Кыргызстан Орусиядан оолактайбы?

3119
0

Кыргызстан Орусиядан оолактайбы?

         Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинде коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөп жатып, Украинадагы кырдаалга токтолду. Анын айтымында, Кыргызстан кандай гана чыр-чатак болбосун сүйлөшүү жолу менен чечилишин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдойт.

“Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт”, – деди Жапаров. Ошондой эле дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы тынчсыздандырарын белгиледи.

         Буга чейин Москвада өткөн Евразия экономикалык биримдиги форумунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБдин азыркы форматынын келечеги жоктугун белгилеп, сындаган. Мындан тышкары, Токаев Петербург экономикалык форумундагы сөзүндө, Путиндин алдында туруп, эгемендүүлүгүн жарыялаган Донецк жана Луганск республикаларын тааныбай турганын айткан.

         Ал эми, Армения премьер министри Никол Пашинян Украинадагы согушта Армения Орусиянын союздашы эмес экенин ачык CNN Prima News чех телеканалына курган маегинде ачык айтты. Ошондой эле, Пашинян Еревандын Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан чыгуу маселеси ачык турганын айткан.

         Бул өлкөлөр буга чейин Укрина маселесинде бейтарап позицияны карманып, ага байланыштуу билдирүүлөрдү жасоодон карманып келишкен. Ал эми, согуштун созулушу жана Орусиянын жоготуулары көбөйүп, эл аралык майдандагы позициясы алсырап бараткандыктан, ага малай акимдердин да позициясы өзгөрүп барууда. Тагыраагы, Орусиянын таасири астындагы мамлекеттер Батыш жана Кытайдын кол астына өтүүнү эп көрүп жатышат. О.э жогорудагыдай билдирүүлөр аркылуу Батыштын санкцияларына илинип калбоонун аргасын көрүп, алардын каржылык колдоосуна ээ болууну үмүт артышууда.

         Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат.  Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда.

         Демек, биз мусулмандар пайдага негизделген колонизаторлордун таасир талашуу оюндарына, тузактарына чалынуудан этият болушубуз керек. Анткени, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу үстүбүздөгү зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here