بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Америка Шам козголоңун жок кылуу үчүн козголоңго каршы айла-амалдарын токтоткон жок
АКШ Мамлекеттик департаменти Твиттерде: «Биз Асад режими менен мамилелерди таптакыр нормалдаштырбайбыз жана нормалдаштырууга үгүттөбөйбүз дагы», – деп твит калтырды.
Роя:
Бул жалган билдирүүлөр – Асад режими менен жарашууга жана нормалдашуу пикирин алга сүрүүгө багытталган адаштыруучу билдирүүлөр. Шам калкы анын саясий аң-сезими өсүп, бул мамлекеттердин козголоңду жок кылуу максаты адамдарга ачыкталып калгандыктан мындай айла-амалдарга алданышпаса да, бул билдирүүлөр аларды алдап азгырууну көздөйт.
АКШ Мамлекеттик департаменти «Биз Асад режими менен мамилелерди таптакыр нормалдаштырбайбыз жана нормалдаштырууга үгүттөбөйбүз дагы» деген билдирүүлөрдү козголоң башталгандан бери миң жолу айтты. Башка өкмөт жана режимдер да козголоңдун тарабында экенин миң ирет айтышты… Бирок, түпкүлүгүндө Америка да, алар да козголоңду жек көрүшөт жана козголоңго зыян жетишин каалашат. Америка Асад режими Шам калкын кыргын кылып жатканын өз көзү менен көрүп, ушул күнгө чейин – бүгүндөн тартып кылмышкер Асад режиминин кыргын кылышына жол бербейбиз, шексиз жоопкерчиликке тартабыз деген билдирүүлөр менен чектелип келди. Түпкүлүгүндө, АКШ бул канкор Асад режими дагы да көбүрөөк кыргын кылышы үчүн аны мыйзамдуулук менен камсыздап, козголоңду бастырышы үчүн эмне зарыл болсо, бардык нерсе менен колдоп-кубаттады.
Андыктан, оо, Шам калкы, мындай бузгунчу жана кылмышкер режимдердин билдирүүлөрүнө алданбагыла, себеби алар силерге берип жаткан нерсе бал эмес, ал – заар. Козголоңуңарды башынан бери ыплас саясий акчалар менен уулап келе жатышкандай, бүгүн да алар Американын саясий чечимин жана БУУнун №2254-резолюциясын ишке ашыруу аркылуу козголоңду жок кылышмакчы. Бул резолюция Сирия режимин коопсуздук жана аскерий мекемелери, илманий конституциясы менен сактап калууну көздөрү маалым. Ошондуктан, аларга таптакыр ишенбегиле жана нажат жолуңарда бекем аракет кылып, тартып алынган бийлигиңерди кайтарып алгыла жана козголоңуңарды коопсуздук жээгине, куткаруу жолуна жеткиргиле. Шек-күмөнсүз, бул Асад режимин бардык аркандары, жүздөрү менен кошо кулатып, урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык саясындагы Ислам башкаруусун тикелегиле. Аллах амалыңарды текке кетирбейт.
Роя гезити, №438, 2023-жыл, 12-апрель.