Кытай жарандары Кыргызстанга визасыз кирүүсүнө уруксат берилди

1319
0

Кытай жарандары Кыргызстанга визасыз кирүүсүнө уруксат берилди

Министрлер кабинети Кытайдын Гонконг жана Макао аймактарынын жарандарына Кыргызстанга бир апта визасыз кирүүгө уруксат берди. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Бир кур, бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы чечим алгачкы кадам болуп, авиакаттамдар менен каттай тургандарга визасыз режим киргизүү каралып жатат.

Буга чейин Жапаров Кытайга болгон сапары учурунда ишкерлер үчүн инвестициянын көлөмүнө жараша 5-10 жылдык виза бериле турганын айткан.

         Түпкүлүгүндө, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандардын кызыкчылыгына каршы келерин унутпашыбыз керек. Айрым инфраструктураны жакшырткан долбоорлорго алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Буга кошумча, Кытайдан алынган кредиттер кайра эле өз компанияларына жумшалат. Бишкек ЖЭБин оңдогон, жол курган компаниялар буга ачык мисал.

         Кыргыз өкмөтүнүн Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын  ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат. Анын Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору же атайын келишим аркылуу орнотуп жаткан камералары эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Эгер чындап коопсуздугубуз көздөлсө, аны мамлекет өзү да ишке ашыра алмак.

         Демек, бийлик ээлери бул долбоорлор аркылуу кытайлыктардын биздеги маалыматтарды алып чыгып кетишине жол ачып берүүдө. Бул болсо, учурунда Кытайдын баскынчылык саясатына кызмат кылат. Эгер Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакофий колониясына айланса, мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салган, миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылган жылма саясаты бул аймакта да колдонулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар жарандарын сакофий колония кылуу менен убара болду. Себеби, калктын пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here