Габондо генерал Нгема өлкө башчысы катары ант берди

4264
0

Габондо генерал Нгема өлкө башчысы катары ант берди

Габондо 26-августта болуп өткөн президенттик шайлоодо буга чейинки президент Али Бонго үчүнчү жолу жеңип чыккандыгы жарыялангандан кийин т.а. 30-август күнү мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, Габон бийлигин колго алган генерал Брис Олиги Нгема өткөөл мезгил өкмөтүнүн башчысы катары ант берди. Нгема убактылуу мамлекет башчы катары ант ичкенден кийинки сөзүндө бийликти – “эркин жана ачык-айкын” өтүүчү шайлоолор аркылуу – жарандык башкарууга тапшырам деген убаданы берди. Бир нече күн ичинде жаңы өкмөт түзүлө тургандыгын кошумчалаган Нгема, жаңы шайлоо мыйзамы, жаңы кылмыш кодекси жана жаңы конституция боюнча референдум өткөрүү керектигин айтты.

Республика гвардиясынын командачысы генерал Нгема мурдагы президент Умар Бонго 2009-жылы өлгөнгө чейин анын жардамчысы болуп иштеген. Умар Бонго өлгөндөн кийин анын ордун ээлеген уулу Али Бонго менен тил табыша албай калган Нгема, Габондун Рабат жана Дакар элчиканаларына аскерий атташе катары жөнөтүү менен мамлекеттен четтетилгени жөнүндө айтылып келет.

Мамлекетте ишемби күнү болуп өткөн шайлоодо жеңишке жеткен Али Бонгонун үй-бүлөсү өлкөнү 56 жылдан бери башкарып келе жаткан.

Комментарий: Маалымат каражаттарында айрым серепчилердин Африка өлкөлөрүндө болуп жаткан мамлекеттик төңкөрүштөр жөнүндөгү пикирлери жарыяланды. Алардын айтымында, Африка өлкөлөрү эгемендүүлүккө жетүү жана экономикалык кризистерден кутулуу үчүн мамлекеттик төңкөрүштөрдү уюштуруп жатышат.

Негизи аймактагы экономикалык кризистер мамлекеттик төңкөрүштөрдү жеңил ишке ашырууга шарт түзүп жатканы менен, бирок, бул абал мамлекеттик төңкөрүштүн негизги фактору эмес. Себеби, Африка калкы кылымдардан бери жакырчылык, жокчулук жана оор турмушта жашап келе жатканы жашыруун сыр эмес. Бул абал эми эле пайда болуп калган жери жок. Ошондуктан, бул мамлекеттик төңкөрүштөр турмуштун оордугунан эмес, тескерисинче ички бийлик талашуулар же тышкы күчтөрдүн колония талашуусу себептүү болуп жатат деп айта алабыз. Т.а. “Эй Франция, өлкөбүздөн жогол” деп көчөгө чыгып жаткан элдин аракеттери, кээ бир серепчилер айтып жаткандай, колонизатордуктан кутулуу үчүн болуп жаткан аракет эмес. Себеби, колонизатордуктан чыныгы мааниде кутулуу үчүн кылынуучу аракет мабдаий аракет болушу керек. Мына ошондо азаттык үчүн коюлган кадам, өз мабдасынан келип чыккан абалда, колонизаторлорду өлкөдөн кууп чыгуу жана өз акыйдасынан келип чыккан мыйзамдар менен жашоо үчүн ташталган кадам болот, башкача айтканда, ошондо гана бир мамлекеттин колониясынан кутулуп, экинчи мамлекетке көз каранды болуу үчүн болбойт. Ошондуктан, бул козголоңдор ички бийлик талашуулар же тышкы күчтөрдүн колония талашуусу себептүү болуп жатат деп айта алабыз. Себеби, бул жерде мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликтеги малайлардын алмашуусунан башка эч кандай өзгөрүү болбой жатат.

Белгилүү болгондой, Африка өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Исламий өлкөлөр болуп, алар көптөгөн табигый ресурстарга бай. Калктын арасындагы жаштардын 40 пайызы жумушсуз болгон Габондо күнүнө дээрлик 181 миң баррель мунай өндүрүлөт. О.э. бул өлкөлөрдө бардык түрдөгү сыръё жана энергия булактары бар. Ошол себептен бул өлкөлөр Европа жана Америкадан турган ач көз колонизатор мамлекеттер ортосунда күрөш майданы болуп калышууда. Ушундай болгон соң, бүгүнкү күндө мусулмандар ач көз колонизаторлордун жырткычтыгынан кутулуу үчүн алгач аң-сезимдүү түрдө чыныгы өзгөрүш үчүн мабдаий аракет кылып жаткан калыс жамаат Хизб ут-Тахрир менен колунан келишинче бирге туруп аракет кылышы керек. Мусулмандар арасындагы Аллахтан корко турган калыс ниеттүү күч-кубат ээлери болсо, ушул калыс жамаатка нусрат берүүгө шашылышы керек. Антпесе, Исламий өлкөлөр колонизатор мамлекеттер ортосунда күрөш майданы болуп кала берет.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here