Кыргыз бийлиги муфтиятты кол жоолук катары колдонгусу келет
Президент Садыр Жапаров 5-апрелде никаб, паранжа кийгендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын жана жоолук салынгандар жүзүн ачык алып жүрүшү керектигин билдирди. Ал мыйзамда мындай берененин кабыл алынышына аалымдар кеңешинин чечими негиз болгонун жүйө келтирди. Президенттин сөзү кургай электе муфтияттын маалымат бөлүмү билдирүү жасап, никаб, паранжа динде парз эмес экенин, аялдар аны кийбесе күнөөкөр болбой турганын айтып чыкты. Билдирүүдө келишинче, диний маселеге келгенде анык далилдерге таянуу менен гана сөз кылуу кажет, аны ар кандай кызыкчылыктар үчүн колдонуу күнөө болуп саналат.
Президенттин актануусу, муфтияттын коргонуусу буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын алкагында Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда никаб кийген эже-карындаштарыбызга каршы рейд жүргүзгөнүнө байланыштуу болду. Анткени, калктын калың катмары бул кампанияга каршы нааразычылыгын билдирип чыккан эле. Буга карабастан учурда Ош шаарында да рейддер уланууда. Күч кызматкерлери мусулман эже-карындаштарыбызга коомдук жайда никаб кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынышын эскертишүүдө.
Негизи никаб кийгендерге карата айып пул салууну караган мыйзам май айынан тарта күчүнө кирет. А бирок, расмий бийлик шашылыш түрдө рейддерди жүргүзүү менен Исламга карата көз карашын билдирип койду. Же болбосо бул шашылыш аракеттердин артында башка кызыкчылык барбы?
Муну менен катар президент никабга каршы берене аалымдар кеңешинин чечимине ылайык кабыл алынганын айтуу менен муфтиятты мусулмандардын бутасына айлантты. Натыйжада мусулмандар менен муфтияттын ортосунда карама-каршылык күчөп, бийлик өзүн апакай көрсөтүүдө. А бирок, бул мыйзам кабыл алынып жаткан учурда бийликтин аалымдар кеңешине койгон талаптарын жана аны кабыл алуу үчүн ынтызарлыгын эч ким унута элек. А түгүл, күч кызматкерлери мыйзамдын акыйкатын ачып берген мусулмандарды камакка алып, аларды кыйноого салышкан эле. Бул кыйноолор учурда да уланууда. Демек, расмий бийликтин бул кадамдарынан келечекте муфтиятты Исламга каршы күрөштө кол жоолук катары колдонушун, өзүнүн ыплас аракеттерин жашыруу үчүн жасалма фатваларды чыгартышын түшүнүүгө болот.
Мындан улам, мусулмандардын өкүлчүлүгүн аткарып жаткан муфтиятка жана аалымдар кеңешине кайрылабыз. Бийликтин ыплас иштеринин курмандыгы болуудан этият болгула! Бул дүйнө матасынан акырет жыргалчылыгын жана Алланын ыраазылыгын көздөп иш туткула. Өзүңөр айткандай, шарият маселесинде анык далилдерге таянуу менен иш алып баруу шарт! А бирок, бул далилдер бийликтин ыплас аракеттерине арык чаап берүүнү эмес, мамлекеттин ар бир мыйзамын шарият негизинде чыгарууну талап кылат. Аллах Таала айтат:
“Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар каапырлар”.
“Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар зааалимдер”.
“Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, алар фасыктар!” (Мааида: 44-47).
Демек, силердин милдетиңер учурда куфр мыйзамдарын колдонуу менен мусулмандарга зулумдук өткөрүп жаткан бийлик ээлерин жамандыктан кайтаруу болуп саналат!
حدثنا قتيبة حدثنا عبد العزيز بن محمد عن عمرو بن أبي عمرو عن عبد الله الأنصاري عن حذيفة بن اليمان عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “والذي نفسي بيده لتأمرن بالمعروف ولتنهون عن المنكر، أو ليوشكن الله أن يبعث عليكم عقابا منه ثم تدعونه فلا يستجاب لكم” رواه الترمذي وقال حسن صحيح.
Кутайба Хузайфа бин Ал-Ямандан Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) риваят кылып айтты: “Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар. Болбосо Аллах өз алдынан силерге азап жиберет. Ошондо Ага дуба кыласыңар, бирок дубаңар кабыл болбойт” (Тирмизий риваят кылган жана аны хасан сахих деп айткан).
Андыктан, пайгамбарлардын мураскору сыпатына ээ болуу үчүн бул жоопкерчиликти аткаруу учуру келди. Антпесеңер, учурда дааватка, никабга каршы фатваларды чыгарткан бийлик эртең жоолукка, сакалга, ажылыкка каршы фатваларды чыгарууга мажбур кылат. Анткени, кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзамдарды кабылу алуу менен Борбор Азиядагы диктатор режимдердин аркасынан исламий чөйрөнү көзөмөлгө алууну максат кылууда. Эгер бийликтин бул кадамдарына жетиштүү деңгээлде коомдук каршылык болбосо, алар диктатураны орнотуу жолунда бул мыйзамдан майнаптуу пайдаланышат.
Ал эми, мусулмандар бул абалда бийликтин зулумдугуна сүкүт сактабастан, алардын ар бир Исламга каршы аракетине каршы туруубуз керек. Ошондо динибизге келип жаткан коркунучтарды аңдап, анын артында турган колонизатор күчтөрдүн айла амалдарын көрө алабыз. Ошондой эле, Исламыбызды терең үйрөнүп, аны аң-сезимдүү түрдө калкка жеткирүүбүз зарыл. Ошондо бул зулумдук түзүмүнө каршы жападан жалгыз жол Ислам экенин түшүнөбүз. Аллах Таала айтат:
«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, жетик кылып бердим жана силер үчүн (бир гана) Исламды дин кылып тандадым» (5:3).
Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү
Write more, thats all I have to say. Literally, it seems as though you relied on the video to make your point. You obviously know what youre talking about, why throw away your intelligence on just posting videos to your site when you could be giving us something informative to read?