Путин Кыргызстанга жасаган сапарында эмнеге жетишти?
12октябрда Орусия президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанда болду. Андан соң Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин саммитине катышты. Бул аймакты өзүнүн эгинзары катары көргөн Орусия бийлиги сапардын алкагында эмнелерге жетишкенине токтолуп өтөбүз.
Расмий сапардын алкагында эки тараптуу алты документке кол коюлду. Алар билим берүү, юстиция, айыл-чарба, экология биологиялык коопсуздукту сактоо боюнча кызматташтыкка байланыштуу. Мындан тышкары, Жапаров Путиндин сапарын утурлай абадан коргонуунун бириккен аймактык системасын ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Анын алкагында, Орусияга Канттагы авиабазанын жанына абадан коргонуу компоненттерин жайгаштырууга 5 гектар жер берилди. Канттагы база 2003-жылы түзүлгөн. Акыркы жолу 2019-жылы Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү базасынын аянты 58,3 гектарга кеңейтилген. Эми абадан коргонуу системасын орнотуу аркылуу Орусия өлкөдөгү таасирин дагы да бекемдеп алмакчы.
Эки тараптуу келишимдердин артынан өлкө жетекчилери маалымат каражаттары үчүн бирдиктүү кайрылуу жасашты. Анда Кыргызстан президенти эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашууну 3,4 миллиард доллардан 5 миллиард долларга жеткирүү максат кылынып жатканын белгиледи. Маалым болгондой, Орусия учурда Батыш салган санкциялардын айынан соода өнөктөшкө жана жаңы базарларга муктаж. Мындан улам, буга чейин көңүл бургусу келбеген Кыргызстан менен да соода байланышын өстүрүүдө. Орусия президентинин Кыргызстанды газдаштыруу деңгээлин 60 пайызга жеткирүү тууралуу айткандары да ушул кызыкчылыктан келип чыгат.
Мындан тышкары, регион аралык конференциянын алкагында эки өлкө ортосунда 3 млрд 500 млн долларлык инвестициялык келишим түзүлдү. Бул каражат негизинен энергетикалык долбоорлорго жумшалмакчы.
Жыйынтыктап айтканда, Орусия президентинин сапары Кыргызстандагы кызыкчылыктарын бекемдөө алкагында болду. Орусия эл аралык майданда таасири төмөндөп бараткандыктан, аймактагы колонизаторлук саясатында негизинен аскерий жакка таянып калды. Саясий жактан Борбор Азия интеграциясына каршы кадамдары азырынча эч кандай майнап бербей жатат. Айрыкча, башка державалар бул интеграцияны колдоп-кубаттап жаткандыктан, аны бузуу аракети натыйжасыз болууда. Ал эми, экономикалык жактан Кытайдын мүмкүнчүлүктөрү аймакта артып барууда. Мындан улам, Орусия Кыргызстанда газ-мунай менен камсыздоосун алга сүрөп, энергетика тармагына инвестицияларды көбөйтүүнү көздөп жатат. Орусиянын өлкөдөгү сакофий таасири да алсырап барууда. Айрыкча, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы мыйзам кабыл алынышы орус тилин оор абалга кептеди. Мындан улам, орус тилдүү мектептерди курууну, мугалимдерди жиберүүнү активдештирип жатат.
Демек, Орусия учурдагы абалын эске алуу менен Кыргызстанды өз таасири астында кармоого аракет кылып жатат. Эгер бул максаттары ишке ашса, Кыргызстан аркылуу Борбор Азия интеграциясына жарака кетирүүгө аракет кылат. Бул үчүн улутчулдук, чек ара, экстремизм, терроризм маселелеринен пайдаланышы талашсыз. Андыктан, биз мусулмандар Орусиядан келе турган ар кандай фитналардан алыс болуп, өз динибизди таза-тунук жана мабдаий негизде жеткирүүгө аракет кылышыбыз шарт. Мына ушул пикир гана аймактагы мусулмандарга таяныч болот жана Исламды тикелөө аркылуу гана колонизаторлордун фитналарынан толук арылабыз!
Мумтаз Маверанахрий