Судандагы окуялардын акыйкаты
Бир аптадан бери Суданда АКШ колдоосуна таянган эки аскерий топтун ортосундагы жасалма күрөш күчөп, согуш оту уланууда. Тынымсыз бомбалоолор жана ок атышуулардан улам АКШ баштаган бир катар мамлекеттер өлкөдөгү абалды көбүртүп көрсөтүү үчүн өз жарандарын эвакуациялоодо. Эки тарап тең өлкөдөгү стратегиялык жайлар өз көзөмөлүндө экендигин билдиришүүдө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Судандын саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, өткөн жумада башталган кагылышууларда кеминде 415 киши набыт болуп, 2600ү жараат алганын билдирди.
Белгилүү болгондой, 1-апрелде Америка агенттери генерал Абдулфаттах ал-Бурхан башында турган Судан армиясы менен генерал Мухаммад Хамдан Даклу башында турган “Ыкчам колдоо күчтөрү” биригиши күтүлүп жаткан. Бул биригүүнүн артынан аскерийлер бийликти Англия таасириндеги саясий топко өткөрүп берүүгө мажбур болушмак. “Ыкчам колдоо күчтөрү” Судандын туруктуу армиясына кошулбаган жана Коргоо министрлигине баш ийбеген аскердик топ. Алар 2019-жылы Судандын авторитардык президенти Умар ал-Баширдин бийлигин кулаткан аскердик төңкөрүштү сырттан колдошкон. Бул жылы 30 жыл бою Америкага кызмат кылып келген бийлик Англия таасириндеги саясий топ тарабынан кулатылган эле. Мындан улам, Америка аймактагы таасирин сактап калуу үчүн өлкөдө жогорудагы аскерийлердин колу менен контрреволюция уюштурган. Натыйжада, аскерийлер менен жарандык бийликтин ортосунда мамлекетти башкаруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, аскерийлер 2021-жылы бийликти саясий партияларга өткөрүп беришмек. Бирок, АКШ өз бийлигин узартуу үчүн өлкөдө бул жылы кайрадан аскердик төңкөрүш уюштурган эле. Мында да 100 миңдей мүчөсү бар “Ыкчам колдоо күчтөрү” бийликти жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү кечеңдеткен аскердик төңкөрүштү колдогон. Булардын баары бул эки генералдын ортосундагы карама-каршылык жасалма экендигине ишара кылат.
Учурдагы келишпестиктин көбүртүп көрсөтүлүүсү жана өлкөдөгү башаламандыкты уюштуруунун артында бийликти аскерийлердин колунда, тагыраагы, Американын колунда сактап калуу максаты турат. Анткени, эки аскерий топтун ортосундагы келишпестиктин курчушу бийликти саясий топко өткөрүп берүү келишимдин маанисин жоготот. Тескерисинче, аскерийлердин ортосундагы келишимдин мааниси саясий күндөлүккө айланмакчы. Буга кошумча, “Ыкчам колдоо күчтөрү” өздөрүн жарандык бийликке жакын көрсөтүүдө. Бул болсо, Бурхан баштаган аскерийлердин малайлык кызматынын мөөнөтү бүткөн чакта алардын ордун басуу аракетин билдирет. Ошондой эле, Англия таасириндеги саясатчылардын бийликке келүү ыктымалында алар менен бийликти бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Демек, Судандагы акыркы окуяларда жүз берген курмандыктардын чыныгы себепчиси Америка болуп эсептелет. Ал өз кызыкчылыгын ишке ашырууда мусулмандардын малы-жанын курал катары пайдаланууда. Анын кызыкчылыгын ал-Бурхан башында турган Судан армиясы менен Даклу башында турган “Ыкчам колдоо күчтөрү” ишке ашырып берүүдө. Алар Судан калкына жана мусулмандарга кыянаттык кылууда. Алар мурас кылып алган бийликтин мурунку президенти Умар Башир да Америка кызыкчылыгы үчүн Суданды экиге бөлүү менен үммөткө кыянаттык кылган эле. Анын кызматы бүткөндөн кийин башка малайлардын колу менен бийлигин тартып алган. Учурдагы аскерийлердин кызматы бүткөндө да аларды кор-шерменде катары бийликтен оодаруусунда шек жок. Бул каапыр колонизаторлордун өзгөргүс салтына айланып калган.
Тилекке каршы, Судан жана дүйнө бойлоп Батышка малайлык кылган мусулман жетекчилер мындай окуялардан ибрат албай жатышат. Анткени, мусулмандардын көйгөйү аскерий башкаруу, жарандык бийликтин башкаруусу, парламенттик башкаруу же президенттик башкаруу менен чечилбейт. Балким, Алланын өкүмүн турмушка ашыруу аркылуу болот. Алланын өкүмү болсо Рошид Халифалык мамлекети аркылуу жүзөгө чыгат!
Мумтаз Маверанахрий