بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Раштадан мубарек Шам жериндеги акыйкатты бийик айтып жаткан даъватты жеткирүүчүлөргө
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Кадырлуу боордоштор, силерди ар тараптан проблемалар курчап турган болсо да, ыйманы алсыз жана жүрөктөрү булганган адамдардын курчоосунда калган болсоңор да, күчтүү позицияны карманып, жемелөөчүнүн жемесинен коркпостон акыйкат үстүндө бекем турганыңар мени кубантты. Силер Аллах Субханаху ушул аятта айткан кишилерден болдуңар:
﴿الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَاناً وَقَالُوا حَسْبُنَا اللهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ * فَانْقَلَبُوا بِنِعْمَةٍ مِنَ اللهِ وَفَضْلٍ لَمْ يَمْسَسْهُمْ سُوءٌ وَاتَّبَعُوا رِضْوَانَ اللهِ وَاللهُ ذُو فَضْلٍ عَظِيمٍ * إِنَّمَا ذَلِكُمُ الشَّيْطَانُ يُخَوِّفُ أَوْلِيَاءَهُ فَلَا تَخَافُوهُمْ وَخَافُونِ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ﴾
«Андайларга айрым кимселер: «Курайш адамдары силерге каршы (санаксыз аскер) топтогон, корккула» дешкенде бул сөз алардын ыймандарын кайра күчөттү жана: «Бизге жалгыз Аллахтын Өзү жетиштүү, Ал эң жакшы ишеничтүү өкүл» дешти. Анан ал жүрүштөн бир да жамандык жетпей, Аллахтын ниъматы жана жоомарттыгы менен кайтышты. Алар Аллахтын ыраазычылыгын эңсешти. Аллах болсо улук фазилет, карам-кеңчилик ээси. Албетте ошол (силерди дүрбөлөңгө салмакчы болгон) шайтандын өзү. Ал силерди өзүнүн досторунан (кафирлерден) коркутмакчы болот. Демек, эгер момун болсоңор алардан коркпогула, Менден корккула!» [3:173-175]
Кадырлуу боордоштор!
Биз даъватты үч баскыч негизинде жеткирүүдө Расулуллах ﷺды ээрчигенбиз. Мушриктер болгон күчү менен ага каршы тургандай, бизге да тогут өкүмдарлар болгон күчү менен каршы турушууда. Мында аларга Исламды жамынган, өздөрүнө балээ жетпейт деп ойлоп жаткан жана өткүнчү дүйнө матасын көздөгөн жүрөгү караниет мунафыктар жардам беришүүдө:
﴿فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَى أَنْ تُصِيبَنَا دَائِرَةٌ فَعَسَى اللهُ أَنْ يَأْتِيَ بِالْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِنْ عِنْدِهِ فَيُصْبِحُوا عَلَى مَا أَسَرُّوا فِي أَنْفُسِهِمْ نَادِمِينَ * وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا أَهَؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمُوا بِاللهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ إِنَّهُمْ لَمَعَكُمْ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فَأَصْبَحُوا خَاسِرِينَ﴾
«Демек, силер дилдеринде мараз-оорусу болгон кимселердин: «Бизге бирээр балээ жетишинен коркобуз», деген абалдарында алар (кафирлер) тарапка шашып жатышканын көрөсүңөр. Кана эми Аллах мусулмандарга жеңиш берсе же Өз алдынан (бул мунафык кимселерди шерменде кыла турган) бирээр ишти келтирип, алар ичинде жашырынган нерселерине өкүнүп калуучуларга айланып калышса. (Ошондо) момундар (бир-бирине): «Жан дили менен, «силер менен биргебиз» деп ант ичкендер ушуларбы?» дешет. Ал мунафыктардын кылган амалдары текке кетти жана өздөрү зыян көрүүчүлөргө айланып калышты» [5:52-53]
Кадырлуу боордоштор!
Силердин акыйкатты бийик айтышыңар Ислам жана мусулмандардын душмандарын абдыратып койду. Анткени, силер курал көтөрбөстөн жана эч бир кошуунга командачылык кылбастан да алардын айла-амалдарын өздөрүнө кайтарып урууга, көздөгөн иштерин ийгиликсиздикке учуратууга жана адамдар четке каккан адамдарга айланттыңар… Алар ушуну түшүнбөй жатышат: батыл калкы канчалык бийиктикке көтөрүлбөсүн, өз колу менен койгон тузакка өздөрү түшпөй калбайт. Кылыч кармаган кишиде аң-сезим жана акыл болбосо, кылычы таптакыр пайда бербейт… Эгер, ошол комитеттегилер айланасында эмне болуп жатканына, кошуна мамлекеттер канкор тогут Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырып жатканына назар салып, акылын иштетишкенде, алар эки жаман нерсеге т.а. Шам тогутуна моюн сунуу же тогуттун катуу зулум-зомбулугуна туш болууга карап бара жатышканын түшүнүп жетишмек. Демек, эгер аларда акыл болгондо, айланасындагыларга жакшы мамиледе болуп, аларды колдоп-кубаттап, режим тарабынан зулумга учураганда аларга жардам беришет эле, тогутка окшоп даъватты жеткирүүчүлөрдү куугунтуктоодо режимди ээрчимек эмес. Ошондуктан, өздөрү койгон тузакка өздөрү түшөт. Натыйжада, Акыреттен мурун бул дүйнөнүн өзүндө да жаман абалга түшүп, бушайман болушат. Бирок, абдан кеч болот.
Азиз боордоштор!
Өзүңөргө жакшы белгилүү болгондой, колонизатор кафир мамлекеттер жана алардын исламий өлкөлөрдөгү малайлары Хизб мүчөлөрүн камакка алып, кыйноого салышууда, алардын айрымдары ушул мамлекеттердин камактарында шахид болушууда… Бирок, бул нерселер биздин Аллах жолунда берген убада-шерттерибизди алсырата албайт, негизи, бул мамлекеттер тигил комитетке караганда кубаттуураак жана каражаты да көбүрөөк. Биздин Аллах жолунда берген убада-шерттерибизди алсырата албашынын себеби – биз жемелөөчүнүн жемесинен коркпой акыйкатты айтып жаткан Аллахтын пенделерибиз. Биз кыйынчылыкты жеңилдетүүчү Зат күчтүү-кудуреттүү Аллах Таала экенине, Ал бизге күч-кудурет берип, душманыбыздын айла-амалдарын жок кылышына ыйман келтиргенбиз.
﴿وَمَنْ يَتَّقِ اللهَ يَجْعَلْ لَهُ مَخْرَجاً * وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِبُ وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللهِ فَهُوَ حَسْبُهُ إِنَّ اللهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾
«Ким Аллахтан корксо, (Аллах) ал үчүн чыгар жолду (пайда) кылат. Жана аны өзү күтпөгөн тараптан ырыскыландырат. Ким Аллахка тобокел кылса, (Аллахтын) Өзү ага жетээрлик. Албетте, Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү. Чындыгында, Аллах бардык нерсе үчүн өлчөө белгилеп койгон» [65:2-3]
Боордоштор!
- Кризистин күчөшү анын жок болорунан кабар берет. Биз Аллах Субханахудан токтобой келе жаткан бул кризистердин артынан рошид Халифалыктын тикелениши аркылуу Өз фатхы жана нусраты менен сыйлашын сурайбыз. Себеби, кыйынчылык артынан бир жеңилдик эмес, балким, эки жеңилдик келет:
- Хаким «Мустадрак» китебинде (2-329) сахих санад менен Умар ибн Хаттаб розияллаху анхудан риваят кылат. Ал ушул риваят Муслимдин шартына ылайык сахих экенин, «Талхис»те Захабий макулдаганын айткан: «Умар ибн Хаттабга Абу Убайда Шамда курчоого алынганы о.э. коом тарабынан катуу каршылыкка учураганы жөнүндө кабар жетти. Ошондо Умар розияллаху анху ага кат жазып мындай деди: “Ассаламу алайкум, амма баъд: кайсы момун пендеге оор кыйынчылык жетсе, Аллах ушул кыйынчылыктын артынан албетте жеңилдик берет жана бир кыйынчылык эч качан эки жеңилдиктен үстөм боло албайт».
- Ибн Каййим рохимахуллах өзүнүн «بدائع الفوائد» китебинде, (قاعدة جامعة في الابتداء) бабында мындай дейт:
«Аллах Тааланын:
﴿فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا﴾
«Албетте, ар бир кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик да бар» [94:5]
деген аятында (العسر кыйынчылык) сөзү ал тургай эки ирет кайталанса да, маърифа формасында кайталанып, бирөөнү түшүндүрөт. (يُسْرًا жеңилдик) сөзү болсо накра формасында кайталанып, эки жеңилдикти түшүндүрөт. Кыйынчылык эки жеңилдик менен чулганып, башында бир жеңилдик, аягында дагы бир жеңилдик бар. Бир кыйынчылык эч качан эки жеңилдиктен үстөм боло албайт».
Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Боордошуңар Ата ибн Халил Абу Рашта
17-зул-каъда, 1444-х.
Хизб-ут-Тахрир амири
6-июнь, 2023-м.