Кыргызстан Швеция өкмөтүн Куръанды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды

1801
0

Кыргызстан Швеция өкмөтүн Куръанды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды

1-август күнү Швеция тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жеенбек Кулубаев Швеция мамлекеттик органдарын Куръанды өрттөө акциясына жол бербөөгө чакырды. берди.

“Тобиас Билстрём Куръан китеби өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча швед өкмөтүнүн позициясын белгиледи.Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев “Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу чараларын көрүшү керек” деген пикирин билдирди”, – деп айтылат кабарда.

Комментарий: Мындан бир ай мурда Швецияда Куръан китеби өрттөлгөндөн кийин бир катар Исламий өлкөлөрдүн башчылары бул окуяны каралап, Швеция расмийлерин чара көрүүгө чакырган эле. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары да кезексиз жыйын өткөрүп, буга каршы катуу чечим кабыл аларын жарыялаган. Бирок ошого карабастан, Куръанды кордоо азайгандын ордуна, кайра көбөйүп барууда.

Куфр дүйнөсү 2 миллиарддан ашуун мусулмандын көз алдында – мусулмандар буга каршы олуттуу козголуп кетишинен коркпостон – ушундай жийиркеничтүү иштерди кылууда. Аларды буга үндөгөн нерсе мусулмандардын коркоктугу же уктап жатышы эмес.  Себеби, бүгүнкү күндө мусулмандарда ойгонуунун белгилери ачык-айкын көрүнө баштады. Айрыкча жаштар арасында ойгонуу деңгээли өнүгүп, Исламий сакафаттын кеңири жайылышы даана көрүнө баштады. Куфр калкында 2 миллиарддан ашуун мусулман биригип кетет деген коркунуч жок. Алар бул нерседен кадыржам. Ошондуктан, алар Куръанга жана Исламий баалуулуктарга каршы батынып жатышат. Себеби, колонизатор Батыш мына ушул күндөн-күнгө ойгонуп бара жаткан мусулмандардын үстүнө, куфрдун ушундай жийиркеничтүү иштерине каршы баш көтөрүүдөн тосуп туруучу акимдерди орнотуп койгон.

Мындай учурда бул акимдердин негизги милдети – нааразылык билдирүү, катуу каралап-сындоо же Кулубаевге окшоп, Батыш мамлекеттеринин расмийлерин Куръанды өрттөө боюнча жаңы акцияга жол бербөөгө чакыруу менен бир катарда, эгер мусулмандар чыныгы мааниде олуттуу козголо турган болсо аларды күч менен болсо да бастыруудан турат. Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдардын милдети болсо, шашылыш жыйын өткөрүү, анык токтомдорду кабыл алууга жана олуттуу кадамдарды таштоого убада берүү о.э. тынчтандыруучу билдирүүлөр аркылуу мусулмандардын ачуусун бастыруудан турат.

Ошондуктан бүгүнкү күндө мусулмандардан талап кылынган нерсе, Исламий баалуулуктардын тебеленишине каршы нааразылык билдирүү менен бир катарда кафир Батыш мусулмандардын үстүнө орнотуп койгон акимдерди кулатып, алардын ордуна бардык мусулман өлкөлөрүн бир байрак алдына бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылуу. Анткени, Халифалык мамлекети Куръанды тебелеген буттарды жана Аны өрттөгөн колдорду кесип таштайт. Мындай иштерге батынып жаткан душмандарды бир заматта акылына келтирип коёт. Ислам үммөтүнө жоготкон айбатын жана тарыхтагыдай күч-кубатын кайтарып берет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here