Пакистандын аскерий жана саясий жетекчилиги АКШнын буйругуна моюн сунуп, Кашмирди азат кылуу күрөшүнөн баш тартууда жана индус мамлекети менен мамилелерди нормалдаштырууга, Кашмир маселесин жабууга даярдык көрүүдө

3337
0

Басма сөз баянаты

Пакистандын аскерий жана саясий жетекчилиги АКШнын буйругуна моюн сунуп, Кашмирди азат кылуу күрөшүнөн баш тартууда жана индус мамлекети менен мамилелерди нормалдаштырууга, Кашмир маселесин жабууга даярдык көрүүдө

2023-жылы 11-декабрда Индия жогорку соту Модинин Кашмирди индус мамлекетине мажбурий кошуу туурасындагы иш-аракетин көпчүлүк добуш менен макулдады жана Кашмирде шайлоолор 2024-жылдын сентябрына чейин өткөрүлүшүн жарыялады. Индус мамлекети 2019-жылы август айында Кашмирди мажбурий кошуп алган. Бирок, Индия бул нерсеге өз күчү менен эмес, Пакистан жетекчилигинин жардамында жана ошол кездеги Пакистан армиясынын командачысы генерал Бажванын Кошмо Штаттарга сапар кылышы артынан жетишти. Ал жерде Бажвага бул туурасында буйрук берилген. АКШнын бул саясаты себептүү бир нече ай ичинде индус мамлекети көзөмөл сызыгында ок атууну токтотуу сыйлыгы менен сыйланды. Ошентип, Америка индус мамлекетинин батыш чегарасында Пакистан армиясынын арстандарынын чабуулуна учурабашын камсыздады. Бул болсо, Индияга Кытай менен чектешкен чыгыш чегарага көңүл буруу мүмкүнчүлүгүн берди. Американын ушул саясатына ылайык, Индия жогорку соту учурда бул мажбурий кошуп алууну макулдады. Кудум Индия жарым аралындагы хиражий жерлер кандай болбосун корголушу керек болгон исламий жерлер эместей, бир да ок атылбастан душманга тапшырылды.

Ислам Умматынын проблемасы экономикалык сенектик, аскерий кубаттын жоктугу, сан, техника, технология же ресурстардын жетишпестиги эмес, проблема Исламий жетекчиликтин жоктугунда. Анын ордуна Умматка мусулмандардын иштерин Батыштын буйругуна ылайык башкарган жетекчилер өкүмдарлык кылышууда. Ушундан улам, мусулман өкүмдарлары Газа мусулмандарын колдоп-кубаттоо үчүн бир да ок атышкан жок. Себеби, алардын оюнда, ал тургай, коркок яхудийлер да өтө күчтүү. Ошентип, Моди Кашмирди басып алды, Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилиги ага каршы бир да ок аткан жок. Индус мамлекетинин мажбурий аннексиясына Пакистандын рувайбиза өкүмдарлары эч кандай аскерий жооп кайтарган жок. Андыктан, Сринагар жана Газа ушинтип оңой эле душмандын колуна тапшырылган соң, Лахор, Каир жана Амман корголобу?! Бул кандай акыл-ой?! Бул кандай система?! Бул кандай пикир?! Согуш мусулмандардын душмандары үчүн гана жаиз болуп, бирок мусулман куралдуу күчтөрү үчүн харамбы?! Алар – Аллахка, Анын Расулуна жана момундарга кыянаттык кылышып, өз кыянаттарын жашыруу үчүн күчсүздүктү шылтоолошуп мусулмандардын жерлерин душмандарга тапшырып жаткан саткын мусулман өкүмдарлары.

Эй, Пакистан куралдуу күчтөрү!

Мына, БУУ түпкүлүгүндө кандай уюм экендиги силерге жана баарына ачык көрүнүп, ал Американын колундагы куурчактан башка нерсе эместиги сыр болбой калды. Көрүүнү жана угууну каалабагандар гана бул акыйкатты билбей жатышат. Жетиштүү айтылды, эми аракет кылуунун убагы келди. Батыш силерди өлкөнүн батышындагы чегаралардагы фитна согушка багыттоо аркылуу өлкөнүн чыгышындагы чегараларды тынчтандыруу менен алек. Максат – индус мамлекети Америка менен биргеликте Кытай кубатына каршы турушу. Күн өткөн сайын Америка индус мамлекетин силерге каршы куралдантууда. Күн өткөн сайын Батыш дүйнөсү силерди алсыратып, индус мамлекетин бекемдөөдө. Бул мусулман өкүмдарлары силерден индус мамлекетине моюн сунуп, моюн сунушуңарды талап кылышкандай, эми мусулмандардын алсыздыгын шылтоолоп, мушрик индустар менен мамилелерди нормалдаштырууну талап кылышат. Ошентип, Пакистан аскерий жетекчилиги Пакистан жана Индиядагы шайлоолордон кийин Кашмир маселесин жабуу буйругун алуу үчүн Америкага бет алды. Аллах Таала айтат:

﴿وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا إِلَى شَيَاطِينِهِمْ قَالُوا إِنَّا مَعَكُمْ إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ

«Алар ыйман келтиргендерге жолугушканда: «Биз да ыйман келтирдик», – деп айтышат. Өздөрүнүн шайтандары (башчылары) менен жалгыз калышканда: «Биз албетте силер менен биргебиз, болгону (алардын үстүнөн) күлүп жатабыз», – дешет»                                  [2:14]

Эй, Пакистан куралдуу күчтөрү! Өкүмдарлардын Умматтын кызыкчылыктарына кыянаттык кылуусун токтотпоо менен алардын күнөөлөрүнө шерик болосуңар. Себеби, силерде күч-кубат бар. Ошондуктан, өкүмдарларды кекиртегинен алып, колдорунан кармап калгыла. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге жардам бергиле! Себеби, Пакистандын офицер жана аскерлери тарабынан таштала турган күчтүү кадамды Пакистан да, Ислам Умматы да ынтызарлык менен күтүшүүдө. 2019-жылы 27-февралда силер бир эле күчтүү кадамды шилтешиңер душмандын жүрөгүнө коркуу салып, аны тынчсыздантып койгон. Ошондо силер Сушма Свараж жана Модиге чыныгы ордун эске салып койгонсуңар. Демек, тургула, пайгамбарыңар Мухаммад ﷺдын сүннөтүн ээрчигиле. Себеби, Мадина Мунавварада мамлекет тикеленгенден кийин Расулуллах ﷺ айланадагы араб уруулары менен согушуп мамлекеттин кубатын бекемдеди. Расулуллах ﷺ он жыл согушта мусулман кошуунуна командачылык кылды. Пайгамбар ﷺ азиздик жихад менен ишке ашарын жана ал Ислам өлкөсүнүн чокусу экенин баян кылды. Кашмирдеги ага-инилериңер жана эже-карындаштарыңар силерге кайрылууда. Аларды колдоп-кубаттоо жана аларга жардам берүү – силердин милдетиңер. Силердин алдыңарда аракет планы анык. Силерди халифа согушка башташы жана душмандарыбызга Ислам өкүмдарлык кылышы үчүн Халифалыкты тикелегиле! Аллах Таала айтат:

﴿وَاللهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»                                                                                                                                     [12:21]

Хизб-ут-Тахрирдин

Пакистандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here