Кесиптик өнүгүү жана үзгүлтүксүз таалим аркылуу нормаларды сактоо

3516
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Саламаттыкты сактоо жаатындагы маселе жана коидалар

Кесиптик өнүгүү жана үзгүлтүксүз таалим аркылуу нормаларды сактоо

  Университеттик деңгээлде саламаттыкты сактоо тармагынын адистери үчүн таалимди даярдоо менен бир катарда саламаттыкты сактоо адистери өз иштерин акыркы илимий далилдерге жана бейтаптын муктаждыгына ылайык ишке ашырылышын камсыздоо үчүн жогорку окуу жайынан кийинки таалим жана үзгүлтүксүз тажрыйба ашыруу планы иштелип чыгышы керек. Бул план түрдүү медициналык адистиктерди көзөмөлдөөчү комитеттер тарабынан башкарылат.

Башка мамлекеттерде окуп келген дарыгерлерге лицензия берүү

  Исламий мамлекеттен тышкарыдагы университеттерде медициналык билим алган дарыгерлер каралат. Эгер дарыгер ошол мамлекетте медицина тармагында жетиштүү мөөнөт иштеген болсо, өз тармагы боюнча тажрыйбага жана жетиштүү билимге ээ болсо, ага медицина тармагында иштөөгө уруксат-лицензия берилет. Эгер жетиштүү мөөнөт иштебеген болсо, ал Ислам мамлекетинде медициналык таалим алган дарыгерден талап кылынуучу фандар жана предметтер боюнча сынактан өтөт. Сынактан өтсө, ага да лицензия берилет. Болбосо, сынактын натыйжасында жетиштүү билими болбогон предмет  жана тажрыйбаларды үйрөнөт. Бул коида башка мамлекеттерден келген бардык медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө колдонулат.

Стандарттарды көзөмөлдөө, медициналык жана саламаттыкты сактоо жоопкерчилиги

А- Медициналык жана саламаттыкты сактоо стандарттарын сактоо:

  Ким табибчилик менен алектенсе да, бирок, бул нерсе анын билимине, адистигине тиешелүү болбосо, анын натыйжасында бейтапка зыян жеткирсе, ал жеткирген зыяны үчүн жоопкер болот жана  бейтапка жеткирген ар кандай зыяндын – материалдык жактан – ордун толтурушу керек болот. Абу Давуд, Насаи, Ибн Мажжа жана башкалар Расулуллах с.а.в.дан риваят кылышат:

مَنْ تَطَبَّبَ وَلَمْ يُعْلَمْ مِنْهُ طِبٌّ قَبْلَ ذَلِكَ؛ فَهُوَ ضَامِنٌ

  “Ким табибдик кылса жана буга чейин анын табибдиги белгилүү болбогон болсо, демек, зомин-кепил.”

   Бул нерсе о.э. медайым, рентгенолог, фармацевт жана башка жетиштүү тажрыйбасы болбой туруп ушул кесип менен алектенгенип, натыйжада бейтапка зыян жеткиргендердин бардыгына тиешелүү. Кызмат көрсөтүүчү, өзүнүн адистик деңгээлине жана өзүнүн тармагына карап, кесип менен алектенүү коида-тартиптерине моюн сунушу керек. Бул кызмат көрсөтүүчүнүн баракчасында документтештирилген болушу керек. Дарыгер айрыкча төмөнкү коидаларга моюн сунушу керек:

– Медициналык кызмат алуучунун ден соолугунун абалын жана оорунун тарыхын документтештирүү.

– Диагноз коюучу каражаттарды о.э. оорунун абалына туура келген жана зарыл болгон дарылоо жолдорун ишке салуу.

– Бейтаптарга диагноз коюуда жана аларды дарылоодо белгиленген илимий стандарттарга ылайык жабдыктардан пайдалануу.

– Бейтапты дарылоо усулдары жөнүндө кабардар кылуу. Кечиктирип болбой турган өзгөчө оору абалдары мындан тышкары.

– Дарылоонун баяндамасы, анын көлөмү жана пайдалануу усулун жазуу түрүндө көрсөтүү.

– Бейтапты оорунун өзгөчөлүгү жана оордугунун деңгээли жөнүндө кабардар кылуу. Эгер кабардар кылбай коюу пайдалуу болсо, бул абал мындан тышкары.

Мунун каршысында медициналык кызмат көрсөтүүчүгө төмөнкү иштерди кылуу мүмкүн эмес:

– Бейтапты анын ыраазылыгысыз дарылоо. Шашылыш медициналык жардамды талап кылуучу абалдар мындан тышкары.

– Өзгөчө кырдаалдарда кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу же ар кандай абалда медициналык кызмат көрсөтүүдөн тыйылуу.

– Уруксат берилбеген дары-дармектерден, дарылоо ыкмаларынан жана диагноз коюучу каражаттардан пайдалануу.

– Медициналык кызмат алуучунун – кызмат көрсөтүлүп жатканда же ошол иш себептүү – үйрөнүлгөн сырларын ашкере кылуу.

– Шаръий өкүмдөргө, медициналык стандарттарга тескери келе турган дарылоо же диагностика иштерин кылуу, же бейтаптын ыраазылыгысыз, бул жааттагы стандарттарды сактабаган абалда терапевттик дарылоо же  хиррургиялык операция иштерин жасоо.

– Бейтаптын толук ыраазылыгысыз дарылоо же хиррургиялык операцияларды жасоо.

Б – Казылардын ролу – Хисба жана хусумат казысы

  Хисба жихазы – тийиштүү лицензиясы болбогон ар кандай адамдын медициналык кызмат көрсөтүшүнө жол бербөөнү көзөмөлдөйт. Ал лицензиясыз табибдин кылган ишинен келип чыккан зыянды кепилдөө менен гана чектелбейт. Андай табиб дааба кылган илимдин көлөмүнө карай жана өзү татыктуу болбогон өнөр менен алектенгенине карай ага таъзир берет, аны жазалайт жана мунун элдин баарына жарыя кылат. Себеби, билбеген адамдын билемин деп дааба кылышы алдамчылык болуп эсептелет. Шарият мындан кайтарат. Расулуллах с.а.в. айтат:

مَن غَشَّ فليسَ مِنِّي

  “Ким алдаса, ал менден эмес”.

Муслим Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылган. О.э. Муслим Абу Хурайра разияллоху анхудан төмөнкү хадисти да риваят кылган:

مَنْ غَشَّنَا فَلَيْسَ مِنَّا

  “Ким бизди алдаса, ал бизден эмес”.

  Мына ушул хадистер жетиштүү тажрыйбага ээ болбогон абалда табибдик менен алектенген жана бейтапка зыян жеткирген медайымдарга, техниктерге, фармацевттерге жана башкаларга да тиешелүү.

 Хисбанын стандарттарды көзөмөлдөө жана аларды колдонуу, туура стандарттарга тескери келгендерин оңдоо менен туура эмес иш алып барган адамга карата кыла турган мамилеси ортосунда айырма бар. Себеби, мухтасиб умумий укуктар болгон маселелерди карай турган казы. Мындай маселелерде хад жана кылмышка тиешеси болбосо да,  доогер тарап болбойт. А бирок медициналык кызматкер тарабынан өзүнүн ден соолугуна зыян жеткендигин сезген бейтап болсо, хусумат казысына кайрылышы мүмкүн. Эгер мекеме табибге каршы өкүм чыгарса, ал бейтапка жеткирген зыянын төлөшү керек болот. Мындан тышкары, жеткирилген зыяндын көлөмү чоң болсо, тийиштүү уюм анын ишмердүүлүк лицензиясын биротоло же белгилүү бир мөөнөткө токтотуп коёт.

  Медицина жана ден соолук үчүн жоопкерчилик, кызмат көрсөтүүчүнүн тийиштүү медициналык кесип менен алектениши үчүн мамлекеттин саламаттыкты сактоо органы тарабынан белгиленген стандарттарга, анын ичинде кесип менен алектенүү үчүн берилген уруксат кагазга ишенимдүүлүгү деңгээлинен келип чыгып белгиленет. Аны белгилөөгө кызмат көрсөтүлүүчү орун, анын өзүнчө стандарттары, кызмат көрсөтүүчүнүн шарттары, бейтапка сунуштала турган медициналык операциялар кирет.

 Кээде, медициналык кызмат көрсөтүүчүнүн үстүнөн түшкөн арыздарды карап чыгуу үчүн умумий Саламаттыкты сактоо Башкармалыгы тарабынан пикир жана сунуштарды билдирүү үчүн эксперттик комиссия түзүү талап кылынат. Мындай пикир жана сунуштар маселе хусумат казысы алдында каралышынан мурда же анын алдында берилет.

Ислам мамлекетинде дары-дармек жана фармацевтика өнөржайы

Фармацевтика жана дары-дармек

  Расулуллах с.а.в.  мусулмандарды дарыланууга мандуб катары буйруду. Мусулмандарга Аллах Таала эч бир дартты дабаасыз жаратпаганын билдирди. Адамдын мындай дабаага жеткени бар жана дагы деле жете албаганы бар. Эгер дабаа дартка ылайык кылынса, бейтап Аллахтын изни менен сакайып кетет. Бул Расулуллах с.а.в. мусулмандарга үйрөткөн таалимдерден. Мында адамды дарыланууга аракет кылууга үндөө бар. Мында ар кандай дабаада шыпаа касиетин жараткан Аллахтын изни менен дарттан кутулууга чакырык бар. Муслим өз “Сахих”инде риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в. айтат:

لِكُلِّ داءٍ دَواءٌ، فإذا أُصِيبَ دَواءُ الدَّاءِ بَرَأَ بإذْنِ اللهِ عزَّ وجلَّ

  Ар кандай дарт үчүн дабаа бар. Эгер дартын дабаасына жетишилсе, оорулуу адам Аллах азза ва жалланын изни менен сакайып кетет”. Термизий Усома ибн Шариктен риваят кылат, Аъробийлер:

قالت الأعراب : يا رسول الله ألا نتداوى ؟ قال : نعم ، عباد الله تداووا ، فإن الله لم يضع داء إلا وضع له شفاء ، أو دواء إلا داء واحدا ، قالوا : يا رسول الله وما هو ؟ قال : الهرم

Я Расулуллах, дарыланбайбызбы, – деп сурашты. Ошондо Расулуллах с.а.в.:Ооба, эй Аллахтын пенделери дарылангыла! Анткени, Аллах бирер дартты жараткан болсо, албетте анын дабаасын же шыпаасын да жаратты, болгону бир дарттан башка”, – деди. Ал кандай дарт, я Расулуллах,– деп сурашканда:Ал карылык дарты”, деп жооп берди. Мейли, оору Аллах тарабынан берилсе да, табабатта жакышылык бар. Себеби, оорунун дабаасы да Аллах тарабынан. Имам Малик “Ал-Муватто”до Зайд ибн Асламдан бир мурсал хадисти риваят кылат: Расулуллах с.а.в. доорунда бир киши жарадар болот. Анын жарасы канайт. Бир киши Бану Анмардан (уруусунан) экөөнү чакырат. Алар жараны көрүшөт. Расулуллах с.а.в. аларга:

 ” أيكم أطب ؟ ” فقالا : أوفي الطب خير يا رسول الله ؟ فزعم زيد أن رسول الله – صلى الله عليه وسلم – قال : ” أنزل الدواء الذي أنزل الأدواء ” .

“Табабатта кайсы бириңер күчтүүрөөксүңөр”, –  деп сурайт. Алар:

– Табабатта жакшылык барбы, я Расулуллах , – деп сурашат.

Зайддын күмөнүндө, Расулуллах с.а.в. мындай жооп берген:

“Дардтарды түшүргөн Зат алардын дабаасын да түшүргөн”.

  Расулуллах с.а.в.дын өзү да өмүрүнүн аягында дарыланган. Имам Ахмад өз “Муснад”ында Айша р.а. энебизден риваят кылат:

إن رسول الله صلى الله عليه وسلم كان يسقم عند آخر عمره، أو في آخر عمره، فكانت تقدم عليه وفود العرب من كل وجه، فتنعت له الأنعات، وكنت أعالجها له

“Расулуллах с.а.в. өмүрүнүн акырында ооруп калды. Ал затка ар тараптан араб элчилери келип турат эле. Ошондо мен ал затты дарылайт элем”.

Бул дарылануу жана шыпаа издөө жөнүндө. Ал эми калкты дарылоону өнүктүрүү, төмөнкү хадиске ылайык, мамлекетке фарз:

الإمام راعٍ ومسئول عن رعيته

  “Имам кароолчу жана ал өз калкынан жоопкер”.

Анткени, дарылануу адам үчүн өтө маанилүү муктаждык болгондуктан, бул саламаттыкты сактоонун бир бөлүгү болуп эсептелет. Ооруну же анын көрүнүштөрүн дарылоо үчүн же оорудан сактануу үчүн колдонула турган бардык нерселер дабаа түрүнө кирет. Ошондуктан, наркотикалык заттар, кан продукциялары жана анын курамдык бөлүгүндөгү антикорлор, плазма же бактериялар сыяктуу ар кандай микроорганизмдер да дабаа түркүмүнө кирет. Себеби, булар ооруну, анын көрүнүштөрүн дабалоо же андан сактануу үчүн колдонулат. Дабаа услуб жана васитага кирет. Ошондуктан, дарыланууда Расулуллах саллоллоху алайхи ва салам колдонгон дабаалар менен чектелип калбастан, бул тармакта адамдын акылы дүйнө иштери деген этибарда жаңылыктарды жаратып бара берет.

  Ушул жерде бир маанилүү маселеге токтолуп өтүшүбүз керек. Маселе курамында алкоголь болгон, же чочкодон даярдалган  дары-дармектерден пайдалануу сыяктуу арам же нажас менен дарылануу жөнүндө. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, бул карохатан (макрух болуп) жаиз. Бирок, Халифалык мамлекетинде фармацевтика тармагында мындай арам жана нажастардан четтеп өтүүгө, Аллахтын изни менен, эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Айрыкча, фармацевтика өнөржайы тармагындагы ири илимий өнүгүү себептүү өтө көп арам болбогон алтернативалардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Расулуллах с.а.в.дын Аллах тарабынан ар кандай дарттын дабаасы түшүрүлгөндүгү жөнүндөгү кабары адистерди – ушул нерсе жөнүндө изденип жатышканына анык ишенгени себептүү – жаңы-жаңы дарыларды ойлоп табууга үндөйт. Дары-дармектер менен  камсыздоо мамлекеттин жоопкерчилигинде. Ошондуктан, мамлекет бүтүндөй калкты дары-дармектер менен акысыз камсыздашы керек. Ал үчүн дары-дармектерди фармацевтикалык ишканалардан, мамлекеттик компаниялардан же чет өлкөдөн сатып алат, же болбосо керектүү дары-дармектерди өндүрө турган заводдорду курат.

  Дары-дармектер жана алардын соодасы медициналык кызмат болуп, бул иш менен жеке адам алектениши мүмкүн. Пайда көрүү максатында аптека ачышы же дары-дармек өндүрө турган ишкана курушу мүмкүн. Бирок, бул атайын уюмдар тарабынан берилүүчү уруксат-лицензия менен болот. Ким уруксатсыз жана лицензиясыз фармацевтика менен же дары-дармек соодасы менен алектенсе жана мунун натыйжасында бейтапка зыян жеткирсе, ал жеткирген зыянды төлөп берет, кылмышы боюнча жоопкерчиликке тартылат жана уруксатсыз алектенгени үчүн жазаланат.

 Халифалык мамлекетинде Медицина департаментинин башкы директору болуп, ал Саламаттыкты сактоо Башкармалыгынын Башкы директоруна баш ийет. О.э. бул департамент  дары-дармекке тиешелүү бардык тармактарда билим жана тажрыйбага ээ болгон адистер, химиктер, фармацевттер жана дарыгерлерден түзүлөт. Ушул департаменттин иши Ислам мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо саясатына туура келе турган станларттар негизинде дары-дармек жана тийиштүү заттардын коопсуздугун, сапатын, ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоодон турат. Лицензия берүү, кайси дарылар рецепт боюнча, кайсылары рецептсиз берилишин белгилөө да ушул департаменттин милдети. О.э. мамлекетте колдонулуп жаткан дары каражаттарын көзөмөлдөйт, алардын алдын ала белгиленген спецификацияларга ылайыктуулугун текшерүү үчүн мезгил-мезгили менен сыноолорду өткөрөт. Мындан тышкары, ар бир өндүрүүчү жана дистрибьютер керектүү техникалык шарттарды сакташы үчүн фабрика жана дарыканаларда дары чыгаруучу жана аларды таратуучу жерлерди маал-маалы менен текшерип турат. О.э. бардык текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин жана бардык стандарттарга жооп бергенден кийин мамлекет тышкарысынан дары каражаттарын алып кирүүгө лизензия берүү да ушул департаменттин ыйгарым-укугу.  Расулуллах с.а.в.дын:

لا ضرر ولا ضرار

 “Зыян жеткирүү да, зыян тартуу да жок”, – деген сөздөрүнөн келип чыгып, бирер кишиге коопсуз жана натыйжалуу экендиги текшерилбеген дарыны берүүгө болбойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here