Алсыраган КМШ саммити

1655
0

Алсыраган КМШ саммити

Бишкекте 13-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан президенттери катышты.

Саммитке чогулган өлкө башчылар жалпысынан 16 документке кол коюшту. Анын ичинде Орус тили боюнча уюм түзүү; Кылмыштуу кирешелерге жана терроризмди каржылоого каршы борбор түзүү; Соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндө координациялык кеңеш түзүү сыяктуу документтер бар.

Ал эми, Армения премьер-министри саммитке катышуудан баш тартты. Армения ушул аптада Кыргызстанда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) “Бузулгус боордоштук-2023” аскердик машыгуусуна да катышуудан да баш тарткан. Эксперттер мунун себеби катары Карабахтагы акыркы окуяларды жана Армениянын Батышка карай жүздөнүшүн көрсөтүшүүдө. Армениядан сырткары КМШнын дагы бир мүчөсү Молдованын президенти да жыйынга катышпайт. Акыркы жылдары бул өлкө Батышка ыктап, Евробиримдиктин курамына кирүүнү максат кылып келе жатат. Расмий Кишинев КМШдан чыгуу процессин баштаганын жарыялаган. Быйыл жазында Молдованын өкмөтү КМШнын алкагында бир нече келишимди денонсациялаган. Украина болсо 2014-жылы Крым жарым аралын Москва аннексиялап алгандан кийин уюмга мүчөлүгүн токтоткон. 2008-жылы орус-грузин беш күндүк согушунан соң Грузия бул уюмдан расмий түрдө чыккан.

         Жогорудан маалым болгондой, Орусиянын КМШ аймагындагы таасири барган сайын алсырап барууда. Муну менен катар ал жетектеген уюмдардын аброю да түшүп жатат. Экинчи тарапта болсо Батыш менен Кытай бул аймактагы таасирин арттыруу аракетинде. А түгүл, жаңы оюнчулар да майданда пайда болуп жатат. Маселен, Германия президенти Берлинде Өзбекстандын президенти менен болгон жолугушууда: «Силер саясий диверсификация кылышыңар керек. Бир эле улуу, күчтүү, чоң, мүнөзү катаал коңшулардын эле көзүн карабастан, башка досторду да издегиле. Андай достор Европада бар. Ал бизбиз», – деп айткан. Германия бул позициясын улай жакында эле Борбор Азия+Германия саммитин өткөрдү. Муну менен Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алгачкы жолу дүйнөлүк лидерлердин бири экендигин жарыялады.

Мындан сырткары, Америка да Борбор Азия үстүндө таасирин арттырууну көздөп келет. Ушул максатт сентябрь айында Америка президенти алгачкы жолу Борбор Азия+АКШ саммитинин алкагында аймактагы өлкө лидерлери менен жолугушуу өткөрдү.  Америка буга кошумча, САSA-1000 долбоору аркылуу аймакты Пакистан, Индия аркылуу интеграциялоону да максат кылат. Ал эми Индия менен Европаны байланыштырган темир жол долбоору жакында эле G20 саммитинде Байден тарабынан жарыяланды. Бул долбоор Кытайдын “Бир куур – бир алкак” долбооруна альтернатива экени да айтылды. Анткени, Кытай бул долбоор аркылу Борбор Азия үстүндөгү таасирин кеңейтип барууда. Ал тургай, аймактагы өлкөлөрдү карыздар менен тушап, мажбурлуу келишимдер аркылуу Батыштын таасири кирип келишине үлкөн тосуктарды жаратмакчы. Башкача айтканда, Батыштын көзүн кызартып жаткан энергоресурстарды биринен тарта экинчисин ташып кетүүдө.

Орусия болсо булардын каршысында, аскерий жактан “Жамааттык коопсуздук келишими уюму”, экономикалык жактан “Евразия экономикалык биримдиги” уюмдарын ишке салды. АКШга каршы туруу үчүн, Кытай менен иштерин “Шанхай кызматташтыгы уюму” аркылуу координациялады. А бирок, Украина баткагына тыгылып кагандыктан, экономикалык кызыкчылыктарын Кытайга тарттырып барууда.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы саммиттердин өтүшү да далалат кылып турат. Анткени, капитализм дүйнө карашы «чексиз каалоо – чектүү ресурс» теориясына негизделген. Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу бул зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here