بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Яхудийлердин Африкадагы ач көздүгүн Халифалык мамлекетинен башкаси токтото албайт!
(Үчүнчү халка)
Устаз Абдулхалик Ибдун Али
Хизб-ут-Тахрирдин Судан
вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
2023-жылы 3-февралда «https://www.azzapress.com/» сатында «Израиль: Судан ресурстарга бай стратегиялык мамлекет» деген темада макала жарыялады. Анын мазмуну:
«Яхудийлердин тышкы иштер министри Эли Коэн Тель-Авив Судан менен тынчтык келишими долбоорун сунуштаганын, долбоорго ушул жылы кол коюларын маалымдады. Коэн өз мамлекетине кайткандан кийин берген басма сөз коференциясында тынчтык келишими эки мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кыларын айтып: “Судан – Кызыл деңиздин жээгине чейин созулган стратегиялык ресурстарга бай өлкө”, – деди.
Белгилүү болгондой, Судан жөнүндө «Континент мамлекет» же «Дүйнөнүн азык-түлүк себети» деп баа берилген. Ушул көз караштан алганда, Судандагы мол ресурстарга көз алайтып жаткан башка мамлекеттер катары яхудий вужудунун да ал жерде кызыкчылыгы бар. Мисалы, “Ал-Жазира нет” сайты 2021-жылы 8-февралда «(Израилдин) Африка континентиндеги амбициялары… Судан ресурстарынан баштап» деген аталышта жарыялаган макалада айтылышынча, яхудий вужуду Судан менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн төрт негизги кызыкчылыктарды белгилеген: коопсуздук, миграция, туризм жана айыл чарба. Бул нерсени Африканын жети мамлекети менен чектешкен бул мамлекетке капитал жаткыруу жана аны жолдор менен байланыштыруу аркылуу ишке ашырмакчы. Порт-Судан шаарындагы порт айыл чарба продукцияларын ташууга кызмат кылып жатканда Тель-Авив Суданды Африка континенти үчүн «Азык-түлүк себети» деп баалоодо.
Яхудий вужуду Хартум байлыктарына ээ болуу үчүн заманды артта калтырууда. Бул нерсе Эли Коэн жакында Суданга сапар кылып, яхудийлердин кызыкчылык жана амбицияларын ачыктаганда даана ачыкталды. Ушул амбициялар: соода, өнөр жай жана айыл чарба тармактарына капитал жаткыруу, Хартумда химия заводун куруу, аны яхудийлер араб жана мусулман мамлекеттеринде ачкан биринчи заводго айлантуу.
Яхудий вужуду Суданга Африкага кирүү дарбазасы катары карайт. Мындан тышкары, яхудийлердин континенттеги иш-аракетин кеңейтүү, Африка жана Кызыл деңизде өз кадамына ээ болуу, Саудиянын капитал жаткыруу сыяктуу ар кандай аракеттерине атаандашуу, Түркиянын таасирине жана инвестициясына каршы күрөшүү амбициялары бар.
Яхудий компаниялары жана ишкерлери кайра жаңылануучу энергия, саламаттыкты сактоо, авиация жана айыл чарбага капитал жаткыруу аркылуу Суданга терең кирүүнү көздөшүүдө. Яхудий режими өз компанияларын бул долбоорду жүзөгө чыгарууга үндөп жатат. Анын алгачкы кадамы катары химиялык заттарды өндүргөн «Дашан» компаниясы Хартумда жер семирткич чыгарган заводду куруу үчүн толук каржылоого жана 100 % капитал жаткырууга даярдыгын жарыялады».
Макалада дагы мындай делет: «Яхудий вужуду Судан байлыктарын жана ресурстарын көбүрөөк көзөмөлдөө үчүн Хартумга делегацияларды жана адистерди жиберүүнү ынтызарлык менен күтүүдө. Ал Судан айыл чарбасын ээлөөгө жол берген бардык жолдорду аныктоону жана ушул өлкөнүн өзгөчөлүгү болгон мал жана кой чарбасын ээлөөнүү каалап жатат. Ушул аркылуу яхудий вужуду бул сектор яхудий компанияларынын көзөмөлүндө болушун, эки эсе киреше алууну жана Африка континентине терең кирүү үчүн ушул компаниялар бүткүл Судан ресурстарынан пайдаланышын каалап жатат».
Эгер, яхудий вужуду Суданга экономикалык жана соода тармагында терең кирип алды деп элестетсек, яхудий журналисти экономист Дэнни Закендин сөздөрүнө ылайык: «Тель-Авивдин көз карашында Хартум Фарс булуңунан бүтүндөй айырмаланат. Судандын негизги өнөр жайы Судан аркылуу өткөн Нил бассейниндеги айыл чарбадан турат. Түштүктөгү Эфиопия жана Кениядан Мисирге өткөн эки тараптуу багытта ири айыл чарба талаалары бар. Эфиопия тоолорунан түшкөн суу жана өнүмдүү топурак тез арада Африкада (Израилдин) көзөмөлүндөгү дан кампасын жана азык-түлүк себетин пайда кылышы мүмкүн». Журналист Дэннинин пикиринде: «Тель-Авив Суданда орношуу аркылуу Саудиянын ар кандай демилгелерине жана Түркиянын Суданга капитал жаткыруу аракеттерине каршы күрөшө алат… Мына ошондо ал жердеги соода жана экономикалык үстөмдүк яхудий мамлекетинин келечегине айланат».
Шек-күмөнсүз, бул вужуддун Африка континентинде беймарал шүмшүңдөп жүргөнүнө малай башчыларыбыз себепкер. Эгер, элди башкаруу жөндөмүн жоготкон бул рувайбизалар болбогондо бул душман бул континенттин бир сөөм жерине да кадам таштай албайт эле. Батыш өкүлдөрү болгон ушул башчылар себептүү эртең яхудийлер байлык жана ресурстарыбызды талап-тоношуна мүмкүнчүлүк жаратылышы мүмкүн.
Бүгүнкү күндө Умматтын камкордук кылган, ийгиликтерин колдоп-кубаттап, биримдигин сактаган, аны жана анын кызыкчылыктарын коргогон жетекчиси жок. Тескерисинче, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан башка нерсени ойлобогон элита бар. 2022-жылы 17-ноябрда яхудийлердин «Едиот ахронот» гезити мурунку финансы министри Яир Лапиддин билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө Лапид Судан премьер-министри Абдуллах Хамдукту яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруунун акысына пара алган деп айыптады. Лапид айтышынча, бул пара АКШнын Калифорния штатындагы Малибу шаарында жайгашкан, яхудий миллиардер Шелдон Адельсонго караштуу үй болуп, Мухаммад ибн Зияд Америкадагы ливандык кеңешчиси Жорж Нейдер аркылуу 5 миллион доллар төлөгөн. Гезит үйдүн сүрөттөрүн жарыялап, Хамдукка белек кылынган үй деп түшүндүрмө берген!
Өз дини менен азиз, кубаттуу Умматтын аракети яхудий вужудунун ач көздүгүн токтотуу менен гана чектелбейт. Умматтын негизги аракети яхудий вужудун тамыры менен кулатуу. Бул болсо, султан Абдулхамид рохимахуллох сыңары халифанын өкүмдарлыгында гана ишке ашат. Султан Абдулхамид яхудийлердин ач көздүгүнө каршы тоодой бекем турду. Ага яхудийлер Фалестинден жер бөлүп берүүнүн акысына ири көлөмдө акча сунушташат. Бирок, султан Абдулхамид анын мамлекети бул акчага абдан муктаж болуп тургандыгына карабастан, сунушка чыныгы эр кишилердин жообун берет жана сунуштап келген яхудийге мындай дейт: «Мен Фалестин жеринин бир сөөмүнөн да баш тарта албаймын. Себеби, ал менин мүлкүм эмес, ал Ислам Умматынын мүлкү. Элим ушул жер үчүн жихад кылып, каны менен суугарган. Андыктан, яхудийлер миллиондорун өзүлөрүнө калтырышсын. Балким, бир күн келип Халифалык мамлекети кулатылса, алар Фалестинди бекерге алышы мүмкүн. Бирок, мен тирүү турган соң, Фалестин Халифалык мамлекетинен бөлүнүп алынышын көргөнүмдөн көрө денемдин кескиленгени жеңилирээк…».
Куддуси Шарифтин куткаруучусу Салахиддин Айюбийди эске алалы, андан: «Эмне үчүн таптакыр күлбөйсүз?!», – деп сурашат. Ал: «Кантип күлөйүн, Акса туткундукта болсо?!», – деп тарыхта кала турган жоопту айтат. Чынында эле, Салахиддин ал кездерде таптакыр күлбөгөн, Куддусту азат кылгандан кийин гана: «Мына эми күлөмүн», – деген.
Андыктан, келгиле, өз динин азиз-кубаттуу кылуу жана мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен биригип олуттуу аракет кылалы. Уммат мамлекет тикеленген күндө кубатка толуп, яхудийлерди кыйратат, алар басып алып, бузгунчулук кылып жаткан бул жерди толук кайтарып алат.
Роя гезити, №436, 2023-жыл, 29-март.