بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо–жооб
Ибн Салман жана яхудийлер менен нормалдашуу
Суроо:
“BBC News Arabic” өзүнүн веб-сайтында 2023-жылдын 21-сентябрында: “Саудиянын мураскер ханзаадасы шаршемби күнү үзүндүлөрү берилген америкалык “Fox News” телеканалына берген маегинде (Израиль) менен нормалдашуу жолунда “прогресс” жүрүп жатканын жарыялады. Ал: “Биз күн сайын (Израиль) менен мамилени нормалдаштырууга жакындап жатабыз”, -деди. Ал дагы кошумчалап: “Президент Байден администрациясынын бул чекке жетүү үчүн колдоосу бар…”, – деди. Яхудий делегациясы Сауд Арабияга ачык визит жасады: “(Израиль) бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун билим, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) Эр-Рияддагы жыйынына катышуу үчүн Сауд Арабияда өкмөттүк делегациянын болушуна кубанычтуу экендигин билдирди. Бул, эки өлкөнүн ортосундагы нормалдашуу жолунда биринчи кадам деп эсептептеди”. (“Франс 24”, 09.11.2023). Сауд Арабия арабдардын чыккынчылык келишимдерине баш ийип, яхудий вужуду менен мамиле түзүүнү көздөп жатабы?
Жооб:
Жооп ачык болушу үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:
Биринчиси: кабарларга ылайык, нормалдашуу процессинин тараптары яхудий вужуду, Сауд Арабия жана Америка болгон үч тарапка байланыштуу фактылар бар:
- Яхудий вужудунун араб жана ислам аймагындагы кайсы бир өлкө менен нормалдашуусу яхудий вужудунун бар экендигин тастыктоо жана алардын каалоолоруна ылайык “түбөлүк” калуу үчүн чоң жетишкендик катары эсептелет. Ошондуктан, яхудий вужудунун бардык өкмөттөрү Ислам өлкөлөрүнө, өзгөчө араб өлкөлөрүнө кире ала турган кандайдыр бир жылчык табуу үчүн жарышууда.
- Сауд Арабия яхудийлердин бүт Палестинаны бошотуу үчүн күрөшүп жатканын көрбөгөн аймактагы режимдердин бири экенин эске алганда, Сауд Арабия режими бир канча убакыттан бери яхудий вужуду менен кээ бир байланыштарды кылып келет, бирок жашыруун. Ошондуктан, Сауд Арабия негизи яхудий вужуду менен алака түзүүгө каршы эмес. Анын мурунку король Абдулла бин Абдулазиз 2002-жылы “Араб чыккынчылык демилгесин” баштаган жана Сауд Арабия аны карманганын ар дайым жарыялап келет.
- Америка тараптан болсо, бардык Америка админстрициясы яхудий вужудун турукташтыруу, аймакка интеграциялоо жана анын аймакка жаттыгын жоюу үчүн яхудийлер менен араб кошуналары ортосунда ондогон жылдар бою «тынчтык» үчүн аракет кылып келе жатышат. Бул иште Америкалык эки партия (Демократия жана Республика) келишпестикке барышпайт.
Экинчиден: нормалдашуучу үч тараптын нормалдашуусу мүмкүн болгон бул негизге карабастан, бул маселе олуттуу саясий татаалдыктар менен коштолгон:
- Нетаньяху 2015-жылы Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге ачык каршы чыгып, ага каршы АКШ Конгрессин шыкактоо аркылуу АКШнын ошол кездеги президенти Обаманын Ирандын өзөктүк маселеси боюнча саясатына каршы чыкты. Бул яхудийлердин Америка Демократиялык партиясы менен болгон мамилесинин бузулушуна алып келди. Президент Трамп жана анын Республикалык администрациясы 2017-жылдын башында Вашингтондо бийликке келгенде яхудий вужуду менен Вашингтондогу Республикалык администрациянын мамилеси кызуу күчөп, Америка администрациясы Куддусту яхудий вужудунун борбору катары таанып, Америка элчилигин ал жакка көчүргөн. Ошондой эле, яхудий вужудунун Голан дөңсөөлөрүн аннексиялоосун тааныган. 2021-жылдын башында Байден жетектеген жаңы демократиялык администрация бийликке кайтып келгенде Тель-Авив менен Вашингтондун мамилеси кайрадан салкындаган. Балким, Байдендин администрациясы жакында мамилени кайрадан жөнгө салганга чейин Нетаньяхуну Ак үйдө кабыл алуудан баш тартты. Нетаньяхунун шайлоо алдындагы убадаларынын арасында Сауд Арабия менен нормалдашуу да болгон. Жакында эле Нетаньяху менен Бин Салмандын ортосунда чыныгы байланыштар бар экени белгилүү болду. “(Израилдин) “Jerusalem Post” гезитинин 2023-жыл 22-майда чыккан санында айтылат: (Израилдин) премьер-министри Нетаньяху Саудиянын мураскер ханзаадасы менен акыркы жумаларда эки жолу телефон аркылуу сүйлөштү… Эр-Рияд Палестина маселесине байланыштуу (Израилге) талаптардын тизмесин берди…”. (“Arab Post”, 23.05.2023).
- Трамп администрациясы Американын малайы Мухаммад бин Наифти Сауд Арабиядагы бийликтен кетирип, бийликти башка малай Мухаммад бин Салманга өткөрүп бергенден кийин Бин Салман жетектеген учурдагы Саудия режими Американын колуна эң баш ийген өкмөт катары болуп калды. Бул 2017-жылдын орто ченинде, башкача айтканда, Республикачыл Трамптын администрациясы Вашингтондо бийликти колго алгандан алты ай өткөндөн кийин болгон. Ошондуктан, Бин Салмандын режими Америкага абдан баш ийүүдө. Бирок, бул берилгендик биринчи кезекте республикачыларга жана Трамп жамаатына тиешелүү. Ушуга ылайык, Бин Салман режими Америкадагы Трамп тобунун көмүскө кубаттоосу менен Байденге далысын салды. Байдендин администрациясы да ушундай кылды, анткени Байден Хашоггинин өлтүрүлүшү себебтүү Бин Салман менен кол алышпай турганын жарыялады.
- Байдендин администрациясы Америкада 2021-жылы бүтүндөй Америкадагы саясий жашоого коркунуч келтирген, дагы деле коркунуч туудуруп жаткан америкалык бөлүнүүчүлүктүн фонунда бийликке келди. Эки карама-каршы тарап (Демократия жана Республика партиялары) эл аралык аренада жолдоочуларын жана малайларын бөлүп, Американын ички конфликтинде башка тарапка каршы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн аларды колдонуу сыяктуу, алардын ортосундагы кеңири ички жана тышкы чыр-чатактар аренасына киришти. 2022-жылдагы Конгресске шайлоодо Америкадагы демократтарга сокку уруу үчүн Сауд Арабия Орусия менен мунай өндүрүүнү азайтканы тууралуу айтылган. Нетаньяху бийликке кайтып келгенден кийин яхудий вужуду Американын Иран менен өзөктүк келишимге кайтып келишине каршы чыккан катуу билдирүүлөрдү берди. Бул Республикалык партия менен Трамп тобунун кайра бийликке кайтып келүүсү үчүн пайда көрө турган нерселери. Ошондуктан, Байдендин администрациясы 2022-жылдын аягында Нетаньяху бийликке кайтып келгенден кийин Саудиянын яхудий вужуду менен нормалдашуусунун жиптери анын көзөмөлүнөн чыгып калганын түшүндү…
Үчүнчүсү: Американын демократиячыл админстрициясы Сауд Арабия менен болгон мамилесин кайра карап чыгып, ага жылуу мамилесин жандандыра баштады. Ошондой эле, яхудий вужуду ичиндеги байланыштарды бекемдеди, бирок күчтүү позициядан. Мунун баары Сауд Арабия менен яхудий вужудунун ортосундагы нормалдашуу жиптерин республикачылардын колунан тартып алуу максатын көздөйт:
- Мухаммад бин Салмандын өкмөтү Байден администрациясынын 2022-жылы мунай өндүрүүнү кыскартууну бир айга артка калтыруу өтүнүчүн четке каккандан кийин Байдендин администрациясы Трамп тобу менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамиленин тереңдигин түшүндү, ошондуктан, дароо Сауд Арабияны сындаганын басаңдата баштады. Америкадагы республикачылар президент Байден Ибн Салман менен кол алышпоо талабына бекем туруп, аны менен муштум менен учурашуусун жана аны менен жеке жолугушуудан баш тартып, тескерисинче, Сауд Арабиянын королу Салман жетектеген делегация менен жолуккандыгын шылдыңга алышты, күйүүчү майдын кымбатташына Байдендин саясаты жооптуу деп эсептешти.
- АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Сауд Арабияга барып, Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман менен жылуу жолугушуу өткөрдү. Американын Сауд Арабиянын иштерине кийлигишүүсүн басаңдаткандан кийинки жаңы этабы башталды. Бул Судандан америкалыктарды эвакуациялаганы, Йемендеги окуялар боюнча аны менен кеңешкени жана Америка саясатында чоң роль ойногону жана Индияны дүйнө менен байланыштыруу ролун бергени үчүн Саудияга карата ыраазычылык билдирүү менен көрсөтүлдү… (“Франс 24”, 05.08.2023).
- Блинкендин Сауд Арабияга сапары: АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен эки стратегиялык өнөктөш болгон эки өлкөнүн координациясын жана өнөктөштүгүн баса белгиледи. Конференциянын жүрүшүндө эки министр Сириянын Араб Лигасына кайтып келишин, Судан кризисин жана (Израиль) менен нормалдашуу файлын талкуулашты… (“Франс 24”, 06.09.2023).
- Иран-Сауд Арабия чыңалуусун жоюу. Бул тууралуу 2023-жылдын 1-апрелиндеги (Сауд Арабия-Иран консенсусу) суроо-жоопто кеңири айтылган. Сауд Арабия бул келишим анын режиминин туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ экенин билет. Америка бул келишим Кытайдын Сауд Арабия менен Иранды ымалаштыруу иштерине ылайык деп билдирди. Ошондой эле, 2023-жылдын 5-сентябрында Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрү ортосундагы Жиддадагы элдешүү сүйлөшүүлөрүндө Сауд Арабияны катыштыруу аркылуу анын статусун көтөрдү.
- 2023-жылдын 9-сентябрында Индияда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммитинде Сауд Арабия Байден системасынын негизги элементи болгондуктан, Индиядан чыгыштан батышка жүк ташуу линияларын Европага жеткирүүчү ортолук кургактык байланышы катары көрсөтүлдү. Бул кургактык коридору Индияны Сауд Арабия жана яхудий вужуду аркылуу Европа менен байланыштырат. Сауд Арабия Индия менен 100 миллиард долларга жакын инвестиция тартууну макулдашты. (“Al Jazeera Net”, 09.11.2023). Мунун баары Ибн Салман Республикачылар менен мамилесин үзбөсө дагы, Демократиялык башкаруу турган болсо да, Байден администрациясынын саясаттарына барган сайын аралашып бара жатканын көрсөтүп турат!
- Байден админстрициясы Ибн Салман режими яхудий вужуду менен нормалдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүн сүйлөшүп жатканын айтты. Бул аркылуу Байден админстрициясы Саудия менен яхудий вужудунун ортосундагы тынчтык келишимин өзүнө таандык кылгысы келет. Америкадагы шайлоодо Республикалык партия менен Трамп тобун андан пайдалантпай, ал андан пайда көрөт. Башкача айтканда, Байден админстрициясы республикачылар жана Трамп тобуна карата мүмкүн болгон жоготууларын өз колундагы күч чекитине айландырат. Бул яхудий лоббисин Трамп менен республикачылардан алыстатуу үчүн колдонулушу керек, өзгөчө алдыдагы шайлоолордо.
- Байдендин администрациясы Нетаньяху өкмөтү Сауд Арабия менен тынчтык келишимине жетиши үчүн шилекейин агызып жатат: Американын (Израилдеги) элчиси Томас Нидес Америка Кошмо Штаттары (Израиль) менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн аракет кылып жатканын ачыктады. Америкалык эки аткаминер америкалык “Axios” сайтына Ак үй президент Жо Байден президенттик шайлоо өнөктүгү менен алек боло электе, жакынкы алты-жети ай ичинде Эр-Рияд менен Тель-Авивдин ортосунда келишим түзүүнү каалайт деп билдирди. (“Arabi Post”, 23.05.2023). Яхудий маалымат каражаттары да (Израиль) тышкы иштер министринин: “(Израиль) Сауд Арабия менен тынчтык келишимине жетишүүгө болуп көрбөгөндөй жакын”, – деп айтканын келтирди. (“BBC”, 22.08.2023).
- Бирок, экинчи жактан Нетаньяху Байдендин администрациясы Сауд Арабия менен мамилени нормалдаштыруу маселесин тыкыр көзөмөлдөй баштаганын да билет. Бул багыттагы кадамды Байдендин администрациясы гана жасай аларын да түшүнөт. Ошондуктан, Нетаньяху 2023-жылдын 17-августунда Вашингтонго анын эң ишенимдүү министри башында турган делегациясын жөнөттү. Яхудий вужудунун стратегиялык иштер министри Рон Дермер Саудия документине түздөн-түз тиешеси бар америкалык аткаминерлер менен сүйлөштү, атап айтканда, Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча биринчи кеңешчиси Бретт Макгурк жана президенттин энергетика боюнча улук кеңешчиси Амос Хокштейн, (Израиль) менен Королдуктун ортосундагы дипломатиялык аракеттерди жөнгө салууга багытталган үч америкалык аткаминер. (“BBC”, 22.08.2023). Ушундайча, Нетаньяху Сауд Арабия менен мамилени жөнгө салуу өтүнүчү менен Байденге кайрылды.
- Ошентип акырында, 2023-жылы 20-сентябрда суроодо айтылган Ибн Салмандын билдирүүсү болду: “BBC News Arabic” өзүнүн веб-сайтында 2023-жылдын 21-сентябрында: Саудиянын мураскер ханзаадасы шаршемби күнү үзүндүлөрү берилген америкалык “Fox News” телеканалына берген маегинде (Израиль) менен нормалдашуу жолунда “прогресс” жүрүп жатканын жарыялады. Ал: “Биз күн сайын (Израиль) менен мамилени нормалдаштырууга жакындап жатабыз”, – деди. Ал дагы кошумчалап: “Президент Байден администрациясынын бул чекке жетүү үчүн колдоосу бар… Биз үчүн Палестина маселеси абдан маанилүү. Биз бул бөлүгүн чечишибиз керек жана азырынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз анын кайда барарын көрүшүбүз керек. Палестиналыктардын жашоосу жеңил болгон жана (Израиль) Жакынкы Чыгышка интеграцияланган жерге жетет деп үмүттөнөбүз”, – деди. Өз кезегинде, (Израилдин) тышкы иштер министри Эли Коэн бейшемби күнү (Израиль) менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилелерди орнотуу боюнча АКШнын ортомчулугу менен алкактык келишим келерки жылдын башына чейин түзүлүшү мүмкүн экенин билдирди…
Төртүнчүсү: булардын бардыгынан көрүнүп тургандай, Сауд Арабиянын де-факто башкаруучусу Ибн Салмандын өз иштерине көп көзөмөлү жок. Ал – аны Эр-Риядда бийликке алып келген республикачылар менен алардын демократиялык атаандаштарынын ортосундагы куурчак. Ал Саудиянын кызыкчылык үчүн эмес, булардын же тигилердин каалоолоруна жооп берет. Тескерисинче, араб жана мусулман акимдери кожоюндарына кызмат кылууда чек билбеген чыккынчылык жана кыянатчылык кылышты. Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер Палестина жана анын айланасы куттуу жер экенин унутуп коюшту.
﴿سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلاً مِنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ﴾
«Түнкүсүн Өз кулун Масжидил Харамдан Биз айланасын берекелүү кылган Акса мечитине алып барган аруу Зат». [Исро:1]
Палестинаны яхудийлерге нормалдаштыруу, моюн сунуу жана кулчулуктун алтын табагында тартуулоо үчүн эмес, аны яхудийлердин ыпластыгынан тазалоо жана азат кылуу үчүн мусулман армияларын аракетке келтирүү важиб! Кандай болгон күндө да Палестина Хиддаяттуу Халифаттын жетекчилигиндеги чыныгы мусулман кошуундарынын кылычтары астында кандай таза жана берекелүү болсо, ошол бойдон кайтып келет. Яхудийлердин тобу жана алардын жардамчылары жеңилип, артка качышат. Алардын жашырынганын ачып бере турган таштын артына жашырынгычакты алардын жүрөгү коркунуч каптайт.
وصدق رسول الله ﷺ: «لَتُقَاتِلُنَّ الْيَهُودَ فَلَتَقْتُلُنَّهُمْ حَتَّى يَقُولَ الْحَجَرُ يَا مُسْلِمُ هَذَا يَهُودِيٌّ فَتَعَالَ فَاقْتُلْهُ» وفي رواية أخرى «هَذَا يَهُودِيٌّ وَرَائِي» »
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, акыйкатты айтты: «Силер яхудийлер менен согушасыңар. Таш: “Эй мусулман, бул яхудий, кел, аны өлтүр”, – дегенге чейин аларды өлтүрөсүңөр». Башка риваятта: «Бул менин артымдагы яхудий» деп келген. Ушул эле риваят менен Муслим Ибн Умардан риваят кылган. Балким, Кудай буюрса, буга аз калды.
﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾
«Алар: «Качан?» дешет: «Балким, ага аз калды деп айт». [Исро:51]
Ошондо яхудийлер менен мамилесин оңдоп, нормалдашууга барып кылмыш кылгандарга уят жана оор азаптан башка эч нерсе болбойт.
﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾.
«Кылмыш кылгандар Аллахтын алдында кордукка жана катуу азапка туш болушат». [Анъам:124]
10-робиул аввал, 1445-х.
25-сентябрь, 2023-ж.