында экендигин, чабуул жана кеңейүү баскычынан коргонуу жана чегинүү баскычына өткөнүн түшүнөт. Америка 2023-жылы 7-октябрдагы окуялардан мурун Кытай жана Россияга каршы күрөштү алып баруу үчүн өз күчүн топтоп жаткан. Америка өз калкы арасындагы болуп көрбөгөн бөлүнүүдөн, өлкөнү ичинен кулата турган экономикалык, ахлакый жана башка кризистерге кириптер болгон. “Акса ташкыны” учкуну Американын мусулман өлкөлөрүнүн борборундагы алдыңкы фронтто турган аскерий базасына коркунуч туудурду. Анын бул базасы – исламий өлкөлөрдүн бөлүнгөн абалда калышын камсыздап келе жаткан яхудий вужуду. “Акса ташкыны” операциясы Америка 21-кылымдын биринчи чейрегинде учураган жеңилүүлөрдүн кезектегиси болду.
Бул оор соккудан мурун Америка Афганистанда тарыхий аскерий жеңилүүгө учурап, жыйырма жылдык ийгиликсиздик баскынчылыктан кийин ал жерден чыгып кетти. Андан мурун Америка мусулмандардын ачуусун жана анын малайлары болгон мусулман өкүмдарларынын элди башкаруу жөндөмүн баалоодо ийгиликсиздикке учураган. Себеби, адамдар малай режимдерге каршы козголуп, Америка Ислам өлкөлөрүндөгү көзөмөлүн дээлдик жоготту. Андан мурун жүз берген дүйнөлүк финанслык кризис АКШ экономикасын дээрлик кыйратты. Андан да мурун Америка Ирак жана Афганистан согушунда чоң жоготууларга учурады. Мына ушул кризистердин башкы себепчиси – идеологиялык кризис. Бул кризисти Америка дүйнөгө алып чыккан жана дүйнөгө өкүмдарлык кылышынын негизги таянычы болгон капиталисттик мабданын кулашында көрүү мүмкүн…
Бул байма-бай күчтүү соккулар Американын туталануусунда маанилүү роль ойноду. Анын бул абалы «Бүгүндөн кийин эч кандай маска жок, себеби, убакыт калбай бара жатат, маска жана жалганга орун жок» деген сөздө өз тастыгын табат.
Түпкүлүгүндө, Америка өзүнүн эл аралык деңгээлин сактап калуу үчүн убакыт менен жарышууда. Ал өзүнүн ийгилиги саясатчылар ийгилиги себептүү эмес, атаандаш жана душмандарынын ийгиликсиздиги себептүү болгонун анык билет. Себеби, Америка кризистерден көп азап тартып жаткан болсо, душман жана атаандаштары андан да көп азап тартып жатышат. Анын эл аралык деңгээли үчүн күтүлүп жаткан чыныгы коркунуч – бул мусулмандар. Себеби, эгер мусулмандар Ислам мабдасын көтөрүп чыгып, Исламды жаңы рошид Халифалык мамлекетинде көөдөлөнтүшсө Америкага чыныгы коркунуч жаратышат. Ал малай мусулман өкүмдарларынын запасы түгөнүү алдында турганын жана малай режимдерди кулата турган чыныгы жаздын келиши жакын экенин билет.
Мусулмандар менен кагылышуу анык. Ошон үчүн, Америка исламий калктардын аң-сезими сезилээрлик даражада өскөнүн жана алдоо жараяны көбүрөөк убакыт жана күчтү талап кылып калганын көрүп-билип туруп, эмнеге мусулмандарды алдоого убара болуп күч жумшап жатат жана азайып бара жаткан убакытын текке кетирүүдө?
Эй, Ислам Умматы, эй, дүйнө калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн мусулмандар, кара мүртөздүктүн башы болгон бул Америка силер аны кыйратышыңарды түшүнүп жетти. Анын коркуусун курулай кыял эмес, акыйкатка айлантуунун убагы келди! Сайкс-Пико чегараларын бузуудан, малай өкүмдарларды кулатуудан, пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалык мамлекетиндеги бир халифа артында сап тартуудан башка чечим жок. Мына ошондо Америка Коопсуздук Кеңеши, вето, Эл аралык Валюта Фонду жана Бириккен Улуттар Уюмусуз артка чегинип, өзүнүн табигый көлөмүнө кайтат…
﴿إِلَّا تَنصُرُوهُ فَقَدۡ نَصَرَهُ ٱللَّهُ إِذۡ أَخۡرَجَهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ثَانِيَ ٱثۡنَيۡنِ إِذۡ هُمَا فِي ٱلۡغَارِ إِذۡ يَقُولُ لِصَٰحِبِهِۦ لَا تَحۡزَنۡ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَنَاۖ فَأَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَيۡهِ وَأَيَّدَهُۥ بِجُنُودٖ لَّمۡ تَرَوۡهَا وَجَعَلَ كَلِمَةَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلسُّفۡلَىٰۗ وَكَلِمَةُ ٱللَّهِ هِيَ ٱلۡعُلۡيَاۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ﴾
«Эгер, силер ага жардам кылбасаңар (Аллах Өзү ага жардам кылды). Аны кафирлер ал эки адамдын бири болгон абалында кууп чыгышканда, ага Аллах жардам берди берди эле го. Ошондо алар экөө үңкүрдө турган чактарында жолдошуна: «Кейибе, албетте, Аллах биз менен бирге», дегенде, Аллах ага көңүл токтук түшүрдү жана аны силер көрбөгөн аскерлер менен колдоп-кубаттады о.э. кафир кимселердин сөздөрүн пас кылып койду, Аллахтын сөзү гана жогору сөз. Аллах кудуреттүү, даанышман» [9:40]
Роя гезити, №478, 2024-жыл, 17-январь.