Германия президентинин расмий сапары Кыргызстанды Орусиядан алыстатабы?
Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жолугушту. Сапар алкагында саламаттык сактоо, айыл чарба, гидроэнергетика жана экология, билим берүү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлдү. Жолугушуунун артынан президенттер бирдиктүү билдирүү жасашты.
Жапаров өз сөзүндө Германия тарапка 14,9 млн евро өлчөмүндөгү карызды конверсия кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, бул каражаттар ипотекалык насыя берүүгө багытталып жатканын айтты. О.э кыргыз тарап Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюуга даяр экенин, Биримдиктен даярдык тууралуу белгини күтүп жатканын билдирди. Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон. Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат.
Штайнмайер өз сөзүндө, сүйлөшүүлөрдүн басымдуу бөлүгү орус-украин согушу, анын Борбор Азия жана Европага тийгизген таасири туурасында болгонун белгиледи. Ал Евробиримдик Борбор Азия санкцияларды кыйгап өтүүчү жол болушун каалабай турганын кошумчалады. “Бул маселени Казакстанда да көтөрдүк. Кыргызстандан да күтөрүбүз ошол. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган товарларды көзөмөлдөө оңой эмес. Бирок ЕАЭБдин тиешелүү мекемелери аркылуу санкцияларды кыйгап өтүүдөн качуу мүмкүнчүлүктөрү табылат деген үмүтүбүз бар”, – деди Штайнмайер.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Штайнмайердин расмий сапары тууралуу буларды билдирген: «Штайнмайер абдан абройлуу саясатчы. Убагында Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясын демилгелеп, документ 2007-жылы кабыл алынган. Көп жылдар бою Германиянын тышкы иштер министри болуп, Евробиримдикте да жетекчилик кызматтарды аркалаган. Быйыл майда Берлинде Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен жолуккан учурда Штайнмайер “Чоң чатак жана татаал коңшуңардан коркпой эле койгула, биз силерди алардын алдында жалгыз калтырбайбыз. Биз жаныңарда болобуз, бизге таянсаңар, ишенсеңер болот” деп айткан. Ал “чоң, чатак жана татаал коңшулар” деп Орусия менен Кытайды айтып жатат. Мына ушунун фонунда Германия өзү да Борбор Азияда таасирин күчөтүүнү көздөп жатат. Бул сөзсүз түрдө конкуренцияга алып келет жана андай атаандаштык кырдаал Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биздин мамлекеттик органдар, өкмөт, дипломаттар ушул мүмкүнчүлүктөн максималдуум пайдаланып калышыбыз керек”.
Белгилүү болгондой, Батыш өлкөлөрү Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды Орусиянын таасиринен алыстатуу үчүн бир тараптан дипломатиялык алакаларды күчөтүп, экинчи тараптан санкциялык коркунучтардан эскертүү аркылуу басым өткөрүү саясатын алып барууда. Буга Борбор Азия менен Евро Биримдиктин ортосундагы соода алмашуунун кескин өскөнү түрткү болгону айтылууда. Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, Кыргызстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү 2021-жылы 75,7 млн. долларды түзсө, 2022-жылы 180,4 млн. долларды түздү. Ал эми, 2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен Германиянын товар айлантуусу 112,4 миллион долларга жеткен. Мындан улам, үстүбүздөгү жылдын март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип кетсе, апрелде АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод да Кыргызстанда санкцияларга байланыштуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошол эле күндөрү Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид иш сапары менен Бишкекте болгон. Алар ишкерлер жана өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкекке Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөнү эскерткен. Алардын артынан Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл 18-майда Бишкекке келип, Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырган. 2-июнда расмий сапар менен келген Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел, санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн санкциялардын 11-пакети талкууланып жатканын, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү бергенин билдирген. Учурда аталган санкциялардын пакетине Орусиялык компаниялардан сырткары 90 чет өлкөлүк компания кошулары белгилүү болду.
Өткөн жылдын февралында Украинага согуш ачкан Орусия согуштун созулуп кетиши жана АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттеринин ага каршы салган санкциялары себептүү саясий, аскерий жана экономикалык жактан оор абалга кептелип калды. Эл аралык майданда ага союздаш катары көрүнүп жаткан өлкөлөр биринен тарта экинчиси алыстап барууда. Анткени, Орусиянын бул согушта тез эле жеңишке жетишүүнү жана НАТОнун өз чегараларына карай кеңейишине тосук коюуну көздөгөн пландары кумга сиңип кетти. Орусиянын алдан тайып барышы ал өз колониясы катары карап келген Орто Азия үстүндө ири күчтөрдүн таасир талашын күчөтүп жиберди.
Германия президентинин расмий сапары мына ушул таасир талашуу күрөшүнүн алкагында уланууда. Анткени, Германия экинчи дүйнөлүк согуштан кийин куралдануудан ажыраган укугуна Украина согушу шылтоосу артынан кайрадан ээ болду. Бул өз кезегинде Германиянын ири мамлекетке айланууга, Орусия таасири астындагы аймактарда атаандаш күчкө айлануусуна мүмкүнчүлүк ачып берүүдө. Буга Штайнмайердин Казакстан жана Кыргызстанда Орусияга каршы сүйлөгөн сөздөрү жана Өзбекстан президентине кайрылган сунушу ачык далалат кылууда. Германия Евро Биримдикте лидерлик позицияда тургандыктан, Биримдик аркылуу да аймакта саясатын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Евро Биримдик мында негизинен “адам укуктары”, “сөз эркиндиги”, “гендерлик теңдик” идеяларынан пайдаланып, аларды демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдар жана таалим тармагына каражаттар ажыратуу аркылуу ишке ашырууда. Мисалы, 2019-жылы Европа Биримдиги жана Кыргызстан ортосунда таалим тармагын колдоп-кубаттоо үчүн 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлган болсо, ушул жылдын 6-апрелинде ЕБ менен билим берүү жана илим министрлигине 32 миллион евро кайтарымсыз жардам берүү тууралуу келишимге кол коюлду. Ал эми саясий жактан Европа Биримдиги өткөн жылдан баштап “ЕБ – Орто Азия” саммити аркылуу регион мамлекеттерине саясий таасир өткөрүү платформасын да ишке салды. Жогоруда айтылгандай, аталган форматтын экинчи саммити Кыргызстанда өттү. Демек, Орто Азия аймагы үстүндө, анын ичинде Кыргызстанда колонизаторлук күрөшү улам өөрчүп барууда. Өкүнүчтүүсү, үстүбүздөгү акимдер арзыбас пайдага ээ болуу үчүн колонизаторлордун ыплас саясатына кызмат кылып барышууда. Маселен, немис президентинин сапарынын алкагында бузуку ЛГБТ уюмдары менен жолугушуусуна, алардын пропагандасына мүмкүнчүлүк түзүлүп берүүдө.
Андыктан, биз мусулмандар, пайдага негизделген жана зулум үстүнө курулган капиталисттик түзүмдү ыргытып салып, Исламга карай кадам таштамайынча колонизаторлордун курмандыгы болуудан, алардын зулумунан кутула албайбыз. Ушундай болгон соң, Кыргызстан калкын эле эмес, бүткүл дүйнө элин мындай кордуктардан азат кылуучу Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда бир денедей аракет алып баруубуз зарыл!
Мумтаз Маверанахрий