Бишкекте жол акыны 30 сомго көтөрүү сунушталды
Бишкекте автобус-троллейбустун жол киресин накталай төлөй тургандарга 30 сом, карта менен төлөөнү 11 сом кылуу сунушталууда. Бул тууралуу 12-октябрда шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.
Вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун айтымында, жүргүнчүлөрдү накталай эмес төлөмгө өткөрүү максат кылынууда. Накталай төлөсө 30 сом деген тариф шаарга жаңы автобустар толук келип бүткөнчө колдонулмакчы. Демек, карта менен 11 сомдон төлөө тарифи да тез күндөрдө өзгөрүшү толук мүмкүн.
Тилекке каршы, Кыргызстанда ар бир келген өкмөт өлкөнү монополия кылып алган капиталисттердин мүлкүн бөлүштүрүүнүн ордуна калктын жонунан кайыш тилүү жолун карманууда. Тескерисинче, монополисттер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип берүүдө.
Өкмөт мындан тышкары, айдоочулар үчүн милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизип, жол үчүн салык салууну сунуштап жатат. Жол үчүн алына турган каражат автунаага куюлган ар бир литр бензинге 1 сом кошулуп алынмакчы. Булардын баары ансыз да каржалып турган калктын жакырчылыгын дагы да күчөтүшү талашсыз.
Дүйнөлүк банктын отчётуна ылайык 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга өскөн. Отчётто баса белгиленгендей, азык-түлүк бааларынын жогорулугу жана жумуш менен камсыздоонун кепилдиги жок болгондугу эң негизги проблема бойдон калууда.
Түпкүлүгүндө, карыз менен бюджетти толтуруу жана өндүрүштү жолго койбой туруп айлык акыны көтөрүү өлкөдөгү инфляцияны дагы да күчөтүүдө. Башкача айтканда, баалар менен кызмат акылар эселеп өсүүдө.
Үстүбүзгө капитализм колдонулганы себептүү бүт дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстан калкы да мына ушундай зулумдар чеңгелинде жашап жатышат. Мунун каршысында Ислам байлык бир ууч капиталист-монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын түрдүү салыктарды төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлыкты байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен, коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту ордуна коёт! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас өкүмдөрү сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, ал мыйзамдар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, балким, алар күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!
Мумтаз Маверанахрий
order lasuna pill – buy generic himcolin online cheap himcolin sale
buy generic neurontin online – sulfasalazine pills order azulfidine online cheap
buy cheap generic lioresal – buy cheap baclofen cost feldene 20 mg