Хижрат – Ислам мамлекети тикеленген күн
Бүгүн Хижраттын 1445-жылы башталууда. Бул күн Алланын момундарга жакшылык кылган күндөрүнүн бири болуп, биз аны дайым эсте тутабыз жана мусулмандарга да эстетебиз. Бул эстетүү аларга пайда берип, турмушта мына ушундай күндү жүзөгө келтирүү үчүн аракет кылууга себеп болсо ажеп эмес.
Чындыгында, күндөр айланып, өзүн жаңылап турат. Хижрат күнү Исламда ажыратуу күнү деп аталат. Ал күндө Алла Таала даъваттагы эки баскычтын арасын ажыраткан. Башкача айтканда, алсыз, азчылык жана кооптуу даъват баскычы менен Ислам дөөлөтү аркылуу мусулмандарга башпаанек берген баскычтын ортосун ажыратты. Бул туурасында Алла Таала мындай деди:
وَاذْكُرُوا إِذْ أَنْتُمْ قَلِيلٌ مُسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَنْ يَتَخَطَّفَكُمْ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُمْ بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُمْ مِنْ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
«Жана силер жерде азчылык жана алсыз болгон абалыңарда, адамдар талап кетүүлөрүнөн коркуп турган убагыңарда, силерге жай берип, Өз жардамы менен колдоп-кубаттагандыгын жана шүгүр кылышыңар үчүн таза ырыскы бергендигин эстегиле!». [8:26]
Бул күндүн канчалык кадырлуу экендигин, анын маанисин саййидибиз Умар (р.а) өзүнүн жогору аң-сезими менен түшүнгөндүктөн, ушул күндү жылдардын башталышы кылып белгиледи. Ошондуктан, ал: «Хижрат акыйкат менен батылдын ортосун ажыратып жиберди. Эми тарыхты мына ушул хижраттан баштагыла» – деди. Чындыгында, Мадинада хижрат күнү мамлекеттин тикелениши аркылуу Алла акыйкат менен батылдын ортосун ажыратты. Мусулмандар кудум бүгүнкү күндөгү абалы сыяктуу кордолгон, алсыз абалда жашашкан.
Набий (с.а.в)дын сийратын үйрөнгөн киши ал кезде да материалдык жактан эч бир жеңиштен үмүт болбогонуна күбө болот. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в) жана сахабалары Маккадагы акыркы күнгө чейин зулумдук астында жашашты. Кафирлер Пайгамбарыбыз (с.а.в) хижрат кылып жатканда өлтүрмөкчү болушканы мусулмандардын канчалык оор абалда жашашканын ачык көрсөтүп турат. Чар тарап динсиздикке, зомбулук жана кулчулукка малынгандыктан адамдар нажаттан үмүтүн үзүшүп, өкүмдар режимдердин зулуму күчөгөн. Буга карабай Аллахтын аяттары момундарга кайрат берип, жүрөктөрүнө кадыржамдык, дилдерине ырахат тартуулап турган. О.э жарык күндөр жакын экени, кафирлер каалабаса да, үстөмдүк динге таандык болору жөнүндө кушкабар берип турган. Даъватты көтөрүп чыккандар мына ушундай окуяларды башынан өткөрүп, мусибаттарга сабыр кылышты. Анткени, алар Аллахтын жарык күндөрү жакын экенине бекем ишенишкен.
Бүгүнкү күндөгү мусулмандар да өтмүштөгү сахабалар сезген нерсени сезишет. Анткени, даъват кысым астында калып, даъватты көтөрүп чыккандар өмүрүн куугунтук, тухмат, кыйноо менен өткөрүп, өлтүрүү менен натыйжаланууда. Мына ушул жагынан бүгүнкү жана мурунку даъватчылардын окуялары бири-бирине абдан окшош.
Ал эми, хижраттан кийин мусулмандар Ислам туусу астында биригип, күчтөрү бир жерге жыйылып, кордуктан кийин азиз кишилерге, жеңилүүдөн кийин жеңүүчүлөргө айланышты. Анткени, хижрат мамлекет болуу үчүн, жер жүзүнө мыйзам коюу үчүн, адилеттик менен өкүмдарлык кылуу үчүн, бүткүл мусулмандар бир калкан астында жашоо үчүн, таухид келмесин дүйнөнүн төрт бурчуна жаюу үчүн, дарул куфрду дарул Исламга айлантуу үчүн жасалган куттуу жүрүш болгон!
Расулуллах (с.а.в) Маккадагы он үч жылдык даъватты ушул мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылып, көптөгөн араб урууларын зыярат кылып, алардан нусрат талап кылган. Ошентип, Аллах Талаанын мээрими менен, талапты Мадинадагы Авс жана Хазраж уруулары кабыл алышты. Мусулмандардын алгачкы мамлекети алардын колу менен тикеленип, жаңы доор башталды.
Хижратты Алла Таала «нусрат күнү» деп атаган. Алла бул күндө Расулулла (с.а.в) менен анын досторун коргоду жана Өзүнүн нусраты менен аларга жолдош болду. Бул күндүн натыйжасында капырлардын сөздөрү төмөн, ыйман келтирген заттардын сөзү жогору-бийик болду. Ошондуктан, капырлар хижрат күнүнө каршы болгон айла-амалдарын иштетишти. Бүгүнкү күндө да каапырлардын абалы ушундай. Себеби, Батыш мамлекеттери жана аларга малай акимдер бул күндүн өздөрүнө канчалык кооптуу экендигин абдан жакшы билишет. Ошондуктан, алар Ислам жана даъватчыларга каршы зордук-зомбулук кылууда жана аёсуз чараларды көрүүдө мурдагы каапырлардан кем калышпай күрөшүүдө. А бирок, бүгүн да кечээ момундарды Өз коргоосунда сактап, нусрат берген Аллах даъватты алып чыгуучуларга аманатты бекем кармашса эле Өз коргоосунда сактап, нусрат бериши талашсыз. Алла Таала айтат:
وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ
«Жана ыйман келтирген заттарды жеңишке жеткирүү Биздин мойнубуздагы милдет». [30:47]
Ооба, хижрат күнү мусулмандар алардын үстүнө зордук менен жүктөлгөн куфр диярынан, тынч-аманчылыкта боло турган, ар-намыстары корголо турган, алардын үстүнөн куфрдун колу менен зулуму алып таштала турган Ислам диярына көчүшөт. Ошондуктан, мусулмандар Исламий турмушту баштоонун тарыйкаты болгон Халифалыкты тикелөө үчүн катуу аракет кылуулары важип. Расулулла (с.а.в)дын жолунан жүргөн ар бир киши Алланын уруксаты менен мына ушул күнгө жетип барат. Биз Алладан амал кылып жаткан мусулмандарды ушул динге жардам берүүгө жана мына ушул хижрат күнүнө жеткирүүсүн сурап калабыз. Алла Таала айтат:
إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا
«Албетте Алла Өзү (каалаган) ишине жетүүчү (Анын каалоосуна каршы туруучу кимсе жок). Чындыгында Алла бардык нерсе үчүн өлчөө кылып койгон». [65:3]
Мумтаз Маверанахрий