Умматтын оор абалын күч-кубат ээлеринин нусраты гана өзгөртөт

504
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Умматтын оор абалын күч-кубат ээлеринин нусраты гана өзгөртөт

Умматтын аянычтуу оор абалын күч-кубат ээлеринин нусраты гана өзгөртүшү ачык-айкын болду. Уммат Аллахтын шариятын өкүмдар кылууну тынымсыз талап кылып келди. О.э. кафир режимдерди кулатууну жана алардын урандылары үстүнө Ислам бийлигин тикелөөнү талап кылып, көкүрөгүн тосуп көчөлөргө чыкты. Бирок, Уммат багып жаткан мусулман офицерлери жана армия командачылары Умматтын бир бөлүгү жана перзенттери болсо да, Умматты жардамсыз калтырышты. Ошондуктан, бүгүнкү күндө исламий өлкөлөрдөгү залим жана малай мусулман өкүмдарларынын күнөөсүнө аскерийлер да шерик. Алар Аллах Тааланын:

﴿إِنَّ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا كَانُوا خَاطِئِينَ

«Албетте, Фиравн, Хаман жана алардын аскерлери ката кетирүүчү болушту»      [28:8]

деген аятына ылайык, күнөөдө ушул өкүмдарлар менен бирдей. Аяттагы ката кылуунун мааниси – күнөө. Куфрдун башы Фиръавн, вазири Хаман жана аскерлери бирдей күнөөкөр. Ошондуктан, бир да аскер жана офицер өзүн өкүмдардын зулумунан жана куфрунан акташы жаиз эмес, өкүмдардын зулумуна, куфр менен өкүм жүргүзүшүнө, малайлыгына, фасык жана фажирлигине жооптуу эместигин айтышы туура эмес. Тирмизий, Насаий жана Ахмад өзүнүн «Муснад»ында Каъб ибн Ужра розияллаху анхудан риваят кылган хадисте келишинче, Расулуллах ﷺ залимдердин жардамчылары болуудан кайтарган. Каъб мындай дейт: «Алдыбызга Расулуллах ﷺ чыгып айтты:

«اسْمَعُوا، إنَّهُ سَيَكُونُ بَعْدِي أُمَرَاءُ، فَمَنْ دَخَلَ عَلَيْهِمْ فَصَدَّقَهُمْ بِكَذِبِهِمْ وَأَعَانَهُمْ عَلَى ظُلْمِهِمْ فَلَيْسَ مِنِّي، وَلَسْتُ مِنْهُ، وَلَيْسَ بِوَارِدٍ عَلَيَّ الْحَوْضَ»

«Кулак салгыла, менден кийин ушундай бир жетекчилер болот, ким алардын алдына кирип, жалганын тастыктаса жана зулумуна жардам берсе, ал менден эмес, мен да андан эмесмин. Ал Хавзымдан суу ичпейт».

Ошондуктан, исламий армиялардын катарындагы Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген акыл жүргүзгөн офицерлер өз иштерин оңдошу зарыл. Бул болсо, Расулуллах ﷺ башарат кылган Пагамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам берүү менен болот. Эгер, алар ошондой кылышса, эки дүйнөдө ийгиликке жетишет. Бирок, бул дүйнөгө жабышып алышса, анда, түбөлүктүү жерди колдон чыгарышат жана Уммат да аларды Фиръавн жана Хамандын аскерлерин эстегендей эстейт.

 

 Роя гезити, №450, 2023-жыл, 5-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here