Кыргызстанда Ислам академиясы түзүлөт

2691
1

Кыргызстанда Ислам академиясы түзүлөт

Кыргызстанда Ислам академиясы түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Аталган министрликтин сайтында 9-январда чыккан кабарга ылайык, президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка 28-декабрда кол койгон.

Кабарда айтылгандай, аталган академия теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүүдө дүйнодө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлөт.

Ислам академиясына кабыл алуу жана окутуу республикалык бюджеттен  жана жогорку окуу жайларына бөлүнгөн гранттар менен ишке ашырылат.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиандык багыттагы уюмдардын саны 399.

Комментарий: Капиталисттик түзүм негизинде башкарып, Ислам түзүмү негизиндеги башкарууну катуу четке каккан өкмөттүн “Ислам академиясын” түзүүдөн көздөгөн максаты, шек-күмөнсүз, демократиялык башкарууну актай турган “аалымдарды” чыгаруу. Себеби, өкмөт мындай академияларда билим алып жаткан мусулман жаштарга “динди турмуштан ажыратуу” сыяктуу Батыш түшүнүктөрүн сиңирүүгө олуттуу аракет кылат.

Албетте, мындан коздөлгөн максат нукура исламий пикирлерге каршы күрөшө турган жаштар катмарын пайда кылуу. Бул аркылуу мусулман жаштарды чыныгы Исламдан чалгытып, аларга Батыш көтөрүп чыгып жаткан “диндер аралык диалог”, “башка диндерди урматтоо” деген түшүнүктөрдү камтыган “мээлүүн Ислам”ды окутат. Себеби, “мээлүүн Ислам” мусулмандарды учурдагы куфр коомчулугу менен үндөш жашоого үгүттөйт. Натыйжада жаңы жыл, нооруз сыяктуу майрамдарды белгилөө арам эместигин, же муслима кыздар мектеп формасын кийиши керектигин шаръий таъвилдер менен далилдөөгө аракет кыла турган “диний аалымдар” пайда болот. Мындан да жаманы, Газадагы сыяктуу, мусулмандар массалык түрдө кыргын кылынып жатса да сүкүт сактап туруучу, Аят жана Хадистерди таъвил кылып, өкмөттүн шариятка тескери иштерине шаръий жолдорду издеп табууга аракет кылуучу аалымдар пайда кылынат.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө кыргыз бийлиги Исламды толук котөрүп чыгып жаткан мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн демократиялык башкарууну жактай турган аалымдар менен диний жетекчилерге аябай муктаж. Себеби, ошондой аалымдар жардамында  мусулман калкка “демократиялык башкаруу Исламга тескери эмес” деп сиңирүү о.э. демократиялык башкарууну четке кагып, Исламий башкарууну талап кылып жаткан мусулмандарга каршы “радикал” же “экстремист” деген аталыш менен күрөшүү оңой болот.

Биз бул аркылуу Исламий билим берүүчү мекемелер көбөйүшүнө каршылык көрсөтүп жаткан жокпуз. Болгону, ал жерде Ислам кандай көрүнүштө окутулуп жатканына көңүл бурууга чакырабыз. Себеби, Ааламдардын Роббиси түшүргөн Ислам бирөө гана, андан башка “радикалдык Ислам”, “экстремисттик Ислам” жана “мээлүүн Ислам” деген терминдер мусулмандарды чалгытуу үчүн Батыш ойлоп тапкан айла-амалдар болуп эсептелет. Ушундай болгон соң, мусулмандар мындай долбоордун курмандыгына айланып калбастык үчүн ар түрдүү саясий айла-амалдарга алданбастан, өз динин жакшылап үйрөнүп, түрдүү ажырымдарга себеп боло турган долбоорлордун маани-маңызын түшүнүп жетиши керек. Бул болсо, бардык мусулмандардан калыстык менен ыйманий мухитти бекем карманууну талап кылат.

Абдурахман Адилов

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here