Дүйнөлүк аалымдар биримдиги: Армияларды Газага жиберүү парз!

3178
0

Дүйнөлүк аалымдар биримдиги: Армияларды Газага жиберүү  парз!

Дүйнөлүк аалымдар биримдигинин төрагасы Али Мухйиддин ал-Карадаа Газадагы кыргынга жана ачарчылыкка каршы мусулман өлкөлөрү армияларды Газага жөнөтүшү керектигин билдирди.

“Mусулман өлөкөлөрүнүн жетекчилери армияларды кыймылга келтириши керек. Бул жетекчилер үчүн парз! Согушка жол ачса дагы Газаны ачкачылыктан куткаруу диний милдет”, – деди Карадаа.

Аалымдар биримдиги буга чейин да кайрылуу жасап, Газадагы мужахиддерге курал-жарак жана аскер менен жардам көрсөтүү бардык мусулман жетекчилерине милдет экени эскертилген. Фатвада расмий саны 4 миллионго жеткен жана жылына 170 млрд доллар каражат бөлүнгөн армияларды казармаларда камап жатуу мүмкүн эместиги айтылган

7-октябрдан бери уланып жаткан “израил”дин баскынчылыгынан Газадагы шаарлар кыйрап, карапайым калк кыргынга алынууда. Ушул күнгө чейин 26000ге жакын жайкын тургун жөөттөрдүн чабуулунан улам шейит болду. Бул дагы жетпегендей, төрт тарабынан тосулган Газа калкы ачкачылык менен алп урушууда. Жөөттөргө дүйнөнүн чар тарабынан кемелер жана учактар менен курал-жаракка чейинки жардамдар жиберилип жаткан чакта, Газага жүк ташуучу унаалар кирген бирден-бир эшик болгон Рафах өткөрмө пункту жабык турат. “израил” өкмөтүнө жардам жибергендердин катарында  Түркия сыяктуу мусулман өлкөлөрү да бар. Түркия статистика комитетинин ырасташынча, Түркиядан “израил”ге согуштук ок-дары жана курал-жарактардын ордуна мылтыктын бөлүктөрү экспорт кылынып жатат. Калк жөөт товарларын бойкот кылып жаткан чакта, расмий бийлик болот жана мунай заттары сыяктуу стратегиялык товарларды жөнөтүүдө. Жалпысынан 7-октябрдан жыл соңуна чейин 701 кеме толо жүк жөнөтүлгөн.

Палестина бейөкмөт уюму (PNGO) ырасташынча, Түндүк Газадагы  калктын негизги азык-түлүккө болгон муктаждыгы кызыл чекитке жетти. Ачарчылыктан улам жарым миллион калкты өмүрү коркунуч астында турат. А түгүл, айрым ымыркайлар суук жана ачкалыктан улам курман болгону тууралуу кабарлар да чыкты.

Ал эми, дээрлик төрт айдан бери Рафах өткөрмө пунктун жабык кармап турган кыянатчы Миср президенти гуманитардык жардамдарга “израил” тоскоолдук кылып жатканын билдирди. Муну менен эле чектелбестен, 14 чакырымдык чек арадагы жүздөн ашык туннелди жаптырганы белгилүү болду.

Ал арада АКШ аймактагы согушту токтотуу үчүн Миср жана Катар менен бирге 90 күндүк планын жарыялады. Ага ылайык, эки тараптагы туткундар толук алмаштырылат. Андан соң, “израил” толугу менен Газа аймагын таштап чыгат жана ок атышуу токтотулат. Бул планды ишке ашыруу үчүн Байдендин кеңешчиси Бретт Макгерк Жакынкы Чыгыш сапарына даярданууда. Расмий кабарларга ылайык, “израил”дин учурдагы премьер-министри бул планга каршы пикирин билдирсе, оппозиция лидерлери АКШ планын жактай турганын айтып чыгышты. Согушту токтотууну Хамас колундагы туткундардын туугандары да талап кылып, өкмөткө каршы акцияларды уюштурууда.

Ал эми, Газадагы мужахиддердин расмий сүйлөөчүлөрүнөн болгон Киланий, ок атышууну токтотуу боюнча расмий сунуш келбегенин, мужахиддер ок атышууну дайымий токтотуу сунушу болгондо гана сүйлөшүү башталаарын, убактылуу сүйлөшүүлөр четке кагылаарын билдирди.

Өкүнүчтүүсү, аалымдардын чакырыктары, Газадагы калктын кыргын кылынышы, а түгүл тобу менен ачкалыкка таштап коюлушу мусулман жетекчилерин жана армияларын кыймылга келтирбей жатат! Баскынчы жөөттөр болсо алардын кыянаттыгынан кайраттанып, палестиналыктарды кыргынга алууда. Анткени, алардын бул кылмышын эсеп-китеп кыла турган бирер жетекчи табылбай жатат.

Ал эми, үммөт, аалымдар жана жамааттар өз милдеттерине ылайык чек араларды ачууну, кошуундарды сапарбар кылууну талап кылышууда. Анткени, Палестина Исламий жер болуп, аны кайтарып алуу важиб экендиги ар бир мусулманга маалым. О.э. ал жер Аллахтын уруксаты менен албетте кайтарып алынат. Алла Таала айтат:

“Ал китеп ээлери болгон каапырлар (зулум кылган) турак жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмес элеңер. Алар болсо өздөрүн Алладан сепил-коргонубуз сактайт деп ойлошту. Алланын азабы болсо аларга күтпөгөн тараптан келди жана алардын жүрөгүнө коркунуч таштады. Алар өздөрүнүн жайларын өз колдору менен жана да момундардын колдору менен талкалап-бүлүнтүштү. Эй, акыл-эс жүгүрткөндөр! Мындан үлгү-сабак алгыла! (Хашр: 2).

Ушундай болгон соң, эй кошуун жетекчилери! Бардык нерсеге кадыр болгон Аллага гана таянгыла! Анын аяттарынан ибрат алгыла! Алланын жардамына ишенгиле жана кыянатчы, каапырлардан жана саткын акимдерден жүзүңөрдү бургула!  Чыныгы күч-кубат Батышта эмес, Алланын алдында экенин унутпагыла!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here