Акаба келишимдери – Фалестин маселесине үлкөн кыянаттык

568
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Акаба келишимдери – Фалестин маселесине үлкөн кыянаттык

 Доктор Ибрахим Тамимий

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Яхудий вужудунун «улуттук коопсуздук министри» Итамар Бен-Гвир Акаба саммитиндеги келишимдерге «Иорданияда болгон нерсе Иорданияда калат» деп түшүндүрмө берди. Америка демөөрчүлүгүндө өткөрүлгөн бул жолугушууга Фалестин администрациясы, Иордания режими о.э. Мисир жана яхудий вужудунун разведка кызматынын расмийлери катышты. Саммитте Батыш Жээктеги шаарларда абалды курчутпоонун акысына яхудий вужудун канааттандыра турган пункттар боюнча келишим түзүлдү. Келишимдеги негизги пункттарга ылайык, Фалестин администрациясына аскерий баталон түзүү мүмкүнчүлүгү берилди. Бул батальон Иордания тарабынан аскерий машыгуудан өткөрүлүп, АКШнын көзмөлү астында болот о.э. шаарларды көзөмөлдөөнү өз колуна алып, мужахиддерди жок кылууга аракет кылат (т.а. яхудий вужудунун өкүлү катары мужахиддерге каршы согушат). Майкл Вентцель планы деп таанылган нерсе мына ушул. Бул яхудий вужудун кескиндикти басаңдатууда о.э. Жанин жана Наблуста коопсуздукту көзөмөлдөөнү кайра орнотууда Фалестин администрациясын колдоп-кубатташы үчүн кызыктыруу. Бирок, яхудий вужуду Фалестиндеги малай администрация анын өкүлү катары согушуудан да чоңураак нерсени күтүп жаткан көрүнөт. Ошондуктан, акмак жана саясий сокур болгон Бен-Гвирдин «Иорданияда болгон нерсе Иорданияда калат» деген билдирүүсүн Акаба саммити жана анын корутундулары үчүн эң туура аныктама десе болот. Келжирек Бен-Гвирдин бул билдирүүсүнүн түшүндүрмөсү катары саммиттен кийин эле көчмөн яхудийлер армиянын коргоосу астында Хавара шаарына жырткыч чабуул кылышты. Бул чабуул Хагана яхудий уюмунун 1948-жылдагы накбадан мурунку кылмыштарын эске салат.

Америка Фалестинде абалды басаңдатууга ачык-айкын аракет кылып келди. Мисалы, регионго жогору дипломатиялык даражада тынымсыз расмий сапарларды уюштурду. Бул сапарларга АКШ Мамлекеттин катчысы Энтони Бленкинден тартып, жогору даражадагы разведка кызматкерлери, АКШ Борбордук Разведка Башкармалыгынын директору Уильям Бёрнс катышты. Мисир жана Иорданияда жолугушуулар болуп өттү. Иордания менен Мисир Америка сапарларына шайкеш аракеттерди алып барышты. Америка региондогу мындай аракеттердин натыйжа жана тыянагын – аталышы кескиндикти басаңдатуу, маңызы яхудийлерге кызмат кылып, Фалестин администрациясынын колу менен яхудийлердин коопсуздугун коргоону көздөгөн саммит аркылуу – мактоону жана жарыя кылууну каалады. Чамасы, яхудий вужуду бул акаба саммити жана саммиттеги келишимдерди сокур тыйынга теңебеген көрүнөт. Фалестин администрациясы кыянаты жана малайлыгы ушундай бир даражага жетти, абалды басаңдатуу жана «инвестициялык долбоорду» сактап калуу деген закым акысына яхудий кошуунунун өкүлү катары Фалестин калкын өлтүрүүгө даяр болду!

Окуяларды күзөтүп жаткан киши шамал Америка каалаган тарапка сокпой жатканын көрүшү мүмкүн. Америка учурда Жакынкы Чыгыш маселеси менен алектенүүнү каалабай жатат. Себеби, ал башка эки маселе менен алек: бири Кытай болсо, экинчиси бир бөлүгү Россия болгон Европа. Ошондуктан, Америка Жакынкы Чыгыштагы абалдын басаңдашын каалап жатат. Ал эми, яхудий вужудунун Фалестиндеги чектелген жергиликтүү деңгээлдеги көз карашы Батыш Жээк жана Куддуста абалды курчутуу аркылуу өзүнүн кызыкчылыктарын ишке ашган тоороттук улуттук кызыкчылыктардан келип чыгууда.

Мындай абал Акаба келишидери жана региондогу АКШ аракеттери жүзөгө чыгышына тоскоолдук кылууда. Яхудий вужуду канчалык текебердик кылса да, болгону бир жасалма мамлекет. Себеби, ал Америкасыз жана региондогу америкачыл малайларсыз тирүү калбайт. Бирок, ал Америка жана ири мамлекеттер алдындагы өзүнүн деңгээлинен пайдаланып, мына ушундай манёвр жана “эркелөө” жолун карманып, саммиттеги келишимдерден качып жатат. Эгер, яхудийлердин бул кылмыштары – бүгүнкү көрсөткүчтөргө ылайык – Америкага моюн сунбоо даражасына көтөрүлө турган болсо, анда Америка абалга аралашып, яхудийлердин итаатсыздыгы региондун жалындашына себеп болушун жана окуялар курчушун күч менен алдын алат. Американын максаты “эки мамлекет” долбоорун ишке ашыруудан же эч болбогондо бул долбоордун бүтүндөй жок болушуна жол бербөөдөн турат. Башкача айтканда, Американын чечимге карата ушул көз караштары өзгөргөнгө чейин Батыш Жээктин расмий аннексия кылынышына жана калктын көчүрүлүшүнө жол бербөөдөн турат. Яхудий вужудунун Америка багытына каршы мындай итаатсыздыгы яхудийлердин азыркы жаңы өкмөтүнүн аракетинен көрүнүүдө. Себеби, яхудий өкмөтү аннексияны, көчүрүүнү жана Акса мечитиндеги вакиъликти өзгөртүүнү көздөп жатат. Бул болсо, Американын региондогу салыштырмалуу тынчтыкта жана келишилген башкарууда кармап туруу максатын өрттөп эле таштабастан, ал тургай, чектен чыгуу болуп эсептелет. Америка кагылышуу яхудий вужудунун түбөлүк жок кылынышы менен бүтөрүн жакшы билет. Кагылышуу деп яхудийлер менен Ислам Умматынын кагылышуусун айтып жатабыз. Ушул себептен улам, Америка мындай бейбаштыкты, итаатсыздыктиы тыйып коюу үчүн жакында шексиз аракетке келет. Себеби, Америка абалдын жарылышын жана региондун жалындашын алдын албаса болбойт. Америка яхудий вужудун сактап калууну максат кылган өз долбоорун ишке ашырууга аракет кылат. Бирок, кантип ишке ашат? Яхудийлердин жаңы өкмөтүн кулатуу менен болобу, же региондогу саясий каражаттарын аракетке келтирүү менен болобу, же болбосо улутчул партиялардын Бен-Гвир жана Бецалель Смотрич сыяктуу жетекчилерин жок кылуу мененби, же Нетаньяхуга оппозиция нааразылык аракеттерди колдоо мененби, же яхудий вужудун чегиндирүү мененби, же болбосо Американын ачуусунан коркуп яхудий вужудунун артка кадам ташташы мененби, же абал АКШнын планынан чыгып кетип, яхудий вужуду өз пландарын ишке ашырышы менен болобу? Бул нерселер жакынкы күндөрдө белгилүү болот.

Өкүнүчтүүсү, биз өзүбүздүн Фалестин сыяктуу улуу жана ыйык маселебиз жөнүндө сөз кылганда, ар дайым Америка менен яхудий вужуду жөнүндө жана алардын маселеге болгон көз караштары жөнүндө сүйлөп жатабыз! Негизи, бул маселенин чыныгы ээси, атасы жана энеси болгон Ислам Умматы майдандан четтеп калууда. Малай өкүмдарлар себептүү четте калган маселенин түпкү ээси т.а. Уммат ушуну түшүнүшү керек – абал өтө кооптуу… Абал дагы да курчушу мүмкүн, ал тургай, аннексия жана көчүрүүгө чейин жетиши мүмкүн. Биз бул саясий талдоолорду жүрөгүбүз эзилип жазып жатабыз. Себеби, алар ачуу талдоолор. Биз аларды көңүл жана кызыгуу үчүн гана баян кылган жокпуз. Биз Ислам Умматына ушуну ачыктап бермекчибиз – мубарек жерди жана анын калкын курчап алган коркунучтар өтө чоң, тигил мусулман малай режимдери көптөн бери шайтандын тарабына өтүп алышкан соң, алардын саткындыгы жер-асманга чейин кеңейди жана алар яхудий вужудун токтотушуна же тизгинин тартышына таптакыр үмүт жок. Тескерисинче, алар яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу аркылуу ага канат беришти. Түпкүлүгүндө, яхудий вужуду өзү алсыз болбогур вужуд экендигине карабастан, анын тоороттук арзуулары жана регионалдык күчкө айлануу кыялы бийиктикке учушуна себеп болду. Ошондуктан, Умматтын милдети – өз кошуундары жана перзенттери менен бирге саясий аракетке келүү. О.э. Уммат саясий аракет аркылуу малай режимдерди кулатып, андан кийин мубарек жердеги ага-инилерин куткарып Пайгамбар ﷺдын Исра жерин азат кылуу үчүн согуштук аракетке келиши зарыл. Себеби, канга-кан, жанга-жан, маселе – Уммат малесеси жана басып алынган мубарек жер маселеси. Кандайдыр бир бөлүнүп кеткен калк маселеси эмес, колонизатор чегара менен белгилеп мекен маселеси эмес!

 Роя гезити, №433, 2023-жыл, 8март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here