Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам жакыр жашайт
Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам жакырчылыктын чегинен төмөн жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылды.
Ага ылайык, өлкөдө 2 миллион 244 миң адам өтө жакыр жашап жатканы аныкталган. Бул жалпы калктын 33 пайызын түзөт. Мындай категорияга кирген адамдардын саны 2021-жылы 1 миллион 678 миңди түзгөн. Статистика өтө кедей жашагандардын катары бир жылда эле 566 миң кыргызстандык менен толукталганын көрсөтүүдө. 2022-жылдын соңунда бир айлык жашоо минимуму адам башына 7 178 сом деп эсептелген.
Ал эми, БУУнун отчётунда өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги 4.3 миллиард калктын үч миллиардга жакыны жакырчылыктын чегинде жашай турганы көрсөтүлгөн. Алардын ар биринин күнүмдүк керектөөсү 2 долларга барабар, ал эми 1.2 миллиардынын керектөөсү 1 доллардан азыраак.
2023-жылы 16-январда жарыяланган «OXFAM» отчётунда болсо, адамдардын 1 пайызы дүйнө байлыгынын үчтөн эки бөлүгүнө ээлик кылышы айтылды. О.э 2022-жылы миллиардерлердин байлыгы көбөйүп, азык-түлүк жана энергетика компанияларынын кирешеси баанын көтөрүлүшү себептүү эки эсе өскөн.
Жогорудагы отчеттордон көрүнүп тургандай, жакырчылыктын азабын Кыргызстан эле эмес, дүйнө калкы татып жатат. Анткени, дүйнө жүзүндө өкүм сүрүп жаткан экономикалык кризистер, жакырчылык жана ачарчылыктарга үстүбүздө өкүм сүрүп жаткан капитализм түзүмү себепкер. Учурдагы кыргыз өкмөтү капиталисттик катуу мыйзамдарды ишке ашырып жаткандыгынын натыйжасы бир жылда эле көрүнүп калды. Демек, мындан кийинки мыйзамдар да байлардын акы укуктарын коргоп, калкты эзүүгө жол ача бермекчи. Анткени, эл аралык жана аймактык мыйзамдар менен бекемделген бул түзүм байлардын дагы да байып, жакырлардын ого бетер жакырланышына жол ачат. Себеби, бул түзүмдө ар ким каалагандай жол менен мүлккө ээлик кылууга укуктуу. Айрыкча, жалпы калктын мүлкү болгон энергия булактары менен пайдалуу казылмаларга капиталисттер ээлик кылып алышкан.
Капитализм түзүмү жакырчылыкты кантип пайда кылышына келсек, бул түзүм өз идеологиясын колонизаторлук жолу менен жайылтат. Тагыраагы, ири мамлекеттер өлкөлөрдү басып алуу, байлык жана ресурстарын талап-тоноо аркылуу өз мамлекетин жана капиталисттерди байытат. Маселен, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги чет элдик инвестициялар пайдасынын 80 пайыздан ашыгы 20 бай мамлекетке кетип жатат. Дүйнөдөгү эң бай үч адамдын байлыгы дүйнөдөгү эң жакыр 48 мамлекеттин ички дүң өнүмүнө барабар. Дүйнөдөгү эң бай 200 адамдын байлыгы дүйнө калкынын 42 пайызынын кирешесинен көптүк кылат.
Буга кошумча, колонизатор, капиталисттердин кызыкчылыгы эл аралык мыйзамдар менен да корголгон. БУУ тарабынан үчүнчү дүйнө өлкөлөрү экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон оор өнөр–жайга ээ болушуна тыюу салынган. Бул мамлекеттер жетекчи мамлекеттер үчүн сырьё базасы болуп эсептелишет о.э. булар айыл-чарба тармагына чектеп коюлган. Айыл-чарбасы үчүн зарыл болгон техникалар болсо ошол колонизаторлордун колунда.
Мындан тышкары, колонизаторлор өз кызыкчылыктары жолунда ар кандай согуштарды чыгаруу менен азык-түлүк таңкыстыгын жаратып, азык-түлүк продукцияларынын баасын кымбаттатты. Маселен, Украинадагы согуштун артынан дан жана дан азыктарынын баасы асмандап жатат. Мындан запкы тарткан кайрадан эле жакыр калктар болуп калмакчы.
Мындай теңсиздик, зулумдуктан кутулуунун жолу бир гана Исламда. Ислам экономикалык проблеманы байлыктарды туура бөлүштүрүү менен чечет. Халифалык мамлекети бир да жакыр адам калбашы үчүн ар бири азык-түлүккө, кийим-кече жана үй-жайга ээ болушун камсыздайт. О.э. Ислам бардык адамдарды медицина кызматы, таалим кызматы жана коопсуздук кызматы менен акысыз камсыздайт. Адамдын мүлккө ээлик кылышын белгилейт жана ээлик кылуунун себеп-жолдорун түзүп, мал-мүлктү, өндүрүштү көбөйтүүгө үндөйт. Исламда мамлекет жалпы мүлк жана мамлекеттик мүлктөн турган нерселерди башкарып, өндүрүштү көбөйтүүгө көңүл бурат. Сүткорлукту арам кылып, Байтулмалдан пайызсыз карыз берет. Мал-мүлк казына болуп чогулуп, бир ууч адамдардын колунда топтолуп калышын арам кылат. Монополияны, габнды жана жердин үч жылдан ашуун иштетилбей калтырылышын арам кылат. Андай жерди кароосуз калтырган адамдан алып, эгин эге турган адамга берет жана фермерлерге жардам көрсөтөт. Импортко муктаж болуу жана ири мамлекеттердин өкүмдарлыгына түшүп калуудан сактанып, өнөр жай жана технологияны өзүндө өнүктүрөт. Бүгүнкү күндө болуп жаткандай, валюта куну төмөндөп, адамдардын колундагы акчанын күчү кетпестиги үчүн валюта алтын жана күмүш акчага негизделет. Капиталист компанияларга жана фонд биржаларга тыюу салып, исламий ширкаттардын гана иштешине жол ачат. Мына ушундай экономикалык саясат гана бүгүнкү күндө адамзаттын үстүндө кара булут болуп айланган зулумдукту кетирип, Алланын өкүмдөрү аркылуу Ислам нурун чар тарапка жаят!
Мумтаз Маверанахрий