Кытайдын өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет
24-25-октябрда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Сапардын алкагында, Бишкекте 26-октябрда өтө турган ШКУнун өкмөт башчыларынын саммитине да катышат.
Маалыматка ылайык, расмий сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлат. О.э Ли Цян Бишкектеги Кытайдын маданий борборунун ачылышына катышат.
Эске салсак, 2023-жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарында Пекинде кыргыз маданий борборун, Бишкекте кытай маданий борборун түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Буга чейин Министрлер кабинети Кытайдын Гонконг жана Макао аймактарынын жарандарына Кыргызстанга бир апта визасыз кирүүгө уруксат берген.
Кытайдын Кыргызстандагы таасири тездик менен артышына негизги тосук өлкөдөгү мусулмандардын Кытайга каршы пикири болууда. Мындан улам, Кытай акыркы кезде сакофий таасирин арттырууга, Кытайды баскынчы катары караган пикирди өзгөртүүгө басым жасап жатат. Буга Кытай тараптан аталган тармакка ири каражаттар бөлүнүп, Кытайды даңазалаган фильмдердин тартылышы да мисал болот.
Түпкүлүгүндө, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандардын кызыкчылыгына каршы келерин унутпашыбыз керек. Айрым инфраструктураны жакшырткан долбоорлорго алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Буга кошумча, Кытайдан алынган кредиттер кайра эле өз компанияларына жумшалат. Бишкек ЖЭБин оңдогон, жол курган компаниялар буга ачык мисал.
Кыргыз өкмөтүнүн Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат. Анын Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору же атайын келишим аркылуу орнотуп жаткан камералары эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Эгер чындап коопсуздугубуз көздөлсө, аны мамлекет өзү да ишке ашыра алмак.
Демек, бийлик ээлери бул долбоорлор аркылуу кытайлыктардын биздеги маалыматтарды алып чыгып кетишине жол ачып берүүдө. Бул болсо, учурунда Кытайдын баскынчылык саясатына кызмат кылат. Эгер Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакофий колониясына айланса, мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салган, миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылган жылма саясаты бул аймакта да колдонулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар бою аймакта сакофий таасирин жаюу менен убара болгон. Себеби, калктын пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!
Мумтаз Маверанахрий