بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо–жооб
Aфганистан-Иран чек ара чырынын себептери
Суроо:
Афганистан менен Иран үчүн маанилүү суу булагы болгон Гильменд суу сактагычынын суусун бөлүштүрүү маселеси боюнча көптөн бери уланып келе жаткан талаш-тартыштан улам чыңалуу кайрадан күчөдү. 2023-жылдын 3-июнунда “Deutsche Welle” сайты билдиришинче: «Өткөн аптада Иран менен Талибан күчтөрү ортосунда чек арада ок атышуу катталып, курман болгон жана жаракат алган аскерлер болду. Эки тараптын ортосунда чыңалуу уланууда. Ал арада эки тарап ок атууну баштады деп бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасашты. Кабул менен Тегерандын ортосундагы чыр-чатак эки өлкө үчүн маанилүү суу булагы болгон Гильменд дарыясынын суусу боюнча келишпестик күчөп жаткан учурда жүзөгө келди…». 1-июнда “Аль Жазира” сайты Орусиянын “Известия” гезитине таянып, ушул кабарды жарыялады: «Иран менен Taлибан өкмөтү ортосундагы мамилелер диний жана саясий айырмачылыктан улам чыңалуу абалында. Буга кошумча Афганистандагы ички согуш учурунда Тегеран Талибан кыймылына каршы күрөшкөн “Түндүк” альянсын колдогондуктан чыңалуу абалы сакталып турат. Иран аймагындагы Хамун көлүнө куйган Гильменд дарыясынын суу ресурстары үчүн болуп жаткан күрөштү да унутпашыбыз зарыл. 1973-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Афганистан Иранга бул дарыядан жылына 820 млн м3 суу берип турууга милдеттүү. Taлибан бийликке келгенден кийин маселе дагы да татаалдашты…». Эки тараптын ортосундагы проблемалардын жана ок атышуунун себеби эмнеде? Окуялар кандай өңүттө кетет? Бул келишпестикти күчөткөн, же кызыкчылык көздөгөн, же колонизаторлук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келишпестиктерди келтирип чыгарган ири күчтөр барбы?
Жооб:
Бул суроонун себептерин жана окуялар кандай өңүт аларын үйрөнүү үчүн ушуларды карап чыгабыз:
- 2023-жылы 27-майда “Fars News” агенттиги минтип билдирди: «Ирандын Систан-Белужистан облусуна караган Гильменд шаарындагы Сасули бекетине жакын жайда Талибандын чек ара кызматкерлери менен Иран чек ара коргоочулары ортосунда ок атышуу болду». Окуяга байланыштуу булактын маалыматына ылайык: «Иран чек ара коргоочулары менен Талибан күч кызматкерлери ортосунда тирешүү болуп, ок атышууга айланган». Ирандын Ички иштер министринин орун басары Касем Резаи мынай билдирүү берди: «Tегеран Афганистан менен чектешкен чек арада кандайдыр бир жагымсыз окуянын болушуна жол бербейт. Taлибан Иран-Aфганистан чек арасында бир нече жолу катага жол берди. Коңшу өлкөлөргө чек араларыбыз достуктун чек арасы экенин айтып жатабыз, жагымсыз окуянын кайталанышына жол бербейбиз. Бүгүн эрте менен Талибан күчтөрү чек арадагы Сасули бекетине оор куралдар менен ок атып баштады. Иран чек арачылары аларга каршылык берди. Ок атышуу токтогондон кийин кайрадан уланды, атышуу токтой элек». Ал баса белгилегендей, Ички коопсуздук күчтөрүнүн башкы командачысы Ахмад Реза Радан «чек арачыларга чек араны бузууга же агрессияга чечкиндүү жооп кайтарууга буйрук берген». Ирандын расмий кабар агенттиги “IRNA” 27-майда «Иран чек ара күчтөрү менен Талибандын куралдуу күчтөрү ортосунда болгон ок атышууда 2 тaлиб менен 2 ирандык аскер курман болгонун жана бир катар жарандар жаракат алганын» билдирди.
- Aфганистан Ички иштер министринин катчысы Абдул Нафи Такур Твиттердеги баракчасында мындай билдирүү жарыялады: «Нимруз аймагында болгон ок атышууда бир ирандык, бир афган жараны курман болду. Бир нече адамдар жараат алды. Ислам эмирлиги коңшулары менен болгон ок атышууну колдобойт». (27.05.2023, «TOLOnews»). Aфган полициясы эки тараптын ортосунда бир нече саатка созулган куралдуу кагылыштан улам 28-майда жабылган Aфган-Иран ортосундагы «Жибек көпүрөсү» бекети 29-майда ачылганын билдирди… Бул нерселер Иран-Aфганистан чек арасындагы абал коопсуздук жагынан морт абалда экенин жана ар кандай учурда кайрадан тутанып кетиши мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Талибан бийликке келгенден тартып эки жылда Афганистан менен Ирандын ортосунда ондон ашуун ок атышуу болгонун эске алганда, эки тараптын ортосундагы чыңалган абал сакталып калышы күтүлөт.
- Aфганистан-Иран ортосундагы Гильменд дарыясынын суусун бөлүштүрүү маселесинде келишпестик акыркы күндөрдө дагы да күчөдү. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн ортосунда эски пикир келишпестиктер бар. 1973-жылы кол коюлган келишим Афганистан Иранга жылына 820 млн м3 суу берүүнү талап кылат. Бирок, Иран 2 млн м3 гана суу алып жатканын айтууда. Ушундан эки өлкөнүн ортосундагы эң маанилүү көйгөй суу маселеси экени көрүнүп турат. Бул көйгөй 150 жыл мурун Англия мусулман өлкөлөрүн бөлүп жибергенде башталган. Иран Тышкы иштер министринин жардамчысы Сайид Мусавий 2023-жылы 28-майда Твиттердеги баракчасында мындай билдирүү жасады: «Бүгүн Забул-Нимруз чек араларында болуп өткөн окуялар колонизаторлордун планынын уландысы экенине көңүл бурушубуз керек. Голдсмит 1872-жылы уюштурган кутум аркылуу Систанабадды бүгүнкү абалга алып келди. Анын мураскерлери бүгүн Иран менен Афганистанды жок кылууну көздөшүүдө… Эки өлкөнүн калкы жана элитасы ар кандай чыр-чатак эки тарапка тең стратегиялык жоготуу алып келерин түшүнүүсү керек».
- Бул көйгөй Афганистан менен Иран генерал Голдсмит баштаган англис арбитраждык комитетинен чечим сурап кайрылгандан тартып башталган. Голдсмит 1871-жылы эки өлкөнүн ортосундагы чек араны белгилөөнү баштаган жана аны бир жыл ичинде бүтүргөн. Иран менен Афганистандын жалпы чектеш аймагы абдан узун, түндүк тараптан Иран, Афганистан жана Түркмөнстандын чек ара үч бурчтугу жайгашкан Зулфикар кысыгынан башталып, Иран, Афганистан жана Пакистандын ортосундагы чек ара үч бурчтугу жайгашкан Малак Сиах тоосуна чейин созулат. Түштүктөгү Пакистан, Иран, Афганистан чек арасы 945 чакырымды чапчыйт. Гильменд сууларын бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөр мына ушул чек ара сызыгын белгилөө учурунда башталган. Англия басып алып, кийин бөлүп жиберген мусулман жерлери сыяктуу Aфганистан, Иран жана Пакистан ортосунда да келишпестиктерди келтирип чыгаруу үчүн чек ара аймагында Систан жана Белужистан аймагын ортодо калтырган. Бул аймакты үч өлкөдөн көз карандысыз кылуу үчүн да үрөөн сепкен. Максат, аймактагы көйгөйдү чечүүнү шылтоолоп өз таасирин сактап калуу болгон. Бул үч өлкөнүн ортосундагы чек ара талашы бүгүнкү күнгө чейин уланып, калк бири-бирин өлтүрүүдө. Англия болсо адатынча бул өлкөлөрдөгү таасирин сактап калууга аракет кылып келет жана аларды алсыратууга умтулууда. Муну менен аймакты көзөмөлүнөн чыгарбай кармап калууну же таасирин жоготкон учурда кайра кайтып келүүнү максат кылууда.
- Иран менен Афганистандын ортосундагы чек ара келишпестиги 1896-жылы Гильменд дарыясынын нугу өзгөртүлгөндөн кийин өзгөчө күчөгөн. Дарыянын узундугу 1150 чакырымга созулуп, Афганистан аймактарын аралап өтүп, Иран менен Пакистандын ортосунда бөлүштүрүлгөн Систан жана Белужистан аймактарынан өтүп, Ирандагы Хамун көлүнө куят. Кийинчерээк эки өлкөнүн ортосундагы чек ара англиялык аскерий Генри МакМахон тарабынан кайрадан белгиленип, 1905-жылы дарыянын суусу эки өлкөгө бөлүнгөн. Афганистанга Иранга зыян жеткире турган деңгээлде суу сактагычтарды курбоо шарт кылынып, суунун үчтөн бир бөлүгүн Иранга өткөрүүгө келишилди. Бирок, эмир Хабибулла Хандын башкаруусундагы Афганистан муну кабыл албады жана келишимди Иран тарапка ылайык чечилген деп баалады. Келишпестиктер уланды жана бир катар арбитраждык комитеттер маселени чечүүгө аралашты. Келишимдерге кол коюлса да он жыл ичинде кайрадан бузулду. Эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатак 1934-жылы кайрадан күч алды. Тараптар «чек ара келишпестиги боюнча Британия арбитражы карайт» деген 1921-жылдагы келишимдин 10-беренесинен баш тартып, Түрк арбитражына кайрылышты. Бирок, бул да натыйжасыз аяктады. Андан соң 1936 жана 1939-жылдары эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Ирандыктар “Кемал Хан” суу сактагычына куйган суунун жарымын өткөрүүнү сурашты, афгандар аны четке какты жана сүйлөшүүлөр ийгиликсиз бүттү. Ушул сыяктуу эле, 1951 жана 1958-жылдары өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн да майнап чыкпады. Акыры 1973-жылы ирандыктарга суунун 10 пайыздан азырагын берген келишимге кол коюлду. Бирок, афган парламенти келишимди жактырбады. Андан кийин коммунисттер 1978-жылы Афганистанда төңкөрүш уюштурду жана келишимди толугу менен жокко чыгарды. 1979-жылы СССР өлкөнү басып алды жана абал ошол боюнча сакталып калды.
- Бул абал орустар шерменде абалда Афганистандан чыгып кеткенге чейин уланды. Андан соң мужахиддерден турган Талибан өкмөтү 1996-2001-жылдары бийликке келди. Анын артынан Америка Афганистанга кол салып, бийликти басып алды. Америка малайлары бийликте турган чакта, айрыкча Ашраф Гани 2014-жылы бийликке келгенден кийин өлкөнүн батышында, чыгышында аккан жана Афганистан пайдаланбаган 10 дарыяга ГЭСтерди курууга токтом кылынды. Жалпысынан 49 суу сактагыч курулду. Иран чек арасына жакын Нимроз аймагындагы “Кемал Хан” суу сактагычынын 4 жылга созулган курулушу Ирандын сууга болгон муктаждыгына таасирин тийгизди. ГЭС 2021-жылдын март айында ишке берилди. Ашраф Гани сууну мунайга алмаштыруудан башка ниети жок экенин билдирди. 2021-жылдын 15-августунда Талибан кыймылы экинчи жолу бийликке келгенден кийин Иран Афганистандан 1973-жылдагы келишимге кайтууну талап кылды. Ирандын коңшулаш өлкөлөр менен суу көйгөйү бар экени, колониалдык бөлүнүүлөр улана берсе, көйгөйлөргө жол ачаары анык.
- Иран президенти Ибрахим Раиси 2023-жылдын 18-майында Систан жана Белужистан облусуна караган Чабахар шаарына жасаган сапарда Aфганистан бийлигин эскертип мындай деди: «Гильмендден суу алуу – Систан жана Белужистандын акысы, ал келишимдерде жана сүйлөшүүлөрдө каралган». Ал Афганистан бийлигин коркутуп, минтип эскертти: «Aфганистан бийлиги бул көйгөйгө кадыресе маселе катары карабашы керек жана олуттуу мамиле кылышы зарыл. Aфганистандагы бийликти Пакистандын Систанында жана Ирандын Систаны менен Белужистанында жашаган инсандарга Гильменд дарыясынын суусунан берүү зарылдыгын эскертем». Раиси: «Өкмөт Оман деңизинен Ирандын чыгыш аймактарына суу алып келүү үчүн колунан келгенин жасап жатат. Бирок, бул долбоор убакытты талап кылат», – деди. (18.05.2023, “Aль алам”). Ирандын Афганистандагы элчиси Хасан Каземи Ирандын “IRNA” агенттигине берген маегинде: «Кажики суу сактагычында суу бар экени тастыкталып, Талибан Гильменд дарыясынын суусунан Иранга үлүшүн бербесе, жоопкерчиликти алышы керек. Мындай абалда талаш-тартыш бүтөт жана Иран кандай иш-аракет кылуу зарылдыгын билет…», – деди. (25.05.2023, «Аль Aрабия»). Aфганистанда иш алып барган ирандык дипломаттын бул билдирүүсү эки өлкөнүн ортосундагы абал жарылуу астында турган коркунучта экенин түшүндүрөт. Иран Америка менен анын малай өкмөтү Афганистанда турган чакта мындай коркутуулар бул биякта, а түгүл, ондогон жылдар бою суу көйгөйүнө карабай алар менен жакшы ымалада болуп келген. Иран президенти жана башка аткаминерлери буйрук кылган жана коркуткан билдирүүлөр эки өлкөнүн алакасы жакшы эмес экенин тастыктап турат. Иран өз аймагындагы Систан жана Белужистанда суу көйгөйү чечилмейинче чыңалуу абалын сактап калышы күтүлөт. Иран президенти Оман деңизинен суу алып келип, туздан тазалагандан кийин эгин талааларына жеткирүү тууралуу айткан. А бирок, Иран бийлиги маселени өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, көйгөй Афган бийлиги суунун агымына тоскоолдук кылгандыктан пайда болуп жаткандай көрсөтүүдө. Акыйкатта болсо, бул көйгөйдүн тамыры 150 жыл мурунку учурга барып такаларын эстен чыгарбоо керек. Көйгөй узак убакыттан бери чечилбегендиктен, аймактагы калктын Иран режимине каршы нааразылыгы күчтүү жана кайдыгерликке, дискриминацияга дуушар болуп келишет.
- Aфганистан Ислам эмирлигинин катчысы Забиулла Мужахид 2023-жылы 27-майда Твиттердеги баракчасында мындай билдирүү жасады: «Кабул өз мойнуна алган жоопкерчиликти аткарууга чечкиндүү. Бирок, катуу кургакчылыктан улам суунун деңгээли абдан төмөндөп кеткен… Иран тараптын бул жаатта орунсуз билдирүүлөрү эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге зыян жеткириши мүмкүн. Ошондуктан, мындай билдирүүлөр кайра кайталанбашы керек». Бул билдирүү коркутуп-опузалоо коштолбогон билдирүү болуп, Афганистанды теңине албай, коркутууга аракет кылган Раиси баштаган аткаминерлердин билдирүүсүн четке кагуу жана аларга эскертүү болуп эсептелет. Мындан көрүнүп тургандай, Афганистан Иран менен алакасын чыңалтууга кызыкдар эмес.
- Aфганистан-Иран чек арасында Гильменд дарыясы менен бирге Ферах, Херируд, Харут, Хасбуш, Кхаш, Будаи сыяктуу бир катар кичинекей дарыялар да бар. Алардын баары Афганистандан агып чыгып, чек арадагы Бозек жана Сабри көлүнө куят. Гильменд дарыясы Систан аймагынын негизги суу булагы жана ар дайым кургактыктан жапа чеккен Систан менен Белужистандын күрөө тамыры болуп эсептелет. Афганистан дарыяларынын, айрыкча, Гильменд дарыясы эки өлкөнүн мамилесинде геосаясий ролду ойнойт. Афганистан экономикалык жана саясий максаттарына жетүү үчүн суу маселесин Иран жана башка өлкөлөргө басым өткөрүү куралы катары колдонушу мүмкүн. Себеби, бул суунун дээрлик баары пайдаланылбастан өлкөдө агып чыгып кетет.
- Жогоруда айтылгандар көйгөй Англия мусулман өлкөлөрүн бөлүп, Систан менен Белужистанды үчкө бөлүп жибергенине барып такаларын көрсөтүүдө. Бир бөлүгү Иранга, бир бөлүгү Афганистанга, бир бөлүгү Пакистанга карап калган аймак үч өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселеге айланган. Ошондуктан, дарыянын агымы жана көлгө куйган жери үч өлкөнүн ортосунда талаш-тартышты жаратып келет. Эгер, бул үч өлкө Аллах буйругандай бир бүтүн мамлекет астында болушканда көйгөй чечилип, иштер жолго коюлмак.
Демек, Иран менен Афганистандын ортосунда ок атышууга жол ачкан бул көйгөй Ирандын, Афганистандын жана Ислам дүйнөсүндө майдаланган өлкөлөрдүн ордуна Исламга негизделген, улут жана мазхаб айырмачылыгын, Англия белгилеп берген чек араны жокко чыгарып, аларды бир мамлекет астында бириктирүү аркылуу чечилет. Көйгөйдүн тамыры колонизаторлор Ислам аймагын жасалма чек аралар менен бөлүүсүндө жатканы айдан ачык. Бул аймактардын баары колонизаторлордун отунда өрттөнүп жатат. Жогоруда айтылгандай, айрым ирандык аткаминерлер тарабынан да бул нерсе оозго алынды. Көйгөйдүн туура чечими аймакты колонизаторлуктан мурунку абалга кайтаруу зарыл экени талашсыз. Тагыраагы, биримдиги жана бүтүндүгү камсыздалган, бүткүл негиздери жана тармактары чыныгы Исламга курулган бир мамлекетти тикелөө шарт. Ошондой болгондо гана суулар өз нугунда агып, инсандар андан пайдаланып, айбанаттардын чаңкоосу канат. Аллахтын каалоосуна ылайык жер жүзүндө ниъматтар жетиштүү, мунай байлыктары баарына жетет. Ар бир адам Аллах айткан ниъматтардан насибин алат. Исламдын өкүмдөрү алдында бакубат өмүр кечиришет…
Мындан башка чечим катары айтылып жаткан бардык нерселер убактылуу жана ар кандай учурда жарылып кетиши мүмкүн болгон бомба сыяктуу. Ошондуктан, биз баарыңарды мусулман өлкөлөрүн бириктире турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө чакырабыз. Ошондо гана мусулмандар Ислам менен даңазаланып, Аллах сүйгөн бир тууган боло алышат. Ислам бизди чакырган таза чечим – мына ушул!
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]
17-зулкаъда, 1444-х.
6-июнь, 2023-ж.