بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ал-Ваъй тобу Куддус университетинде «Балдардын укугун коргоо» конвенциясы туурасында баян уюштурду
Ал-Ваъй тобу Абу Дис шаарындагы Куддус университетинде баян уюштуруп, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин тарабынан жарыяланган «Балдардын укугун коргоо конвенциясы – жакындашып жаткан кооп-коркунуч, Фалестин администрациясы бул конвенцияны аткарышы – Исламга каршы согуш» деген китеби жөнүндө сөз кылды.
Баянда мындай делет: «Балдарды үй-бүлөлөрүнөн бөлүү – кылмыш. Маселен, жыныстык бузукулукка үндөө, куфрга жана кудайсыздыкка даярдоо, зынага уруксат берүү, перзенттерге өз ата-энелери үстүнөн арызданууга үйрөтүү, аборт кылууга чакыруу, мектептерде бойго болтурбоо каражаттарын таратуу, акылдарды уулоо, яхудий, насроний, Батыш мыйзамдарына итаат кылдыруу сыяктуу. Бул нерселер иблистердин таштандылары болуп, Фалестин администрациясы аларды Расулуллах ﷺдын Исро жери болгон мубарек жерде кеңири жаюуга урунууда… Бул максатта администрация балдарды коргоо деген жалганды айтып, түпкүлүгүндө балдарды бузган мыйзамды ратификация кылган».
О.э. баянда ушулар да айтылды: «Иблиске каршы күрөшүүгө таянып, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин «Балдардын укугун коргоо конвенциясы – жакындашып жаткан кооп-коркунуч, Фалестин администрациясы бул конвенцияны аткарышы – Исламга каршы согуш» деп аталган китеп жарыялап, китепти өлкөдө таратууда. Андыктан, силер да Азиз жана Жаббар Роббиңердин ушул чакырыгын кабыл алып, бүгүнкү иблистерге каршы тургула:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла» [8:24]».
Роя гезити, №438, 2023-жыл, 12-апрель.