Жапаров расмий сапар менен Орусияга кетти

657
0

Жапаров расмий сапар менен Орусияга кетти

         Президент Садыр Жапаров 7-майда расмий сапар менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу басма сөз кызматы кабарлады.

         Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүү өтөт. Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт. Ошондой эле, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган. Мындан сырткары ал 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.

         Буга чейин Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышуу үчүн” Москвага келип кетүүгө чакырганы белгилүү болгон. Рахмон 2021-жылдын 9-майында Москвадагы парадга келген жалгыз чет элдик лидер болгон. 2022-жылы, Украинадагы согуштан улам 9-майдагы аскердик парадга бир дагы чет элдик лидер барган эмес.

         Буга чейин Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Ага удаа эле Кыргызстандын балык жана сүт азыктарынын импортуна ар кандай шылтоолор менен тыюу салган.

         Белгилүү болгондой, Орусия ар дайым расмий сапарлар алдынан буга окшогон жасалма көйгөйлөрдү пайда кылуу менен күн тартибиндеги маанилүү маселелерди артка сүрүп келет. Натыйжада, расмий жолугушууда колония өлкөлөрдүн кызыкчылыгындагы маселелер экинчи планга жылып калат. Мунун ордуна болсо өзүнүн аскерий, экономикалык жана сакофий келишимдерин түзүүгө жетишет. Орусиянын мындай аюу чеңгел тактикасы тээ СССР таркагандан бери уланып, өз таасири астындагы мамлекеттердин өнүгүүсүнө бөгөт коюп келет. Анткени, Орусия кубаттуу мамлекетке караганда алсыз өлкөнү башкаруу жеңил жана башка державалардын таасиринен сактоо оңой деп ойлойт.

         А бирок, турмуш чындыгында Борбор Азия мамлекеттери АКШ менен болгон дипломатиялык алакаларын илгерилетүүдө. Аймакка АКШ расмийлеринин байма-бай каттоосу да буга ишара кылат. Маселен, жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу баштаган делегация расмий сапар менен келип, Тажикстан жана Кыргызстан президенттери менен жолугушуусу. Орусиянын бул эки өлкөнүн лидерин чакыруусу да мына ушул жолугушууда түзүлгөн келишимдерден кабардар болууга байланыштуу болушу ыктымал.

        Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, эл аралык саясат чыңалган учурда державалардын таасир талашуучу аймагына айланып барууда. Орусия регионго өзүнүн экономикалык, аскерий мүмкүнчүлүктөрүн ишке салуу менен таасирин сактап калууга урунуп жатат. Мындан улам, Жапаров эл аралык майданда өгөйлөнүп калган Орусиянын чакыруусун кабыл алууга мажбур абалда.

         Экинчи тараптан өзүнүн жылма саясатын уланткан Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен май айында өз өлкөсүндө саммит өткөрүп, таасирин кеңейтүү алдында турат.

         Ал эми, Америка баштаган Батыш өлкөлөрү Украина маселесиндеги Орусиянын алсыздыгынан пайдаланып, аймакты Кытайдан мурун өз таасири астына алууга урунуп жатат. А бирок, бул колонизатор каапырлардын эч бири мусулмандардын каалоо, кызыкчылыктары жолунда иш алып барбайт. Тескерисинче, Исламга каршы күрөштө баарынын максаты, душмандыгы бирдей. Андыктан, биз мусулмандар алардын этегин кармоонун ордуна өз мамлекетибизди тикелөө аркылуу алардын колониялык саясатынан чыгууга аракет кылышыбыз шарт. Ошондо гана эки дүйнө бакытына, Алланын ыраазылыгына жете алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here