Ислам мамлекетинде фармацевтика өнөржайы

2407
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Ислам мамлекетинде дары-дармек жана фармацевтика өнөржайы

Ислам мамлекетинде фармацевтика өнөржайы

  Бүгүнкү дүйнөдөгү саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө ойлонгон ар кандай киши – технология ушунчалык өнүккөнүнө карабастан – адамдын саламаттыгына тиешелүү көйгөйлөр көбөйүп бара жатканына күбө болот. Мунун себеби, бүт дүйнөгө өкүмдар болуп алган капитализмге барып такалат. Анын терс таасири ал тургай саламаттыкты сактоо жана фармацевтика өнөржайына да жетип барган. Дары-дармек жана аны өндүрүүчү өнөржай ар кандай элден алуу мүмкүн болгон илимден болсо да, бирок, Батыштын төмөн мабдаъсы фармацевтика өнөржайына да терс таасирин тийгизди. Ошондуктан, Батыштагы фармацевтикалык компаниялардын шерменделүү фактылары аябай көп. Клиникалык сыноонун натыйжаларын бурмалоо жөнүндө айтпасак деле жетиштүү. Ошондуктан сыноодон өткөрүп, адамга коопсуз экендигин жакшылап текшермейинче, Батыш чыгарган дарыларга таптакыр ишенүүгө болбойт. Иштеп чыгаруу техникаларынан пайдаланууга болот. Себеби алар илим-фанга тиешелүү иштерден болуп, мамлекетте аларды кабыл алуу жана зарылдыкка карай өнүктүрүү мүмкүн. Ислам мамлекети биринчи күндөн баштап дары-дармек өндүрүүдө жана аны мамлекеттин бардык жарандарына жеткирип берүүдө төмөнкү чекиттерге негизделген стратегияны кабыл алышы керек:

– Ислам мамлекетиндеги ишканалар, анын ичинде фармацевтикалык фабрикалар аскерий өнөржай негизине курулат. Ошондуктан, фармацевтикалык фабрикалар – алар жеке жактарга, же мамлекетке караштуу экендиги айырмасыз – аскерий өнөржайдын талаптарына ылайык өзгөчө дары каражаттарын, биологиялык куралдарга каршы вакциналарды мүмкүн болушунча ири өлчөмдө жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чыгарууга дайым даяр турушат.

 – Дары-дармектерди өндүрүүдө өзүн-өзү камсыздашы үчүн убакыт планын түзөт. Себеби, бул негизги муктаждык. Дары-дармектердин жетишпестиги же жоктугу мамлекетти чет өлкөдөн сатып алууга мажбур кылат. Бул болсо, мамлекетти кафир мамлекеттердин шантажына, басымына дуушар кылат.

– Мамлекет дары-дармек өндүрүү жана медициналык ачылыштарды жаратуу тармагындагы илимий изилдөөлөрдү каржылоо үчүн бардык материалдык мүмкүнчүлүктөрдү ишке салат. Айрыкча, өнөкөт оорулар үчүн вакциналарды чыгаргандарды жана  дарылоо усулдарын ойлоп тапкандарды байтулмал тарабынан жакшылап шыктандырат.

 – Мамлекет интеллектуалдык менчик жана патенттеп алуу сыяктуу илимий монополиянын бардык көрүнүштөрүнө тыюу салат. Анын адамзатка болгон зыянын көрсөтүү аркылуу буга каршы эл аралык деңгээлде күрөшөт.

 – Мамлекет эпидемиялар менен күрөшүү боюнча келечек пландарын иштеп чыгышы о.э. саламаттык үчүн кырсыктарга каршы күрөшүү механизмин жаратышы керек.

 – Илимий борборлор, университеттер, ооруканалар жана иштеп чыгаруучу компаниялар арасында кызматташтык болушу керек. Анткени бул аркылуу, мамлекеттеги фармацевтика өнөржайы коомчулуктун чечүүгө муктаж болгон чыныгы көйгөйлөрүнөн ажырап калбайт.

 – Дарылык касиети бар өсүмдүктөр же деңиздеги организмдер сыяктуу Аллах Таала бизге берген табигый булактардагы пайдалуу дабалоону издөө менен алектене турган топографиялык топторду түзүш керек. Анткени, өлкөлөрүбүз табият жаралгандан бери түгөнгүс табигый байлыктарга ээ.

 – Дары каражаттарын чыгаруу үчүн зарыл болгон сырьё менен камсыздоо жаатында иштер жүргүзүлүшү керек.

  Ислам мамлекетинде фармацевтика өнөржайы элдин муктаждыгын камсыздоо менен эле чектелип калбастан, биринчи күндөн баштап кырсык жана өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү, ядролук реактор кырсыгы, пандемия же аскерий муктаждыктар үчүн дары-дармектер жана алгачкы медициналык жардам материалдарынын стратегиялык запасын камсыздоого аракет кылат. Мусулмандардын өлкөлөрүндө маддий жана адам ресурстары жамдалгандыгы жана түрдүү тармактарда көптөгөн ыйгарым-укуктар бар экендигин эсепке алсак, саламаттыкты сактоо жана андан келип чыгуучу фармацевтика өнөржайындагы инновациялар жолунда эч кандай тоскоолдук болбойт. Тез арада адамзат капитализм түзүмү алдында башынан өткөргөн айыкпас оорулардын бардыгын жоготууга шарт түзүлөт. Ислам мамлекети Аллахтын уруксаты менен ар түрдүү оорулардан шыпаа үмүтүндөгү кишилердин кыбыласына айланат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here