Франциядагы демонстрациялар колониалдык жана расисттик саясаттын мөмөсү

3532
0

Франциядагы демонстрациялар колониалдык жана расисттик саясаттын мөмөсү

Францияда полиция кызматкерлери теги алжирлик 17 жаштагы Наэлди атып өлтүргөндөн кийин тутанган нааразылыктар али күнгө чейин уланууда. Расисттик көрүнүшкө каршы чыккан нааразылыктар бир катар шаарларга жайылды. Социологдор башаламандыктар менен коштолгон демонстрацияларды 2005-жылдагы окуяларга окшотууда. 2005-жылы Ички иштер министри Никола Саркози нааразылык отуна бензин чачып, “бул ыпластардан шаарларды тазалайм” деген эле. Саркозиден кем калышпаган улутчул саясатчылар Нахелди өлтүргөн полиция үчүн колдоо кампаниясын уюштуруп, 1 млн 600 миң евро чогултушту. Ал эми, курман болгон өспүрүмдүн апасы үчүн чогултулган жардамдар эселеп артта калды. Бул болсо француздардын текчилдиги кылмышкерди колдоодон да кайра тартпай турганын ырастап турат. Демек, “эркиндиктер бешиги” аталган Франция тескерисинче, эркиндиктер чектелген жана бузукулуктарды гана коргоочу мамлекет болуп эсептелет. Ал эми, конституциясында жазылгандар куру сөздөрдөн башка нерсе эмес. Маселен, Франция “ишеним эркиндиги” конституциясында жазылганына карабай 2014-жылы никабга тыюу салды. Буга кошумча, 2030-жылга мусулмандардын санын 20%дан ашырбоо стратегиясы кабыл алынган.

         Түпкүлүгүндө, полиция менен Саркозинин кылган иштери Франциянын колонизаторлук саясатына барып такалат. Анткени, Франция өтмүштөгү империалисттик баскынчылыгын бүгүнкү күнгө чейин улантып келет. Учурда 14 Африка өлкөсү алтын резервдерин Франция Борбордук банкында сактоого мажбур. Эч бир алтын өндүрбөгөн Фрранциянын алтын резерви 2 миң 436 тоннаны түзүп, дүйнөдө 4-орунда турат. Ал эми, жылына 50 тонна алтын өндүргөн Малинин алтын резерви 0 (жок). Бул африкалыктардын алтындары ар кандай жасалма келишимдер менен Францияга агып жатканын түшүндүрөт. Башка баалуу металдар да дал ушундай жолдор менен Европага ташылууда. Бул болсо Африкасыз Франция эч ким эмес экенин билдирет. Муну экс-президенттердин сөзү да тастыктап турат. Мурдагы президент Жак Ширак мындай деген: “Aфрика болбосо Франция тездик менен үчүнчү дүйнө өлкөсүнө айланат”. Ал эми экс-президент Франсуа Миттеран айтат: “Aфрика болбосо Франциянын жыйырма биринчи кылымдагы тарыхы болбойт!”. Бул империалисттер Африканын материалдык байлыктарын ташып гана тим болбостон, адамдарды жумушчу күч катары ташып келишкен. Айрыкча, экинчи дүйнөлүк согуштун артынан араб жана африка калктары Францияга көчүрүлүп, отурукташтырылды. Бул көчмөндөргө француздар артта калган, экинчи сорт адамдар катары мамиле кылышты. Бул мамиле бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканын Наэлдин окуясы дагы бир ирет ырастады. Тагыраагы, президент Макрон баштаган саясатчылардын нааразылыкка чыккандарга карата билдирүүлөрү ачык көрсөтүп турат. Буга кошумча, өлкөдөгү теңсиздик, тагыраагы, капиталисттердин байлыгынын артышы, жакырлардын дагы да жакырланышы кризисти күчөтүп барууда.  

         Мунун каршысында, Ислам ар түрдүү дин, тил, уруу, материктеги калктарды бир майданда жуурулуштуруп, бириктирүүчү кубатка ээ. Маселен, Билал сыяктуу хабашийди, Сухайб сыяктуу румду, Салман сыяктуу персти бир коом ичинде бир тууган катары жашатты. Араб жарым аралынан сыртка жайылган Ислам түрдүү калктарды бир үммөткө айлантты. Миңдеген Абу Ханифа сындуу аалымды, Салахуддин сыяктуу саясатчыларды жана Мухаммад Фатих сымал кол башчыларды өстүрүп чыгарды. А түгүл, Субавайх сыяктуу араб болбосо да араб тилинин грамматикасын түзүүчүлөр чыкты. Хадистерди топтогон Бухарий, Муслим, Сунан ээлери да араб эмес эле. А түгүл, Ислам өтмүштөгү кулдарды султанга айландырды. Маселен, Андалусияны фатх кылган Тарик ибн Зияд азат кылынган кул эле. Булардын баары Исламда расизм, улутчулдук жана текчилдикке байланыштуу эч бир көрүнүш жок экенин ачык көрсөтүп турат. Ал эми, АКШ, андан кийин Францияда жүз берген расисттик окуялар капиталисттик системанын кулап бара жатканынын ачык көрүнүшү болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here