ЖЭБ зыяндуу Кара-Кече көмүрүнөн баш тартпайт
Кыш мезгилинде шаарда пайда болгон кара түтүн Кара-Кече көмүрүнөн келип чыгары аныкталганына карабастан, Бишкек шаардык бийлиги ЖЭБ (Жылуулук Электр Борбору) Кара-Кече көмүрүнөн баш тартпай турганын билдирди. Т.а. быйыл ЖЭБде жагылышы керек болгон көмүрдүн дээрлик жарымы Казакстандан, калган жарымы мурункудай эле Кара-Кечеден алынат.
Буга чейин Кара-Кече көмүрү зыяндуу экендиги, ошол себептен шаар бийлиги жана Энергетика министрлиги ага тыюу салганы кабарланган. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Аширбаев билдиргендей, быйыл да Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирип берүү уланат. Бирок, анын көлөмү азаят.
Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиевдин айтымында, Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана суу таңкыстыгы себептүү жүз берген энергетикалык кризистер көмүрдү негизги энергия булагы катары көрүүгө мажбурлап жатат.
“Быйыл дагы суу аз болуп жатат. Ошондуктан, биз Бишкек ЖЭБинин кубатын 500 мегаваттка көтөрүп жатабыз. Эгер бизде 250-300 мегаватт кубаты Кара-Кече көмүрү менен иштеп жаткан болсо, калган эски агрегаттар Казакстандын Караганда көмүрүнө ылайыкташтырылган” деди Байгазиев.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Глазгодогуклиматка байланыштуу саммитте 2030-жылга чейин Кыргызстан көмүр кычкыл газынабага чыгарууну 44 пайызга азайтууну пландаштырып жатканын айткан.
Комментарий: Кыргызстанда бардык тармакты камтып алган коррупция Бишкек ЖЭБин да кыйгап өтпөдү. Аталган ишкана 386 миллион долларга реконструкция кылынганына карабастан, анын иштөө сапаты жакшыруунун ордуна, өкмөттө тамыр жайган коррупция себептүү, ого бетер начарлап калган. Себеби, 2014-жылдын апрель айында реконструкциялоо иштери башталып, 2017-жылдын 30-августунда пайдаланууга берилген ЖЭБде арадан эч канча убакыт өтпөстөн т.а. 2018 жылдын январь айында авария болду. Натыйжада шаар калкы кыштын кычыраган суугунда дээрлик бир аптага жылуулуксуз калды. Текшерүүлөрдүн натыйжасында көптөгөн коррупциялык иштер аныкталып, премьер-министр баш болгон бир топ чиновниктерге кылмыш иши козголгон. Эң жаман жери ЖЭБди реконструкциялоо үчүн Кытайдын “Эксимбанк”ынан алынган 386 миллион доллар карызды 2033-жылы үстөк пайызы менен 480 миллион доллар кылып кайтарышыбыз керек. Адаттагыдай эле бул карыз да элдин мойнуна жүктөлөт.
Мындан тышкары, ушунча каражатка реконструкцияланган ЖЭБ мурда көмүр жана мазут менен кандай иштеп келген болсо, ошол бойдон калды. Аны газга же дагы башка экологияга зыяны азыраак болгон отунга өткөрүү жөнүндө ойлонуп да коюшпады. Мына ошентип Бишкек абасы булганган шаарлар рейтингинде алдыңкы орундарды бербей келет. Ал тургай кыш мезгилинде Индиянын Дели, Пакистандын Карачи шаарларынан озуп кетет. Жылуулук берүү мезгили башталары менен Бишкекти кара түтүн каптайт.
Адистердин атайын изилдөөлөрүнүн натыйжасы боюнча, адамдын булганыч абадан дем алышы жүрөк кан-тамыр системасына зыян жеткирет о.э. дем алуу органдарынын бир катар ооруларына себеп болот. Ден соолугу начар адамдар, жаш балдар жана карылар калктын аялуу катмары болуп эсептелет. Айтылышынча, абадагы уулуу заттардын таасири аябай күчтүү жана ал нерв системасына да зыян жеткирет. Расмий өкмөт карапайым калктын мойнуна миллиондогон карыздарды жүктөгөнү аздык кылгансып, келечек муундун ден соолугун да коркунучка кептеп жатат. Негизи капитализмге негизделген башкаруу формасынан мындан башка эмнени күтмөк элек. Себеби капитализмде материалдык кызыкчылык бардык нерседен, керек болсо адамдардын ден соолугунан да жогору турат.
Абдурахман Адилов
buy lasuna generic – purchase diarex for sale oral himcolin
purchase acticin – buy benzac buy generic retin
metronidazole 200mg without prescription – brand cenforce cenforce us
order prometrium 200mg online – order fertomid buy generic clomiphene over the counter
order aygestin 5 mg online – how to buy lumigan where can i buy yasmin
buy yasmin generic – anastrozole without prescription arimidex ca
dostinex online – buy generic cabgolin for sale buy alesse
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓі и–¬е±ЂгЃ§иІ·гЃ€г‚‹ – г‚ўг‚ёг‚№гѓгѓћг‚¤г‚·гѓі гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ г‚ёг‚№гѓгѓћгѓѓг‚ЇгЃЇи–¬е±ЂгЃ§иІ·гЃ€г‚‹пјџ
г‚·гѓ«гѓ‡гѓЉгѓ•г‚Јгѓ« гЃ©гЃ“гЃ§иІ·гЃ€г‚‹ – シアリスジェネリック йЂљиІ© シアリス処方