بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо–жооб
Косово окуялары жана анын Европага тийгизген таасири
Суроо:
Косовонун түндүгүндө нааразылык демонстрациялар жүз берди. Косоволук сербдер полиция жана аймактагы НАТО күчтөрүнө каршы акцияларды уюштурушту. Сербия Косоводогу серб азчылыгын коргоо үчүн аймакка куралдуу күчтөрүн киргизүү ыктымалына даярдык көрдү. “Аль Жазира” маалымдашынча, “National Interest” сайтында Европадагы кийинки согуш Косоводо баштала турганын эскерткен материал жарык көрдү. Анда Косоводогу абал менен Украинадгы учурдагы согуштун ортосунда окшоштук бар экендиги белгиленген: “Батыш саясатчылары бул абалга көңүл бурушу керек. Украинадагы аёосуз согуш – Европанын туруктуулугуна зыян жеткирген эң чоң коркунуч. Бирок, Косовонун түндүгүндөгү кризис Украиндагы согуш жалгыз коркунуч эмес экендигине ишара кылууда…”. (10.06.2023, “Аль- Жазира”, “National Interest”).
Косоводогу окуялардын артында ким турат? Эл аралык таасирге ээ саясатчылардын билдирүүлөрүнөн түшүнүлгөндөй, Балкандагы бул окуялар Украинадагы согуш сыяктуу Европа өлкөлөрүн алек кыла турган даражада коркунучтуубу?
Жооб:
Косовонун түндүгүндө болгон чыңалууну ачыктоо үчүн ушуларды карап чыгуу керек:
Биринчиси: Балкандын тaрыхын карап чыксак ушулар айкын болот:
- 15-кылымда Усманий мамлекет Балкан аймагын фатх кылгандан кийин Рим империясы толугу менен христиандаштырган аймакта Ислам жайыла баштады… Aлбандар мусулман болду. Албандар бүгүнкү күндө Албания жана Косово калкын түзөт. Кийин босниялыктар Исламды кабыл алды. Босния 1992-жылы Югославиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин миңдеген мусулман кыргынга дуушар болду. Учурда алар Босния-Герцоговина калкын түзөт.
- Британия Балканда улутчулдук, сепаратисттик пикирлерди жайып, тутантканына карабай, Косово 1912-жылга чейин Усманий мамлекеттин курамында калды. Андан кийин Сербия, Черногория сыяктуу бир катар падышалыктар Италия колонизаторлору менен күчүн бириктирип, Косовону басып алышты. 1946-жылы Югославиянын президенти Тито Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин айрым жоболордун алкагында Косового автономиялык укук берди. Югославия 1990-жылдары чачырагандан кийин анын ордунда Сербия өлкөсү пайда болду. Косово да Сербиянын курамында калып кетти. Сербиянын канкор президенти Слободан Милошевич Косово көз карандысыз болбошу үчүн өлкөнү темир кол менен башкарды. А түгүл, Косовону автономия укугунан ажыратты. 1990-жылы эгемендүү болуу боюнча өткөрүлгөн референдумдан кийин Косоводо бир катар акциялар башталды. Аны бастыруу үчүн жасалган кыргындар 1999-жылга чейин созулду… Эл аралык шарттардын натыйжасында окуяга НАТО аралашып, Сербияга аба чабуулдарын жасады. Натыйжада, Сербия Косоводон чыгууга мажбур болду. Ал эми, НАТО күчтөрү Косоводо аймакта тынчтыкты кепилдеген күч болуп калтырылды.
- 3.2008-жылы Косово Сербиядан көз карандысыздыгын расмий түрдө жарыялады. Алгач АКШ жана Европа баштаган бир катар өлкөлөр Косовонун көз карандысыздыгын тааныды. Ал эми, Сербия менен Орусия Косовонун көз карандысыздыгына катуу каршы турду. Кытай да алардын катарына кошулуп, Косовонун эл аралык уюмдарга мүчө болушуна каршы турду. 2023-жылдын 19-мартына келип Евробиримдик Сербия менен Косовонун мамилесин нормалдаштырган келишим түзүлгөнүн билдирди. Келишим Сербия Косовонун көз карандысыздыгын тааныганын билдирет. Бул, Украина согушунун артынан Орусияга каршы кадам эле. О.э келишим Сербиянын да, Косовонун да Евробиримдикке мүчө болуусуна эшик ачты.
Экинчиси: бул окуяларга чейинки жергиликтүү жана эл аралык абал:
- Сербия Орусиянын Чыгыш Европадагы таасиринин акыркы таянычы болуп эсептелет. Орусия сербдер НАТО менен согушкан жылдары ар дайым Сербияны колдоп-кубаттап келген. НАТОнун 1999-жылы Косовону Сербиядан бөлүп алуу үчүн жасаган чабуулу Орусиянын алсыздыгын жана малайларын коргоп калууда жөндөмсүздүгүн көрсөттү. Бул Орусиянын Балкандагы акыркы таасирине оор сокку болду. Ошентсе да Орусия Сербияны мүмкүнчүлүгү жеткенче колдоп-кубаттап, курал-жарак жеткирип, эл аралык уюмдарда саясий колдоо көрсөттү. Ал Косовонун көз карандысыздыгына катуу каршы турду жана Босния-Герцоговинадагы сербдерди колдоо үчүн экономикалык долбоорлорду өнүктүрүп жатканын билдирди. Эки өлкөнүн чиркөөлөрү ортосундагы кызматташтыкты бекемдеди. “Спутник” агенттиги үчүн Белградда медиа борбор курду жана бул агенттик чыңалууну күчөтүп, Орусиянын сербдерди колдоосун көрсөткөн борборго айланды. Серб лидерлери Сербиядагы шайлоолор алдында популярдуулугун арттыруу үчүн Орусия президенти Путин менен сүрөткө түшүүгө өзгөчө маани бере турган болушту. Жыйынтыктап айтканда, Орусия Сербия, Косово жана Босния-Герцоговинадагы сербдердин арасында чоң таасирге ээ.
- 2.Орусия Украинага каршы согушту баштагандан кийин Батыш күчтөрү ага каршы биригишкенин көрдү. О.э Батыш Косово менен Сербиянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн (2023-жыл, март) ортомчулук кылып, Сербия менен байланышты күчөттү. Бул иш-аракеттер Сербияны Евробиримдикке жана келечекте НАТОго кошуунун жолун ачуу үчүн жасалды. Бул болсо, Сербия менен Батыштын ортосундагы жакындашууну ачык-айкын көрсөтүп турат. Украинадагы согуш себептүү Орусиянын эл аралык майдандагы таасири алсыраганын көрсөтүү үчүн Швеция менен Финляндияны НАТОго кошуу аракеттери да ушуга окшойт.
2022-жылдын июнунда Европа өлкөлөрү Орусия Тышкы иштер министри Лавров Сербияга баруу үчүн Европанын аба мейкиндигинен өтүшүнө тыюу салды. Натыйжада, Сербиянын Ички иштер министри: “Сербия өзүнүн позициясын коргойт. Орусияга каршы кампанияга эч качан кошулбайбыз. Сербия – Европада Орусияга санкция салууну каалабаган жалгыз өлкө”, – деп актанды. (22.06.2022, www.youm7.com). Бул билдирүү Орусия менен болгон алаканын абалын, айрыкча Батыш өлкөлөрүнө эшик ачкан байланыштар себептүү Сербия оор басым астында экенин көрсөтүп турат. А түгүл, Сербияны Батыштын жолуна салуу мындан да оор натыйжага алып келиши мүмкүн. 2023-жылы 4-мартта “Sky News Arabia” маалымдашынча, бейшемби күнү Орусия Сербиянын Украинага миңдеген ракета жибергени тууралуу маалымат боюнча Белграддан расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Орусия Тышкы иштер министринин катчысы Мария Захарова “Москва катуу тынчсызданып жатканын, окуяларга дыкат баам салып турганын” билдирди. Сербия Украинага ракете жеткирүү жаңжалын четке какса да, бул позициялар Сербия тоскоолдуктарга карабастан Орусиядан алыстап жатканын көрсөтөт.
- Орусия менен Сербиянын мамилесиндеги мындай абалдан улам, Орусия ал жердеги таасиринен пайдаланып чыңалууну дагы да күчөтө баштады. Ал Сербиядагы колонизаторлук таасиринен ажырап калбоо үчүн жергиликтүү таасирин-куралдарын ишке салууда… Мындан улам, Косово президенти: “Косово, Босния жана Черногорияга чабуул кылуу менен аймакта туруксуздук чыгарууга аракет кылып жатат”, – деп Орусияны айыптады. (22.12.2022, www.independentarabia.com). “Washington Post” гезити аналитиктерге шилтеме жасап, Украина согушу аймактагы чыңалууну күчөтүп жатканын, Орусиянын улутчул көз карашын Сербия лидерлери, анын ичинде ашынган улутчул экс-президент Слободан Милошевичтин өнөктөшү болгон учурдагы улутчул президент Александр Вучич да бар экенин жазды. “Wall Street Journal” гезити Орусия согушту Европаны туруксуздаштыруу үчүн колдонушу ыктымал экенин, мындан улам, НАТО менен Евробиримдик Косово менен Сербиянын ортосундагы чыңалууну тез арада токтотуп жатканын билдирди.
- Украинада согуш башталар алдында “Америка коомдук саясатты изилдөө иниституту”нун кызматкери Ивана Страднер Орусия Балканда башаламандык чыгаруу ниетинде экенин эскерткен. 2023-жылы 20-апрелде “Independent Arabia” билдиришинче, “Foreign Affairs” журналы “Орусия Балканда от менен ойноп жатат” деген темада макала жарыялаган. Макалада Страднер: “Орусия кагаздан кабылан экенин далилдөө үчүн ЕБ менен НАТОго чакырык таштап, Балкан жаңы театрга айланышын уюштурушу ыктымалдан алыс эмес”, – деди.(20.04.2023, www.independentarabia.com). Демек, Орусия Украина согушундагы алсыздыгын жашыруу, Европаны дагы бир согуш менен алек кылуу жана Сербияны өз таасиринен чыгарбоо үчүн Косоводогу башаламандыкты тутандырып жатканы чындыкка жакын.
Үчүнчүсү: акыркы окуялардын акыйкаты:
- Эки миллион адам жашаган Косоводо сербдердин саны 120 миңден ашпайт. Сербдердин үчтөн бири акыркы чыр-чатактын очогу болгон Сербия менен чектеш 4 райондо жашайт. Калктын 90 пайызын сербдер түзгөн (50 миң) бул 4 райондо Косово бийлигинин таасири дагы да азайды. Анткени, полиция кылмыштарды токтото албай жатат, этникалык айырмачылык жана сербдер бутага алынууда деген айыптардан улам кылмышкерлерди камай албай калды. Бул райондордогу сербдер этникалык негизде демонстрацияга чыгып, Сербияга кошулууну талап кылышууда. Табигый түрдө бул демонстрациялар косоволук сербдерди коргоо деген шылтоо менен чек аранын ары жагына да жайылды.
- 2.2022-жылдын августунда Косово өкмөтү бул райондорду көзөмөлгө алуу үчүн Косовонун түндүгүндө Косово паспорту жана номерине ээ болууну милдеттүү кылган мыйзам чыгарды. Бул мыйзамдар 2022-жылдын ноябрында район жетекчилери менен серб тектүү полициялардын массалык түрдө жумуш таштоосуна себеп болду. Митингдер өлкөнүн түндүгүнө жайылышынын артынан өкмөт 2023-жылдын апрелинде сербдер катышпаган жана мусулман талапкерлер жеңип чыккан жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Натыйжада, райондордун жетекчилери мусулман албандар болушун кабыл албаган сербдер нааразылык акцияларына чыгышты. Демонстрациялар жолдорду тосуу менен коштолду. Мындан улам, Косово өкмөтү коопсуздукту сактоо чараларын көрүүгө мажбур болду. Ошондуктан, райондун жаңы жетекчилеринин ант берүү аземинде полиция коопсуздукту камсыздады. Сербдер өкмөт үйлөрүн басып алууга аракет кылды, бирок, Косово полициясы даяр тургандыктан имараттарды басып алууга жол берген жок. Андан бир аз мурун Сербия президенти аскерий кийлигишүү ыктымалына байланыштуу армияны күжүрмөн даярдыкка келтирген болчу.
- Ал эми, Орусия сербдерге колдоо көрсөтүп, отко май чачып жатты. Орусия Тышкы иштер министринин катчысы Мария Захарова 2023-жылы 29-майда демонстрация башталардан мурун: “Приштинадагы кырдаалды курчуткан жана бүткүл Балкандын коопсуздугуна коркунуч келтирген провакациялык аракеттерди чечкиндүү түрдө айыптайбыз”, – деп билдирүүдө берди. Захарова бул окуяларга толугу менен АКШ менен Евробиримдик жооптуу экенин кошумчалады.(28.05.2023, www.youm7.com). Нааразылык акцияларынын артынан Орусия Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирүү жасап, Косоводо чыңалган абал Европанын борборунда чоң жарылууга айланышы мүмкүндүгүн айтты. Ал дүйшөмбү күнү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, абал “кооптуу” экенин билдирди жана бул жагдай Балканда “чоң жарылууга” себеп боло турганын кошумчалады. (30.05.2023, “Sout Al Khaleej”). Сербдердин Косовонун түндүгүндө өз укуктары үчүн күрөшүп жатканына басым жасаган Лавров армия даярдыкта турганын жана чечимди Сербия президенти кабыл аларын белгиледи. (30.05.2023, www.independentarabia.com).
- Aмерикага келсек, анын позициясы Европаныкынан дээрлик айырмаланбайт. Косовонун түндүгүндөгү чыңалууну токтотуу үчүн тез арада чара көрүү максатында АКШ, Британия, Франция, Германия жана Италия тарабынан ортоктош билдирүү жарыяланды. (26.05.2023, “Британия өкмөтүнүн расмий сайты). Британия 1999-жылы НАТОнун Косово маселесине кийлигишүүсүнөн кийин эң чоң борбордук сектор болгон Приштинаны таасири астына алууну каалаган. Ошон үчүн Британия Косово көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин Приштинада элчилигин ачкан алгачкы НАТО өлкөсү болуп калды. (21.02.2008, “Radio Sawa”). AКШ да беш ай өтпөй борбордо элчилигин ачты.(19.07.2008, www.youm7.com). АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Приштина бийлигинин район башчыларынын ант берүү ырасымында имаратка коопсуз кирүүсүн камсыздоо үчүн күч түзүмүн колдонуу чечимин “керексиз жана чыңалууну күчөтүүгө жол ачты” деп билдирди. (31.05.2023, “Russia Today”). О.э Блинкен Ослодогу НАТОнун жыйыны учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Косово жана Сербия өкмөттөрүн чыңалууну басаңдатуу үчүн тез арада кадам таштоого чакырабыз”, – деди. (02.06.2023 “Аль Жазира”)
- Батыштын ушул иш-аракеттеринен улам, Косоводогу кырдаал басаңдоого карай жыла баштады. Косово президенти Албин Куртий да катуу позициясын жумшартып, косоволук сербдерди коргоого аракет кылганын айтып, сербдер тынч жол менен үндөрүн жеткирүүгө укуктары бар экенин билдирди, “зордук-зомбулук жолу менен эмес, шайлоо аркылуу Косоводо бийликке келүү мүмкүн” экенин кошумчалады. Ал Косовонун түндүгүндө жакында жүз берген демонстрацияларды токтотуу үчүн кайрадан жергиликтүү шайлоо өткөрүүнү сунуштады. (02.06.2023, “Аль Жазира”). Ошол эле учурда, Франция президенти Макрон менен Германиянын канцлери Шольц Молдовада өткөн жыйында Косово президентине чыңалууну басаңдатуу үчүн Сербия президенти менен жолугууга чакырып, басым жасады.
- Булардын баарынан көрүнүп тургандай, Орусия Сербиядагы таасирин ишке салуу менен Косоводо чыңалууну күчөтүүдө. Анткени, Орусиянын Сербия менен Косоводогу сербдердин арасында муну ишке ашыра ала турган куралдары бар. Орусия Украинадагы согушта ачыкка чыккан алсыздыгын жашыруу үчүн Косоводо чыңалууну күчөтүп жатат. Муну менен Сербия анын таасири астынан чыгып кетүүсүн токтотууга умтулууда. Орусия аткаминерлери Сербияга колдоо көрсөткөн билдирүүлөр аркылуу Косоводогу согушту күчөтүп, отко май чачып жатты. Бирок, Европа өлкөлөрү менен Америка өрт тутанары менен аны тез арада өчүрүү чараларын көрүштү.
Төртүнчүсү: корутундулап айтканда, Орусия Косоводогу сербдер себеп болгон жана Сербияны аракетке келтирген чыңалуудан алыс эмес. НАТОнун Косоводо жайгашканын эске алганда, Орусия бул абалды чыңалтуу аркылуу Батышты алек кылууну жана НАТО сербдер менен косоволуктардын ортосунда алоолонгон отто калышын үмүт кылган. Орусия муну менен Украинадагы согушту тутандырып жаткан АКШ менен НАТО бир аз да болсо артка чегинет деп күткөн. Көрүнүп тургандай, АКШ менен Батыш бул маселени аңдап түшүндү. Ошондуктан, сербдер менен Косово ортосундагы абалды тынчтандыруу үчүн ар түрдүү чараларды көрүштү. Чыңалууну басаңдатуу үчүн Сербия менен Косового Евробиримдикке, андан кийин НАТОго кошулуу мүмкүндүгүн сунушташты. Айрыкча, Америка менен Косово аткаминерлеринин билдирүүлөрүнөн айкын болгондой, Америка менен Батыш нааразылык акцияларын токтотууда ийгиликке жетишкендей.
Бул окуялардын артындагы турган план жана натыйжалары тууралуу басымдуу көз карашыбыз ушундай.
Жыйынтыктап айтканда, Косово Усманий мамлекеттин бир бөлүгү болуп, калкы узак жылдар мурун мусулман болушкан. Мусулмандарды колонизатор кафирлердин зулумдугунан коргой турган Халифалык мамлекети бар болгондо кафир колонизаторлор өз иштерин каалагандай жүргүзө албайт эле. Балкан жана Косоводо Ислам байрагы желбиреп турмак.
Сөзүбүздүн акырында Алла Тааладан Ислам Умматынын кыйынчылыгын кетирип, Рошид Халифалыктын кайрадан тикелениши аркылуу улуулугуна жеткиришин сурайбыз.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ * وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллох) Өзү каараган кишиге нусрат берет. Ал Зат кудуреттүү жана ырайымдуу. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах Өз убадасына (эч качан) тескери иш кылбайт. Бирок, көп адамдар муну билишпейт» [30:4-5]
22-зулкада, 1444-х.
11-июнь, 2023-ж.