Куфр бир улут экендигин иш жүзүндө тастыктап жатат
АКШ президенти Жо Байден Ак үйдө берген билдирүүсүндө Газада геноцид уюштуруп жаткан сионисттик режимди колдой турганын жарыялады. Анын айтымында, (Израил)дин жооп иретинде Газаны бомбалоого акысы бар.
“Биз (Израиль) менен биргебиз. Дүйнөдөгү ар бир калк сыяктуу эле (Израиль) да жооп кайтарууга акылуу. Кошмо Штаттар алардын чечүүчү чабуулдарын колдойт. АКШнын арзуусу – (Израил)дин коопсузураак жана күчтүүрөөк болушу”, – деди Байден.
АКШ президенти аймактагы мамлекеттерди палестиналык мужахиддерге жана Газадагы мазлумдарга жардам берүүдөн эскертип, (Израил)дин артында АКШ турганын белгилеп: “Кырдаалдан пайдаланмакчы болгондорго бир сөзүм бар, эч качан андай кыла көрбөгүлө”, – деп коркутту.
Комментарий: Байдендин билдирүүсүнөн бир күндөн кийин (Израил)ге сапар кылган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да шек-күиөнсүз (Израилдин) артында АКШ турганын жана (Израил)ди ар дайым колдой турганын баса белгилеп, башкаларды палестиналыктарга жардам берүүдөн катуу эскертти. Ошол эле учурда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг (Израиль) террордук чабуулдардан коргонууга укуктуу экендигин айтып, Газа кыргынын актады. (Израиль) жай тургундарга каршы тыюу салынган ак фосфордуу куралды ачык эле колдонгон болсо да, БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик: “БУУда (Израиль) аскерлери ак фосфор колдонгону тууралуу анык маалымат жок”, – деди . Мындан тышкары, Англия, Германия, Франция, Италия сыяктуу Европа мамлекеттери да (Израил)ди колдой тургандыгын ачык айтышып, аскерий кемелерин жөнөтүштү. Бул аркылуу куфр өзүнүн бир улут экендигин иш жүзүндө тастыктады.
Маселенин аянычтуу жери, 60ка чукул Исламий өлкөлөрдүн акимдери өз калкы тарапта туруп, мусулмандар бир улут экендигин көрсөтүүнүн ордуна, куфр тарапка өтүп, өздөрүнүн чыныгы жүзүн ашкере кылып жатышат. Мисалы, Иорданияда он миңдеген мусулмандар өкмөттөн Палестина чек арасын ачууну талап кылышты. Бирок Иордания өкмөтү АКШнын эки мамлекет чечими ишке ашканга чейин аймакта коопсуздук жана туруктуулукка жетишүү мүмкүн эместигин айтып, мусулмандарга чек араны ачуудан баш тартты. Ал тургай, Палестина чек арасын көздөй жолго чыккан миңдеген мусулмандарды токтотуп калуу үчүн Иорданиянын күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу уулуу газ колдонушту. Мисирде болсо, Сиси режими (Израил)дин талабына ылайык, Газадан келе жаткан мусулмандарга Рафах чек ара постун жаап коюу менен яхудий вужудун колдоп-кубаттады. Ыйык жерде жихад кылып жаткан мусулмандар Түркия өкмөтүнөн аскер жиберүүүнү талап кылып келе жатканына карабастан, Эрдоган аларга азык-түлүк жөнөтүү чектелди. Т.а. Мужахиддер Исламий өлкөлөрдөн яҳудий вужудуна каршы армияларды аттандырууну талап кылып жатышканда, акимдер бул тууралуу ойлонуп көрүүгө да батынбай жатышат.
Кыскасы, Акса бороону Мусулмандар бир өрөөндө болсо, алардын батышка малай акимдери башка бир өрөөндө т.а. акимдер ар дайым батыштык кожоюндары тарапта экендигин ого бетер ачыктап койду. Ушундай болгон соң, Аллахка асий болуп, батыштык кожоюндарына берилген ушул акимдер мусулмандарга жетекчилик кылууга таптакыр татыктуу эмес. Мындай учурда, мусулмандар аларды түп-тамыры менен сууруп таштап, алардын ордуна бүтүндөй Ислам дүйнөсүн бир байрак алдына бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Мына ошондо мусулмандардын бир улут экендиги чыныгы мааниде тастыкталат.
Зохид Заргар