Бишкектеги ШКУ саммитинде эмнеге жетишилди

2326
0

Бишкектеги ШКУ саммитинде эмнеге жетишилди

Бишкекте 26-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Ага Беларустун, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Индиянын, Пакистандын өкмөт башчы жана өкүлдөрү катышты.

Саммитти өкмөт башчы Акылбек Жапаров алып барып жатып, ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жолдорунун кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилгенин белгиледи. Буга кошумча, саммиттин жыйынтыгы менен 14 документке кол коюлду.

Ал эми, Орусия өкмөт башчысы Транспорт тармагында байланыштарды кеңейтүү негизги багыттардын бири экенине токтолду. Анын айтымында, Орусия жүктөрдү жеткирүүдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ача турган “Түндүк — Түштүк” жана “Батыш — Чыгыш” транспорттук-логистикалык стратегиялык долбоорлорду баштады.

Демек, ШКУга мүчө мамлекеттердин арасында Кытайдан башталган жүк ташуучу маршруттар боюнча кызыкчылыктар бири-бирине карама-каршы келет. Ошондуктан, Орусия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбооруна ар кандай каршылыктарды пайда кылып келүүдө. Мунун каршысында, өз кызыкчылыгына туура келген долбоорлорду сунуштап жатат.

Кытайдын өкмөт башчысы өз кезегинде, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички иштерине тыштан кийлигишүү аракеттерине чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүү керектигин билдирди.  “Эң алгач аймактык коопсуздукту бекемдөө маанилүү. Тышкы кийлигишүүгө жана блоктук конфронтация аракеттерине чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүү керек. Коопсуздукка коркунуч жараткан учурларга ШКУнун чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы бар”, — деди өкмөт башчы. Муну менен Кытай Батыш санкцияларына каршы турууда аймактагы өлкөлөрдү өз айланасына топтоого аракет кылып жатканын көрсөтүүдө. Башкача айтканда, өзүнө келе турган экономикалык кыйынчылыктардын жүгүн бөлүштүрүүнү максат кылууда.

Ал эми, саммиттеги жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаров, дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарылдыгын белгиледи. “ШКУнун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн позитивдүү ролун айткым келет. Ал терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө компетенттүү органдардын кызматташтыгына зарыл көмөк көрсөтүүдө”, – деди Жапаров. Президент сөзүнүн аягында, Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесине дагы бир жолу токтолду.

Белгилүү болгондой, ШКУнун башкы милдеттери катары терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафика менен күрөш белгиленген. Уюм “Терроризм жана экстремизмге” каршы күрөшүүнүн алкагында Исламга жана исламий жамаааттарга каршы күрөшөт. Муну менен Халифалыктын кайтып келишине тосук коймокчу. Ал эми, “Сепаратизмге каршы күрөшүү”нүн запкысын да мусулмандар тартып жатышат. Мисалы, Орусияда кавказ мусулмандары, ал эми Кытайда уйгур мусулмандары “сепаратизм” курмандыктары болушууда.

Демек, Кыргызстан жылдар бою Бишкекте ачууну суранып келген эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун негизги иши “терроризм” шылтоосу астында мусулмандарга каршы күрөшүү болуп калмакчы. Мунун артынан болсо Ислам коомго терең кирип келбеши үчүн, калкта динге шек менен карай турган түшүнүктү калыптандыруу максат кылынат. Андыктан, Кыргызстан мусулмандары мындай ыплас иштерди алып бара турган борбордун Бишкекте түзүлүшүнө каршы туруубуз керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here