Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары
Бейтаптарга кайра калыбына келүү жана реабилитация мезгилинде жардам берүү
Хиррургиялык операциялардан кийин о.э. курч инфекциялар, жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу кээ бир ооруларды баштан өткөргөн соң, бейтаптар күчкө толушу, жисманий жана рухий салаламаттыгын кайрадан калыбына келтириши үчүн аларга убакыт керек болот. Кээде алар бул убакыт аралыгында иштей албашы мүмкүн. Ошондуктан, мамлекет бул убакыт аралыгында алардын негизги муктаждыгын камсыздап берет. Тиричилик артынан жүрүү алардын саламаттыгына зыян жеткирбеши үчүн ден соолугун калыбына келтирүү учурунда аларга керек болгон каражаттар Байтулмалдан берилет.
Үй-бүлөсү жардам бере албай турган майыптарга, карыларга, жарадар болгондорго жана рухий майыптарга кызмат көрсөтүү жана аларга жардам берүү
Муктаждар, майыптар, жисманий же аклий оорулуулар, айрыкча, тамак-аш, кийим-кече жана турак жай маселесинде жардамга муктаж болушат. Аларга жардам берүү жаатындагы эң биринчи жоопкерчилик алардын мукаллаф үй-бүлө-мүчөлөрү жана тууган-уругунун мойнунда болот. Бирок, эгер алар кудуреттүү болушса, мукаллаф тууган-уруктардан ушул жардамдарды өндүрүү жоопкерчилигин камсыздоону мамлекет өзү көзөмөлдөйт. Ал эми жардам берүүгө кудуреттүү мукаллаф туугандары жокторду мамлекет өзү камсыздайт. Расулуллах с.а.в. айтат:
مَنْ تَرَكَ مَالاً فَلِلْوَرَثَةِ وَمَنْ تَرَكَ كَلاًّ فَإِلَيْنَا
“Кимде-ким мал-дүйнө калтырып кетсе, ал мураскорлору үчүн. Кимде-ким жетим калтырып кетсе, ал биздин мойнубузда.” Бухарий өз “Сахих”инде риваят кылган.
Муслим Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылат. Набий с.а.в. айткан:
وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ إِنْ عَلَى الأَرْضِ مِنْ مُؤْمِنٍ إِلاَّ أَنَا أَوْلَى النَّاسِ بِهِ فَأَيُّكُمْ مَا تَرَكَ دَيْنًا أَوْ ضَيَاعًا فَأَنَا مَوْلاَهُ وَأَيُّكُمْ تَرَكَ مَالاً فَإِلَى الْعَصَبَةِ مَنْ كَانَ
“Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун, дүйнө жүзүндө бир момун болсо, албетте, мен ага адамдардын эң жакынымын. Демек ушундай болгон соң, кайсы бириңер карыз же жетим калтырып кетсе, ал менин мойнумда. Кайсы бириңер мал-дүйнө калтырып кетсе, ал ким болушуна карабастан, анын туугандарына”.
Хаттобий ушул хадистеги жетим тууралуу мындай дейт: “Жетим масдар маанисинде сөөк узаткан адамдын сыпаты. Т.а. хадисте “Эч нерсеси жок жетим” калтырып кеткен киши жөнүндө сөз болуп жатат. Ушул хадиси шариф мына ушундай кишилерди карамагына алуу мамлекетке важиб экендигине далил болот”.
Майыптар арабасы, балдак жана угуучу аппараттар сыяктуу майыптар үчүн зарыл болгон жабдыктар же кызматтарга келсек, буларды мамлекет камсыздашы керек. Себеби, булар зарурий муктаждыктар катарына кирет. Эгер бул нерселерде таңкыстык болсо, муктаждарга зыян жетет. Расулуллах с.а.в. айтат:
لا ضَررَ ولا ضِرارَ
“Зыян жеткирүү да, зыян тартуу да жок”. Хаким бул хадисти “ал-Мустадрак”та риваят кылган жана аны Муслим шартына ылайык иснады сахих хадис деген. Ошондуктан, мындай жабдык жана кызматтар “муалажа” түркүмүнө кирет. Себеби, булардан көздөлгөн максат дене мүчөлөрүнүн жоголушу же кемчилиги натыйжасында пайда болгон майыптыкты дабалоо. Бул тармактар, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, мамлекеттин башкаруудагы милдети болуп эсептелет.
Өзүнө хос этибар жана өзүнчө камкордук талап кылганы үчүн тууган-уруктары карай албай турган аклий же жисманий алсыз кишилерге, же эгер кароосуз өз абалына таштап койсо, жакындарына да, жамаатка да зыян жеткире турган кишилерге зарыл болгон шарттарды, атайын жайларды Ислам мамлекети даярдап берет. Мындан тышкары, мындай жайларда майыптар үчүн зарыл болгон шарттарды камсыздоо, бейтаптарга жылуу мамиледе болууну да камсыздоо мамлекеттин мойнунда о.э. мындай кызматтар инсаний муктаждыктарга ылайык жогорку деңгээлде болушу керек. Шарият майыптарга жеңилдик берген. Шарият эч кимге такаатынан жогору, мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча жүктү жүктөбөйт. Ошондуктан, өзгөчө муктаждыгы бар кишилер фарз өкүм жана таклифтердин көбүнөн бошотулган. Аллах Таала айтат:
لَا یُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ
“Аллах эч бир жанды мүмкүнчүлүгү жетпеген нерсеге буйрубайт”. [2:286].
Таклифий өкүмдөрдүн көбүндө майыптарды абайлоо о.э. аларга жеңилдик кылып, аларды кыжалаттыктан куткаруу Аллах Субханахунун аларга көрсөткөн мээримдүүлүгү болуп эсептелет. Бухарий Зайд ибн Собиттен риваят кылат. Расулуллах с.а.в. ага мына бул аятты жаздырып жаткан эле:
لَّا يَسْتَوِي الْقَاعِدُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ
“Отуруп калган момундар Аллахтын жолунда жихад кылгандар менен тең болбойт”. Расулуллах с.а.в. мага аятты жаздырып турган бир учурда Умму Мактумдун уулу келип: Я Расулуллах! Аллахка ант болсун, эгер жихадга кудуреттүү болсом, албетте, мен да жихад кылмакмын, – деди. Анын көзү көрбөйт эле. Ошол кезде Аллах Таала өзүнүн элчисине вахий түшүрдү. Вахий түшүп жаткан убакта Расулуллах с.а.в.дын тизелери менин тиземе тийип турган. Бул абал мага аябай оор болду. Ал тургай, тизелерим талкаланып кетишинен коркуп кеттим. Андан соң, акырындап өзүнө келди. Аллах таала ошондо: غَيْرُ أُولِي الضَّرَرِ “Зыян тарткандан башкалар”, аятын түшүргөн эле.
Аллах Таала махсус муктаждыгы бар адамдарга жеңилдик кылып мындай дейт:
لَّیۡسَ عَلَى ٱلۡأَعۡمَىٰ حَرَجࣱ وَلَا عَلَى ٱلۡأَعۡرَجِ حَرَجࣱ وَلَا عَلَى ٱلۡمَرِیضِ حَرَجࣱۗ وَمَن یُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ یُدۡخِلۡهُ جَنَّـٰتࣲ تَجۡرِی مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَـٰرُۖ وَمَن یَتَوَلَّ یُعَذِّبۡهُ عَذَابًا أَلِیمࣰا
“Көзү сокур кишиге кысым жок. Чолокко кысым жок. Оорулууга кысым жок. Ким Аллах жана анын пайгамбарына моюн сунса, Ал Зат аны астынан дарыялар агып тура турган бейиштерге киргизет. Ким жүз буруп кетсе, аны жан чыдагыс азап менен азаптайт”. [48:17].
Муслим өзүнүн “Сахих” инде Хасъам уруусунан болгон бир аялдан риваят кылат. Ал аял: Я Расулуллах, менин атам улгайып калган. Анын мойнунда ажылык милдети бар. Ал болсо, улоо үстүндө да түз отура албайт, – деди. Ошондо Расулуллах с.а.в. ага:
فحجي عنه
“Анын ордуна сен ажылыкка бар”, – деди. О.э. Ислам аклий оорулууларды шаръий таклифтерден азат кылды. Акылды таклиф манаты – шаръий өкүмдөр жүктөлө турган борбор катары белгиледи. Айша энебиз разияллоху анхадан риваят кылынган хадисте айтылат:
رُفِعَ القَلَمُ عن ثلاثة: عن النَّائمِ حتَّى يَسْتَيْقِظَ، وعن الصَّبي حتَّى يَحْتَلِمَ، وعن المجنون حتَّى يَعْقِلَ
“Калам үч кишиден(күнөөсүн жазуудан) көтөрүлдү. Алар уктап калган киши, качан уйкусунан ойгонгуча, жаш бала, качан балагатка жеткенге чейин о.э. мажнун, качан акыл-эсине келгенге чейин”. Ушул хадисти Абу Давуд чыгарган жана аны Муслим шартына ылайык сахих хадис деген.
Чындыгында, Расулуллах с.а.в. жана анын халифалары майып, алсыз жана бейтаптарга камкордук кылуу менен алектенишкен. Ал тургай, Расулуллах с.а.в. ушундай кишилерге качан алардын муктаждыгы камсыздалганга чейин жанында туруп, аларга мээрим көрсөтөт эле. Муслим Анас разияллоху анхудан риваят кылат.
أنَّ امْرَأَةً كانَ في عَقْلِهَا شيءٌ، فَقالَتْ: يا رَسولَ اللهِ، إنَّ لي إلَيْكَ حَاجَةً، فَقالَ: يا أُمَّ فُلَانٍ انْظُرِي أَيَّ السِّكَكِ شِئْتِ، حتَّى أَقْضِيَ لَكِ حَاجَتَكِ، فَخَلَا معهَا في بَعْضِ الطُّرُقِ، حتَّى فَرَغَتْ مِن حَاجَتِهَا
Бир аялдын акылында кемчилик бар эле. Ал аял: Я Расулуллах сизге муктаждыгым бар, сизде ишим бар, -деди. Ошондо Расулуллах с.а.в.: “Эй баланчанын энеси, муктаждыгыңды камсыздашым үчүн кайсы көчө менен жүрүүнү каалайсың”, – деди. Ошондон кийин Расулуллах с.а.в. ал аял менен айрым көчөлөрдө жүрдү. Ал тургай, ал аял өзүнө керектүү нерселерди алды. Ибн Жувзий “Умар ибн Абдулазиз сийраты” китебинде Хакам ибн Умар ар-Руъайний кабары бөлүмүндө айтат: Умар ибн Абдулазиз разияллоху анху Шам шаарларындагы акимдерге ар бир сокур, майып, шал оорулуу жана намазга турууга тоскоолдук кылган өнөкөт оорусу бар адамдардын тизмесин түзүүнү буйруду. Натыжада алардын тизмеси халифага жеткирилди. Ошондо халифа ар бир сокурга бирден жол көрсөтүүчү жана өнөкөт оорусу бар эки адамга бирден кызматчы дайындоого буйруду. Уммавий халифа Валид ибн Абдулмалик да ушундай кылган. Ибн Касир “Ал-бидая ван-нихая” эмгегинде ибн Жарирден келтирет: “Валид ибн Абдулмалик Шам калкынын арасында эң абзел халифалардан болчу. Ал Дамаскта мечиттерди курдурду, мунараларды тургузуп, адамдарга берди. Аларга: “Адамдардан сурабагыла”, – деп айтчу. Ар бир майыпка бир кызматчы жана ар бир сокурга бир жол көрсөтүүчү берди”.