Европа кеңешинин жетекчиси Орто Азия жетекчилери менен жолугушту
Кабар: Европа кеңешинин жетекчиси Шарл Мишел 2-3-июнь күндөрү Кыргызстанга келди. Ш. Мишел Чолпон-Ата шаарында “Европа Союзу – Орто Азия” экинчи саммитине катышты.
Саммитте Өзбекистан президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев, Тажикистан президенти Эмомали Рахмонов, Түркмөнстан министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Нурмухаммед Аманнепесов катышты.
Европа Биримдигинин жетекчиси Орто Азия мамлекет жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.
Алгачкы ЕБ + Орто Азия жетекчилеринин саммити 2022-жылы 27-октябрда Казакстан борбору Астана шаарында болуп өткөн.
Комментарий: Россия АКШ тарабынан калыптандырылган эл аралык саясат жана мыйзамдарды бир четке сүрүп коюп, Украинага каршы баскынчылык согушун баштады. Россия бул согушта тез эле жеңишке жетишүүнү жана ушул аркылуу НАТОнун өз чегараларына карай кеңейишине тосук коюуну о.э. өзүн дүйнө эсептешүүгө мажбур боло турган ири күч катары көрсөтүп коюуну пландаштырган эле. Бирок, уруш ал пландагандай кеткен жок (тескерисинче, АКШ пландагандай кетүүдө). Согуштун созулуп кетиши жана АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттеринин Россияга каршы салган санкциялары аны саясий, аскерий жана экономикалык жактан кыйын кырдаалга кептеп койду. Бул согуштун дагы да созулушу о.э. Россия экономикасынын буга туруштук бере албашы күндөн-күнгө айкындашып барууда. Россиянын алдан тайып барышы – анын эки кылымдан бери колониясы болуп келген жана Россия өзүнүн эгинзары катары көрүүгө адаттанган Орто Азия үстүндө – жаңы колонизаторлук күрөштөрүн күчөтүп жиберди.
АКШ регион мамлекеттерин экономикалык жактан “ТАПИ”, “CASA-1000”, “Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жол долбоорлору аркылуу өзүнө байлап алууга урунуп жаткан болсо, саясий жактан “С5+1”, Түркия башчылыгындагы “Түркий мамлекеттер уюму” аркылуу өз таасирин бекемдөөгө аракет кылып келүүдө. Америка булар менен эле чектелип калбай, регион мамлекеттерине аскерий жардам көрсөтүү аркылуу да алардын көз карандылыгын күчөтүп барууга умтулууда.
Кытай болсо буга чейин регион мамлекеттери менен саясий жактан активдүү кызматташууга киришпестен, жалаң гана экономикалык экспансиясын кеңейтүүгө этибар каратып келген эле. Россия дүйнө коомчулугуна кудуреттүү держава катары көрүнүп турган кезде, Кытай да Россия менен ойлонуп иш тутуп келди. Ал эми, Украина урушунда “орус аюусунун” алсыз акыбалы ачылып калган соң, Кытай мурунтан Россия тоскоолдук кылып келген бир катар долбоорлорду ишке ашырууга жан үрөп киришип баштады. “Бир кур – бир жол” стратегиясы алкагында “Жаңы жибек жолу” долбоорун турмушка ашырууга олуттуу киришти. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун кеңейтип, анын алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Афганистан” коридорун ишке түшүрүү аракетин баштады жана өткөн жылдын сентябрь айында ушул жолду бойлоп “Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон” жаңы транзит багыты менен жүк поезди сыноодон өткөрүлдү. Мына эми болсо Кытай регион мамлекеттери менен саясий жана аскерий кадамдарын да адымдатты. 18-19-май күндөрү Сиан шаарында болуп өткөн “Орто Азия – Кытай” саммитинде регион жетекчилери менен Кытай президенти бетме-бет кездешип, экономикалык кызматташтык менен бирге саясий жана аскерий кызматташтык маселелери да талкууланды. Саммит аягында Си Цзинпин Кытай Орто Азия мамлекеттерине коргонуу жана коопсуздук жаатында жардам берүүгө даяр экендигин айтып өттү.
Ар бир колонизатор жаңы бошоп жаткан майданды өз таасири астына алууга умтулгандыктан, Европа Биримдиги да Орто Азияда өз таасирин күчөтүүгө умтулууда. ЕС бу жолдо негизинен “адам укуктары”, “сөз эркиндиги”, “гендерлик теңдик” идеяларынан пайдаланып, аларды демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдар жана таалим тармагына каражаттар ажыратуу аркылуу ишке ашырууда. Мисалы, 2019-жылы Европа Биримдиги жана Кыргызстан ортосунда таалим тармагын колдоп-кубаттоо үчүн 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлган болсо, ушул жылдын 6-апрелинде Кыргызстан менен ЕС ортосунда каржылык келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык, ЕС билим берүү жана илим министрлигине 32 миллион евро кайтарымсыз жардам берет. О.э. Европа Биримдиги өткөн жылдан баштап “ЕС – Орто Азия” саммити аркылуу регион мамлекеттерине саясий таасир өткөрүү платформасын да ишке салды.
Демек, Орто Азия аймагы үстүндө колонизаторлук күрөшү улам өөрчүп барууда. Өкүнүчтүүсү, үстүбүздөгү малай акимдер арзыбас маталарга ээ болуу же өз күрсүсүн сактап калуу үмүтүндө, күч кимде болсо ошого ээрчип кетишүүдө. Алар калк кызыкчылыгы же келечегинин эч кандай мааниси жок.
Биз мусулмандар, пайдага негизделген жана зулум үстүнө курулган капиталисттик түзүмдү ыргытып салып, Исламга карай кадам таштамайынча колонизаторлордун курмандыгы болуудан, алардын зулумунан кутула албайбыз. Ушундай болгон соң, Орто Азия калкын эле эмес, бүткүл дүйнө элин мындай кордуктардан азат кылуучу Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда бир денедей аракет алып баруубуз зарыл!
Абдурахман Адилов