Эл аралык кызыкчылыктар – эл аралык мамилелердин негизи

2065
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эл аралык кызыкчылыктар – эл аралык мамилелердин негизи

 Доктор Мухаммад Жиланий

Кызыкчылыктар – коомдор курулган негиз-пайдубал. Анткени, коомдо адамдар ортосундагы мамилелерди пайда кыла турган нерсе да – кызыкчылык. Эгер, бирер кызыкчылык себептүү жүзөгө келген мамилелер туруктуу болсо, ошондо бири-бирин белгилүү бир мамилелер гана байлап турган адамдар жамаатынан коомго айланат. Ушул коомдо кызыкчылыкка болгон көз карашта – ошол кызыкчылыктын пайдалуу экендиги жагынан же кызыкчылыкка кантип жетүүнү тартиптештирген түзүм жагынан – бирдейлик жүзөгө келет. Коом ичиндеги кызыкчылыктар адамдардын узвий муктаждык жана гарыйзаларынан келип чыккан үндөөлөр себептүү пайда болот. Анткени, Аллах Азза ва Жалла адамда тойгузуу зарыл болгон узвий муктаждыктарды о.э. кандыруу жана тартиптештирүү зарыл болгон гарыйзаларды жараткан. Ушул негизде кызыкчылыктар жүзөгө келип, алардан коомдор пайда болот.

Эл аралык коомчулук жергиликтүү коомчулукка окшойт. Ал тургай, мамлекеттердин кызыкчылыгы коомдогу адамдардын негизги муктаждыктары жана гарыйзалары себептүү пайда болбосо да, кызыкчылык гана мамлекеттер ортосундагы мамилелерди пайда кылат. Кызыкчылык себептүү мамлекеттер ортосунда жүзөгө келген мамилелер эл аралык коомчулуктун характерин калыптандырат т.а. мамлекеттер ортосундагы мамиленин маңызын аныктап берет. Мамлекеттердин кызыкчылыгы көбүнчө алар кабыл алган көз караштан келип чыгат жана ушул көз караш мамлекеттер өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруусунун аракетин белгилейт. Мисалы, Америка жашоо жөнүндөгү көз караш катары капитализм жана демократияны кабыл алды о.э. кызыкчылыктарды жетүү үчүн колонизаторлукту жол кылып алды. Британия, Франция жана башка мамлекеттер да ушундай. Кытай жарымы капитализм, жарымы коммунизмди жашоо жөнүндөгү көз карашка айлантып, кызыкчылыкка жетүү үчүн сооданы ыкма кылууда. Ал эми, Халифалык мамлекети эртең жашоо жөнүндөгү көз караш катары Ислам акыйдасын кабыл алат о.э. ушул акыйда үстүнө курулган кызыкчылыктарды жүзөгө чыгаруу үчүн даъват жана жихадды алып барат. Ыдыраган Советтер Союзунун жашоого карата көз карашы диалектикалык материализм жана тарыхий материализм болгон. Ал өз идеологиясын жаюу жана мабдаий кызыкчылыктарына жетүү үчүн саясий иш-аракетерден жана коммунисттик аракеттерден пайдаланган.

Азыркы күндө дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгы – нукура материалдык кызыкчылык. Көпчүлүктүн умтулуусу байлыкка жетүү, көбөйтүү жана бул байлыктын көрүнүш-түрлөрү алар үчүн маанисиз. Мисалы, Америка нефть соодасын, кредиттерден алынган сүткордук каражатты жана курал соодасын эң маанилүү кызыкчылык деп эсептейт. Ал ушул кызыкчылыктарга жетүү үчүн түздөн-түз аскерий күчүн ишке салууда, өз гегемондугу жана баскынчылыгы үчүн аскерий союздарды түзүп, мамлекеттерди моюн сундурууда, мамлекеттер менен болгон мамилесин да ушул кызыкчылыктарына ылайык белгилеп жатат. Ушул кызыкчлыктарга жетүүдө Америкага жардам берип жаткан жана тоскоолдук кылбай жаткан мамлекеттер анын досу жана союздашы, башкалар болсо душманы. Кичүү Жорж Буш «же биз менен бирге, же бизге душман» дегенде ушуну назарга алган. Мамлекеттердин кызыкчылыктары бири-бирине тескери келип калса, анда, мамилелер өзгөрөт, союздар өзгөрөт, ал тургай, достор душманга, душмандар доско айланат. Азыркы Украина согушунда Америка кантип Европадагы өз союздаштарын алар үчүн өтө маанилүү болгон Россия энергиясы – «Nord Stream» газынан куру калтырганын жана муну өзүнүн гегемондугун сактап калуу үчүн кылып жатканын көрүп турабыз. АКШ Мамлекеттик департамент кеңешинин кеңешчиси Жорж Фридман бул жөнүндө: «Украинадагы согуш эң касташкан душмандардын дос экенин көрсөттү», – деди. Байден да Республикачылардын Украинаны каржылоо туурасындагы пикирлерин сындап, мындай деди: «Алар тышкы саясатыбызды түшүнбөй жатышат, деги, бул Европа жана НАТОго байланыштуу согуш!». Бир кездерде Жакынкы Чыгыш жана Европа маселесинде Американын кызыкчылыктары Британия жана Франциянын кызыкчылыктары менен кагылышкан. Ошондо Америка «суук согуш» маселесинде Советтер Союзу менен союздаштык кылуудан башка жол таба албаган жана муну Британия менен Франциянын Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы таасирлерин жок кылып, ал жерлердеги колонияларынын ордуна өз гегемондугун орнотуу үчүн кылган. Негизи, АКШ мабда жагынан эң кооптуу душман Советтер Союзу экендигин билет эле.

Кызыкчылыктарга жетүү үчүн күрөштө мамлекеттин аскерий-саясий кубаты канчалык чоң болсо, ал ошончолук өз кызыкчылыктарына өзү ээ боло аларын көрүүгө болот. Мамлекеттин кубаты күчтүү мамлекеттердин кубатынан аз болсо, ал өз кызыкчылыктарын күчтүү мамлекеттин кызыкчылыктарына байлоого аракет кылат. Бул нерсе айрым Европа жана Азия мамлекеттеринде байкалат, мисалы, алар өздөрүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгына жетүү үчүн Американын кызыкчылыктарына жардам берип жатышат. Эгер, зарыл болсо, ушул биринчи мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан да үстөм коюп, мунун эч бир жаман жери жок деп билүүдө.

Мисалы, Түркия Американын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып берүүнү улантууда, ал тургай, бул нерсе ага пайда алып келбесе да. Буга Түркиянын Азербайжан-Армения согушунда карманган позиция мисал болот. Ошондо, Түркия бир сапар бейтарап турган болсо, бир сапар Тоолу Карабахты кайтарып алышы үчүн Азербайжанды колдоп-кубаттады.

Россия да өзүнүн кээ бир кызыкчылыктарын сактап калуунун акысына Американын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууга урунуп, Сирия режимин сактап калууга жардам берди жана бул үчүн аскерий күчтөрү менен аралашты.

Мамлекеттердин кызыкчылыктары кээде узак мөөнөттүү стратегия болот. Мында алар ошол кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн өздөрүнүн стратегиялык каражаттары, мисалы, бардык түрдөгү аскерий күчтөрү, ядролук куралдары менен аракет кылышат. О.э. нефть булактары жана маанилүү суу жолдорун көзөмөлдөө о.э. космосто өкүмдарлык кылуу аркылуу аракет кылышат. Андан башка дагы тактикалык кызыкчылыктар бар, мамлекеттер белгилүү бир шарттарда алардан баш тартышы же абалга карап тезинен башкасына алмаштырышы мүмкүн.

Халифалык мамлекетине келсек, анын стратегиялык же тактикалык кызыкчылыктары мамлекет даъватты бүткүл адамзатка жеткирип, адамдарды ширк жана зулум баткагынан куткаруудан турган жогорку максатына тыгыз байланыштуу болот. Бул максатты ишке ашырууда материалдык кызыкчылыктарга да, жергиликтүү жана эл аралык шарттарга да карап отурулбайт. Халифалык мамлекети ири мамлекеттердин кызыкчылыгы кандай экенин, аларды жүзөгө чыгаруу үчүн кандай каражаттар колдонуларын, бул кызыкчылыктарга кантип сокку берүү, кантип азайтуу же кантип бүтүндөй жок кылуу керектигин ар дайым түшүнүшү керек.

 

Роя гезити, №430, 2023-жыл, 15-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here