Швецияда Куран кайрадан акааратталды

2362
0

Швецияда Куран кайрадан акааратталды

         Швецияда Ирактын элчилиги астында кайрадан Куран акааратталды. Курман айттын биринчи күнүндө Швеция борбордук мечитинин алдында Куранды акаараттап, өрттөгөн Салван Момика, бул ирет Ирактын Стокгольмдогу элчилиги алдында Куранды, Исламды акаараттады. Анын коопсуздугун полиция кызматкерлери камсыздап турду.

         Стокгольмдогу окуядан улам Ирак калкы Багдаттагы Швеция элчилигин талкалап кирип өрттөдү. Калктын нааразылыгы күчөгөндүктөн, Ирак өкмөтү Швеция элчилигин өлкөдөн чыгарып, Стокгольмдогу элчисин чакыртып алганга мажбур болду.

         Буга чейин январь айында швециялык каапыр Расмус Палудан дагы Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. Апрель айынын башында болсо Швециянын Админстративдик соту Куранды өрттөгөн демонстрацияларга койгон тыюусун алып салган. Сот муну өлкөдө жыйын куруу жана демонстрацияга чыгуу эркиндиги Конституцияда корголгону менен түшүндүргөн.

         Батыштын “эркиндик” шылтоосу менен Ислам жана мусулмандарга каршы жийиркеничтүү күрөшү токтобой уланууда. Аларда Куранды өрттөө же Расулуллах ﷺды акаараттоо сыяктуу мусулмандардын баалуулуктары кордолгондо дароо “сөз эркиндиги” пайда болот. Ал эми, Макрондун карикатурасы тартылганы сыяктуу окуяларда сөз эркиндиги “ар намыска шек келтирүүгө” алмашып калат. Ал эми, мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери каапырлардын мындай жийиркеничтүү аракеттерине куру сөз айтуудан ары өтө албай турган болуп калышты. Айрымдарынын ачуу сөздөрү шайлоо астындагы гана упай топтоочу популисттик аракетке айланып калды. Ал эми, шайлоо бүткөн соң кайрадан Куран өрттөөгө шарт түзүп берген мамлекет менен камыр-жумур мамиле түзүүдө.

         Демек, биз мусулмандар каапырлардын Куран жана Пайгамбарыбызга каршы күрөштөрүнө кайдыгер карабашыбыз керек. Эгер кайдыгер болсок, бул аларды шыктандырып, башка баалуулуктарыбызга да чабуул кылышы айдан ачык. Буга кошумча, үстүбүздөгү жетекчилерди бүгүнкү кор абалдан кутулуп, Ислам баалуулуктарын коргоого чакырышыбыз зарыл. Алар тарыхтагы жетекчилерден өрнөк алышы шарт. Маселен,  Абдулхамид II Халифалык кулатылышынан жыйырма жыл мурда Франция менен Британияда Вольтердин Расулуллах (с.а.в)ды акаарат кылган «Фанатизм» деген пьесасы көрсөтүлүшүнө каршы турган. Халифа Абдулхамид II пьесанын мазмунунан кабардар болуп, Фаранциядагы өз элчиси аркылуу Франция өкмөтүн эгер пьеса көрсөтүлсө, бул кооптуу саясий акыбетке алып келишинен эскертет. Ошондо Франция пьесаны көрсөтүүнү тезинен токтотот. Кийин ушул пьесаны коймокчу болгон театр Англияга кетет. Халифанын ушул эскертүүсү Англияга да жолдонгондо Англия өкмөтү: «Билеттер сатылып бүттү, эми аны токтотуу жарандарыбыздын эркиндигин тебелөө болуп эсептелет», деп жооп берет. Ошондо султан төмөнкүдөй буйрукту чыгарат: «Мен бүткүл Ислам Үммөтүнө жолдоп жаткан ушул буйругум! Британия Набийибизди акаарат кылууда! Буга каршы жихад жарыя кылам…». Ушул эскертүүнү алышкан соң, британдыктар пикир эркиндигин да унутуп, тезинен пьеса токтотулат.

         Эй мусулман жетекчилери! Араңарда Батыштын нормалдашуу сунуштарын жана жүз жылдык ыплас пландарын четке кага турган Абдулхамиддер жокпу? Алла акысына! Араңарда Ислам жана мусулмандардын ар-намысын коргой турган Муттасимдер жокпу?

         Эй бийлик ээлери! Аллахтан корккула! Бүгүн болбосо качан кыймылга келесиңер? Куранды коргобосоңор башка нени коргойсуңар?! Бүгүнкү уйкуңар үчүн Аллахтын алдында кантип жооп бересиңер?!

Эй үммөттүн аалымдары! Силер Аллахка эң жакынсыңар жана үммөткө өрнөк болушуңар шарт! Бул көрүнүшкө каршы Ислам талаптарын жетекчилерге жана үммөткө эскерткиле! Эй жазуучулар жана блогерлер! Аллах үчүн мунун чыныгы чечимин айтып чыккыла!

        Эй мусулмандар! Биз качантан бери Кураныбыз өрттөлүп тебеленишин кайдыгер абалда күзөтө турган болуп калдык? Жеп-тойбос каапырлардын биздин баалуулуктарыбызды биринин артынан экинчисин тебелеп-тепсешине качанга чейин сүкүт сактайбыз?

         Эй Ислам үммөтүнө жана Ислам баалуулугуна чабуул кылып жаткан дин душмандары! Пайгамбарыбыз (с.а.в) убада кылган адамзатты бул дүйнөдө жана акыретте куткара турган Рошид Халифалык тикелене турган күн алыс эмес. Айрыкча, Швециядагы ыпластыктарга каршы миллиондогон мусулмандар көчөлөрдө такбир айтып турган соң бул күн алыс эмес. Себеби, Халифа Ислам жана мусулмандарды ар кандай чабуулдардан коргой турган калкан болуп эсептелет. Расулуллах ﷺайтат:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مَنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан» (Муттафакун алайх).

         Бул калкан мусулмандарды дээрлик 1400 жыл коргоду. Муну Халифалыктын тарыхы тастыктап турат. Качан бул калкан тикеленсе, Аллахтын изни менен Ислам жана мусулмандар дагы кайрадан азиздикке жетери анык.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here