بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо–жооб
Кремлге жасалган дрон чабуулу
Суроо:
2023-жылдын 3-майында Москванын борборундагы Кремль сарайына дрон аркылуу чабуул жасалды… Учкучсуз учак боюнча америкалык адистердин айтымында, Кремлдин үстүндө атып түшүрүлгөн эки учкучсуз учак Москва жана айланасындагы көптөгөн коргоо системаларынан өтүп кетүүсү ал дрон Орусиянын ичинен учурулганына ишара кылат. (06.05.23, Аль Жазира, Рейтерс). Украина параламентинде Тышкы иштер министрлигинин катчысы Kремлге жасалган чабуул Москва тарабынан пландалганын билдирди. (03.05.23, Аль Жазира). Бул чабуул Орусия айыптаган «Украинанын тышкы планыбы?». Же Америкалык адистер жана Украина айткандай «Moскванын ички планыбы?». Кремлге кол салуу тууралуу ар түрдүү билдирүүлөр болууда. Бул чабуулдун артында ким турарын ачыктап берсеңиз?
Жооб:
Кремлдин басма сөз кызматы эки учкучсуз учак аркылуу жасалган чабуул токтотулганын жарыялап, аны «террордук» акт катары баалады. Ошондой эле, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге зыян жетпегенин билдирди. Украина Кремлге жасалган кол салууга тиешеси жок экенин айтып, Москваны согушту күчөтүү үчүн маалымат каражаттары аркылуу бул окуяны атайын көбүртүп көрсөтүп жатат деп айыптады. Бул кол салуунун максатын түшүнүү үчүн ушуларды эске алуу керек:
Биринчи: Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы баштаган согуштан бир жылдан ашуун убакыт өттү. Учурда айрым согуш фронтторундагы чабуулдар токтоп калды. Бахмут шаарында сегиз айдан бери созулган салгылашты жана Украинанын ичине атылган айрым ракеталарды эске албаганда, көпчүлүк фронттордо согуш дээрлик токтоп калды. Согуштун мындай басаңдашынын эки себеби бар. Биринчиси, кыш мезгилиндеги кыйынчылык. Экинчиси, тараптардагы ок-дары жана техниканын жетишсиздигине байланыштуу. Ар дайым Украинага күтүүсүз чабуул кылынышы айтылып жаткан учурда Кремлге жасалган бул кол салуу согушту кайрадан күчөтүшү мүмкүн.
Экинчи: Aмерика жетектеген Батыш Украинага баскычма-баскыч туруктуу жардам берүү менен Орусияны алсыратты. Бахмут шаарында согушуп жаткан Вагнер жеке аскердик компаниясынын башчысы ок-дары жана курал-жарактын жетишсиздиги жөнүндө даттанууда. А түгүл, орус армиясы ичиндеги бөлүктөр дагы ок-дарысыз калганын айтып, бийликти айыптоодо. Айрыкча, калган фронттордо кыш айларында чабуул токтоп калган. Мындан улам, Орусия Украинанын ичине маал-маалы менен гана чабуул жасап жатат. Башкача айтканда, Орусияда туруктуу чабуул жасоого жетиштүү ракета жана учактар калбады. Бир айда өндүргөн куралдарын бириктирип Украинага төгүп салган сыяктуу көрүнүүдө. Бул дагы Орусиянын алсыз тарабы. Буга кошумча, Батыштын санкциялары себептүү орус аскердик өндүрүшүндө тетиктер жетишсиз. Кабарларда Батыш Украинаны курал-жарак, ок-дарылар менен камсыздоосу да чектелип калганы айтылууда. Ошентсе да, Батыштын бул боштукту толтуруу мүмкүнчүлүгү Орусияныкынан жогору.
Үчүнчү: Орусия армиясы аскерлерди тартуу үчүн кампанияларды жүргүзгөнүнө карабастан, кургактыктагы чабуул жөндөмү түгөнүп барууда. Орусия Батыштын өнүккөн куралдары менен күтүлүп жаткан Украинанын контрчабуулунан корккондуктан, согуш фронтторунда траншеяларды казууда. А түгүл, Вагнер компаниясынын башчысы Украинанын чабуулу «Орусия үчүн кырсык» болорун билдирди. Муну Орусия аба күчтөрү согуш талаасында көрүнбөй калганы да ырастап турат. Орусия аба күчтөрү Украина аба мейкиндигин толук көзөмөлгө ала албагандыктан, алыстан айрым соккуларды берүү менен гана чектелүүдө. Орусиянын бул алсыздыгы Украинаны көшөгө артынан башкарып жаткан Америка жана Батышка маалым. Бардык ыктымалга каршы согушту баштоого тукурган Американын планы согуштун башында элестете албаган жагдайга алып келди. Өзгөчө Америка менен Батыш Орусияны өзөктүк курал колдонуудан баш тарттыра алышты. Орусиянын өзөктүк курал менен коркутуусу дүйнөлүк коомчулуктун катуу каршылыгына учурады жана Орусия өзөктүк куралды колдонуудан коркуп калды.
Төртүнчү: жогоруда айтылгандардан улам, быйылкы жай дагы да ысык болоору күтүлүп жатат жана ар кандай ыктымалдар жүз бериши мүмкүн. Согуш Украинанын ичине гана чектелип калбагандыгы – алардын бири. Украина кол салууга жоопкерчиликти өз мойнуна албаса да Орусия ичинде бир катар чабуулдар жасалды. А түгүл, Орусиядагы кол салууларга жооптуу катары Путиндин бийлигин четке каккан «Орус оппозициясы» ойлоп табылды. Москванын жүрөгүндө жайгашкан Кремлге жасалган чабуул Орусиянын намысына катуу тийди жана Орусия бул окуяны президент Путинге кол салуу катары баалады. Дрон учурулган жер кайда жайгашканына карабастан, анын Кремль сарайынын чатырына жетип баруусу Орусиянын дагы бир алсыз тарабы болуп саналат.
Бешинчи: Moсква Украинанын бул чабуулунан улам нес абалга түшүп, кескин билдирүүлөрдү жасады:
- Орусия Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев шаршемби күнү Telegram каналында: «Kремлге каршы террордук чабуулдан кийин Зеленскийди жана анын тобун жок кылуудан башка тандоо калбаганын» билдирди. (03.05.23, Спутник ньюс).
- Орусия мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин Кремлге дрон аркылуу жасалган чабуул жөнүндө сүйлөп, Киевдеги террордук режимди токтотуп, жок кыла турган куралдарды колдонууну талап кылды. Володин Telegram каналында Киев жоопкерчиликти моюнга албаган «сөздө айтылган» кол салуудан кийин Орусия Украина президенти менен сүйлөшүүгө барбашы керектигин айтты. О.э Орусиянын, Европанын жана бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган Зеленский режими менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдирди. (03.05.23, Аль Жазира).
Бул билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, эки учкучсуз учак аркылуу Кремлге жасалган чабуулдан кийин Орусия катуу тынчсызданды.
Aлтынчы: Орусия Украинадагы согушту күчөтүү үчүн дрон чабуулун уюштурду деген сөзгө келсек, мунун ыктымалы аз. Бир тараптан, бул чабуул анын аброюна шек келтирип, «держава» макамына зыян жеткирүүдө. Бул Орусиядан жана анын башчысынан коркпоо керектиги жөнүндө коңгуроо болуп калды. Экинчи тараптан, Орусия – өзөктүк куралын эсепке албаганда – Украинадагы согушту күчөтө турган кудуретке ээ эмес. Американын каршы аракеттеринен улам Орусия өзөктүк куралын колдонууга да эрки жетпейт. Орусия бул кол салууну өзү уюштурбаганына ишара кылган дагы бир жагдай – Орусия чабуулда түздөн-түз Американы айыптагандыгы. Бул өзгөчө бир абал болуп, чабуулдан Москва олуттуу коркуп жатканы байкалууда. Бул жөнүндөгү билдирүүлөр да муну ачыктап турат:
- Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремлге жасалган дрон чабуулунун артында АКШ турганына ишара кылып: «Мындай чабуулдарга байланыштуу чечимдер Киевде эмес, Вашингтондо кабыл алынууда», – деди. 4-майда Кремлде өткөрүлгөн басма сөз жыйынында сүйлөгөн Песков: «AКШ менен Украина бул кол салууну моюнга албоосу абдан күлкү келтирерлик. Мындай террордук актыларга байланыштуу чечимдер Киевде эмес, Вашингтондо кабыл алынарын билебиз. Киев ага айтылган нерсени гана аткарат», – деди. Ак үйдүн расмий өкүлү Жон Кирби MSNBC телеканалынын эфиринде чабуулдун артында АКШнын турганын айткан Песковдун сөзүн четке какты. Кирби: «Эмне болгонун азырынча анык билбейбиз жана эч кандай баа бере албайбыз. Эрте менен Песковдун билдирүүсүн жана бизди айыптаганын көрдүм. Силерди ишендирип кетемин, AКШнын бул окуяга эч кандай тиешеси жок. Эмнеси болсо да, биздин окуяга катыштыгыбыз жок», – деди. (04.05.23, Russia Today).
- Ага карабастан, Орусия алсырагандыктан, Америка Украинадагы согушту Орусияга каршы пайдаланууда. А түгүл, Кремлге жасалган чабуул Орусия президентин коркутуу катары бааланышы мүмкүн. Песковдун билдирүүсүнөн Орусия бул ишараны түшүнгөндүгү көрүнүп турат. Ошондуктан, Орусия чабуулдун артында Америка турганын билерин айтууда. А бирок, Aмериканы түздөн-түз коркутууга батына албай, Украинаны коркутуп, президент Зеленскийди жок кылуу жөнүндөгү билдирүүлөр менен чектелди.
- Чабуулду Америка пландаганын жана ал Орусияга бир чакырык экенин көрсөткөн дагы бир жагдай – Украина президентинин өлкөдөн чыгарылышы. Украина президенти Кремлге чабуул болгон күнү таң эрте күтүүсүз Финляндиянын Хельсинки шаарына сапар кылды. Анын артынан Голландиянын Амстердам шаарына конду. Андан кийин Германия президенти Зеленскийди кабыл алды. Бул нерселер Зеленскийди Орусиянын кол салуусунан коргоо, тагыраагы, Медведевдин талабы орундалуусунан сактоо үчүн жасалды.
- Aмериканын өзүнө келсек, АКШ бул окуя тууралуу комментарий берүүнү каалабагандай көрүндү. А түгүл, Орусиянын айыптоосуна шек санаганын айтты. АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Moскванын айыптоолорунан кабардар экенин, бирок, «алардын эч бирин тастыктабай турганын» билдирди. Блинкен: «Билбейбиз. Чынында эмне болгонун карап чыгабыз. Акыйкатта эмне болгонун билбей туруп бул маселеге комментарий берүү же божомолдоо абдан оор», – деди. (03.05.23, CNN Aраб).
- AКШнын Орусия президенти Путинге кол салууга байланышы бар экенин көрсөткөн дагы бир нерсе – өткөн айда ачыкка чыккан Американын жашыруун документтери. Документте согуш сценарийлеринин биринде Орусия президенти Путиндин өлтүрүлүшү керектиги айтылган. «Көрүнүп тургандай, Пентагондун жашыруун документтеринин ачыкка чыгуусу күтүүсүз жана сырларга толо. The New York Times гезити жарыялаган жашыруун документте Украина согушу башталгандан бир жыл өткөндөн кийин боло турган кырдаалды чечүү планы деталдуу баяндалган. Жашыруун документте АКШ Коргоо министрлиги Орусия-Украина согушунда ишке ашыра турган төрт вариант каралып, алардын согуштун жүрүшүнө таасири талданган. The New York Times гезити жазышынча, AКШ Коргоо министрлиги пландаган сценарийдин арасында Орусия президенти Путин жана Украина президенти Зеленскийдин күтүүсүз өлтүрүлүшү, Орусия күч түзүмдөрүнүн жогорку кызматкерлеринин кызматтан алынышы жана Украинанын Кремлге чабуул кылышы да орун алган». (12.04.23, Аш-Шарк).
Жетинчи: кыскасын айтканда, Москвадагы Кремль сарайына жасалган дрон чабуулу Украинадагы согуш кооптуу даражага жеткенин билдирет. О.э Америка согуштун жүрүшүн өзгөртө турган күчтүү чабуулдарды баштоо үчүн Орусия ичинде жетиштүү агенттери бар экенине ишара кылат. Орусияда темир жолдорду, мунай базаларын жана энергетика тармагын бутага алган жардыруулар башталып, улам көбөйүп барууда. Башкача айтканда, согушту Украинадан Орусияга көчүрүү аракети иш жүзүндө катуу алып барылууда. Айрыкча, орус кошууну Украинада чоң жоготууларга дуушар болуп, мындан ары согуштун багытын өзгөртө турган чабуул кылышы кыйын болууда. Америка баш болгон Батыш согуштун жүрүшүн Украинанын пайдасына өзгөртүү үчүн аны заманбап курал-жарактар менен камсыздоону улантууда. Украина Херсон шаарын жана Харьковдун аймактарын кайра алуусу, Бахмутта сегиз айдан бери уланган салгылашта Орусия олуттуу жоготууларга карабастан шаарды колго ала албагандыгы учурда согуш Орусиянын зыянына болуп жатканын көрсөтүүдө.
Мына ушулар – Кремлге жасалган чабуулдун акыйкаты жана анын артындагы пландар. Бул нерселер Орусиянын аскерий жана коопсуздук күчтөрү Москванын жүрөгүндөгү саясий борборду коргой албай турган даражада алсыраганын билдирет. Согуш Орусия менен Украинанын ортосунда гана болбой жатканы, тескерисинче, Америка жана Батыш Украинаны материалдык, моралдык жактан колдоп жатканы да акыйкат. Муну менен бирге, Орусиянын Украинага кол салуусу бир жылдан ашуун уланууда жана Орусия басып алган аймактарда туруктуулук орногон жок. Орусия материалдык, инсандык чоң жоготууларга учурап жатат. Булардын баары Орусия көзгө көрүнгөн ири мамлекет макамынан алыстаганын билдирет. Орусия да муну сезип-билип турат. Ошондуктан, Орусия 2023-жылдын 9-майында жеңиш күнүнө чейин Бахмутту толук колго алуу менен атын сактап калууга бардык аракетин кылса да шаарды басып ала алган жок. А түгүл, Вагнер компаниясы сапарбар кылынса да майнап чыкпады.
Америка менен Батышка келсек, алар акыркы украин аскери калганга чейин согушат! Алар согушка түздөн-түз аралашууну каалашпайт, тескерисинче, башкалардын каны менен өз кызыкчылыктарын коргошууда.
Жыйынтыктап айтканда, 2023-жылдын 1-мартында айткан сөзүмдү кайталаймын: «Бүгүн дүйнөдө ири мамлекеттер деп аталган бул колонизатор кафир мамлекеттер дүйнөгө жакшылык алып келүү үчүн эмес, жамандык жана зыян алып келүү үчүн бири-бирине каршы күрөшүүдө. Орусия баш көтөргөн ар кандай украиналыкты өлтүрүү үчүн Украинага чабуул кылган болсо, Америка менен Батыш өз аскерлери менен эмес, украиналык аскерлер менен душманга каршы күрөшүүдө. Эки тарап тең украиналыкты өлтүрүү үчүн Украинада бири-бири менен бетме-бет келишүүдө… Ошентип, жер жүзүндө бузгунчулук таратууну көздөгөн бул мамлекеттер үчүн канчалык кан төгүлүшү – бул нерсе алардын кызыкчлыктарын жүзөгө чыгарса – эч кандай мааниге ээ эмес… Өтмүштө Фарс жана Рум мамлекеттери өз ара күрөшүп, бири жеңип, экинчиси жеңилгендей, тарых кайталанып жаткандай көрүнөт… Алар өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн адамдардын канын дайра кылып төккөн машинадай аракет кылышкан… Бул абал Аллах Таала чындык жана адилет ээлери болгон Ислам Умматын жеңиш жана фатх менен сыйлап, Ислам жана мусулмандар азиз, куфр жана кафирлер кор болгонго чейин созулган. Аллахтын уруксаты менен дагы ушундай болот.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишиге нусрат берет. Ал кудуреттүү жана ырайымдуу» [Рум: 4-5]
Бул болсо Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу болот.
وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً
«Ал күн качан болот?» дешет. Айткын: «Жакында болоор!» [Ал Исро: 51]
19-шаввал, 1444-х.
9-май, 2023-ж.