Идлибде кан төгүлүшүн мамилелерди нормалдаштыруучулар жана эл аралык коомчулук эмес, балким, рошид Халифалык токтотот

1782
0

Маалымат билдирүүсү

Идлибде кан төгүлүшүн мамилелерди нормалдаштыруучулар жана эл аралык коомчулук эмес, балким, рошид Халифалык токтотот

Хомстогу аскерий коллежде өткөрүлүп жаткан бүтүрүү аземинде учкучсуз самолёттор менен уюштурулган чабуул кеминде 89 кишинин өмүрүн алды. Бул чабуулдан кийин кылмышкер режим жана ага кызмат кылган күчтөр акыркы бир нече күн ичинде Идлиб жана Халабга жакын 15 айыл жана шаарга артиллерия жана ракета чабуулдарын жасады. Чабуулдар базарларга, турак-жай жана мектептерге да таасир этти. Жарандык коргоо министрлиги жана электр станциясы чабуулга учурагандыктан, көптөгөн аймак жана шаарлар караңгылыкта калды.

Бул үрөй учурган чабуулдар натыйжасында 81 тынч жарандар, алардын катарында 27 жаш бала жана 19 аял жараат алды. Бейшемби жана жума күндөрү болжол менен 15 киши курман болду. Ошол эле учурда, өтө көп ракеталардын түшүшү көпчүлүктүн, айрыкча, түндү үйлөрдүн тепкичи астында уктап өткөргөн жаш балдардын коркууга түшүүсүнө себеп болду. Мына, эл аралык коомчулуктун атайылап сүкүт сакташы фонунда Араб Лигасындагы өз ордун кайра ээлеген кылмышкер режимдин колунан күнөөсүз кишилердин каны дагы эле агып турат. Мына, малай режимдер Шам тогуту менен мамилелерди нормалдаштыруу жарышка түшкөндөн кийин алардын жүздөрү ачылып калды. Булардын бардыгы Шам козголоңун жаңы баскычка көчүрдү. Бул баскычта дүйнө турмушун каалагандар Аллахты жана ахиретти каалагандардан ажыралып калат. Аллах Таала айтат:

﴿الم * أَحَسِبَ النَّاسُ أَنْ يُتْرَكُوا أَنْ يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لاَ يُفْتَنُونَ * وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ

«Алиф, Лам, Мим. Адамдар: «Ыйман келтирдик» дешээри менен гана, сыноо кылынбастан таштап коюуларын ойлоштубу?! Акыйкатта болсо, Биз алардан мурдагы  (ыйман келтирген дардык) кишилерди сынаган элек го! Анан (ушул сыноонун жардамында) албетте Аллах («Ыйман келтирдик» деп) чын сүйлөгөн кишилерди да, жалганчы адамдарды да анык билет»                                                                                                                                       [29:3]

Мына, азат кылынган Идлиб жана анын четки аймактары мубарек козголоң негиздерине, берилген жана дагы да берилип жаткан курмандыктарга садыктыгы төлөмүн төлөп жатышат. Эл аралык коомчулуктун этибарсыздыгы фонунда Сирияда жүз берип жаткан окуялар калктын кайратын сындыруудан жана козголоң жалынын өчүрүүдөн башка нерсе эмес. Себеби, ички жана тышкы тил бириктирүүлөр натыйжасында козголоң туш келип жаткан кыйынчылыктарга карабастан о.э. Шам тогутунун козголоң жылдарында колдон кеткен аймактарды кайра көзөмөлүнө алышына алып келген бир катар конференция жана келишимдер аркылуу кафир Батыш козголоң үстүнөн көзөмөлдү күчөткөнүнө карабастан, анын оту күчөп жатат.

Азат кылынган аймактарда диндеш боордошторубуз башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды эсепке алып, Шам башкесери менен мамилелерди нормалдаштырган жана нормалдаштырып жаткан бардык саткын режимдерге мындай дейбиз: Мубарек Шам жеринде күнөөсүздөрдүн пакиза кандары дагы эле агууда. Демек, актоону токтоткула! Ырайымсыз согуш машинасынан Шамдагы балдар жана аялдар кандай азап-кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрбөй жатасыңарбы?! Эй, адамдардын кыйынчылыктарына, көз жаштары жана төгүлүп жаткан кандарына кайдыгер болгондор, силерди да, түгөнүп жаткан режимди да таптакыр актап болбойт. Себеби, силердин негизги ишиңер Шамдагы калыс жана таквадар кишилердин кайратын сындыруу, алардын жүрөгүндөгү козголоң рухун өчүрүү жолунда ишбашчыларыңарга моюн сунуу болуп калды.

Баарыңарга айтабыз, биз тил бириктирген, кыянат кылган жана мусулмандар канына баткан малай режимдерден о.э. эң жогору даражада эки жүздүүлүк кылган эл аралык коомчулуктан мусулмандарды куткарууну күтпөйбүз. Шам Сириясы, жардамсыз калаган Газа, кайгыга баткан Яман, бөлүп-жарылган Судан, Афганистан, Мали, Чыгыш Түркистан, Кашмир жана булардан башка мусулман өлкөлөрдөгү мазлумдарга жардам берилиши да алардан күтүлбөйт.

Күч-кудурет ээлери болгон калыс кишилерге, курмандык берген жана курмандык берүүнү улантып жаткан калк базасына кайрылып, мындай дейбиз: Исламий турмушту кайра баштоо жана рошид Халифалыкты тикелөө үчүн иш алып барып жаткандарды колдоп-кубаттагыла. Халифалык бүткүл дүйнө үчүн пайдалуу болгон чечимдин ядросу. Анткени ал, Аксаны жана бардык мусулман өлкөлөрдү бузгунчу кафирлер өкүмдарлыгынан азат кылат, Умматтын улуулугун жана Анын душмандар жүрөгүндөгү айбатын кайра тикелеп, Аны бириктирет. Халифалык Расулуллах ﷺ тикелеген мамлекеттин улантуучусу болуп, Ал зат бул жөнүндө:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», деп башарат берген.

 

Хизб-ут-Тахрирдин борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here