Дүйнөдөгү жакырчылыктын түпкү себеби жана чечими

1182
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дүйнөдөгү жакырчылыктын түпкү себеби жана чечими

 Устаз Асъад Мансур

Ислам мамлекети алсырап, дүйнөнү азат кылуу жана дүйнөгө хидаят жаюу үчүн алып барылган исламий фатхтар токтоп калган соң о.э. өнөр жай ыңкылабы жүз бергенден кийин Батыш дүйнөгө капиталисттик система менен жетекчилик кылууга киришти. Наполеон Франциясы биринчи мамлекет катары чыгып, Европаны басып алды жана мусулман өлкөлөрүнө согуш ачты. Бул биринчи мамлекет 1815-жылы жеңилген соң, «Ыйык Союз» түзүлдү жана Британия ага 1818-жылы мүчө болуп, союздун хартиясына пункттарды киргизди. Ушул пункттарда Европа эң маанилүү континент экендиги жана кичине мамлекеттерге жооптуу экени о.э. колонизаторлук кеңейиши үчүн Азия жана Африка молжолдо экени айтылды. Европа эки Америка континентинен кууп чыгарылды. Мына ошондо капитализм менен колонизаторлукту кабыл алган Кошмо Штаттар Латын Америкасында жеке өкүмдар болуп алып, ал жерде согуштар, башаламандыктарды келтирип чыгарды, байлыктарын талап, гегемондук кылды.

1918-жылы Усманий Халифалыктын жеңилиши менен дүйнөнүн лидери Британия жетектеген Батыш болду. Эгер, коммунизм пайда болуп, Советтер Союзу тикеленбегенде, ал дүйнөнүн жеке өкүмдарына айланмак. Бирок, 1991-жылы Советтер Союзу кулап, Батыш Америка башчылыгында дүйнөнүн жеке өкүмдарына айланды. Ошентип, коммунизм капитализмди жок кыла албагандан кийин бул түзүм дүйнөгө кожоюн болду жана дүйнөгө кыйынчылыктарды, дүйнөлүк согуштарды, регионалдык жана ички согуштарды, туруксуздук жана жакырчылыкты алып келди, ар түрдүү дене жана психологиялык ооруларды пайда кылды…

Жакырчылыктын пайда болушуна, өзгөчө Африка, көптөгөн Азия жана Латын Америкасындагы мамлекеттерде ачарчылык жана оорулардын жайылышына капиталисттик система менен Батыш мамлекеттери кабыл алган колонизатордук себеп. Буларга кошумча, Батыштын көмүр, нефть, ал тургай, ядролук энергия менен иштеген заводдору себептүү экология бузулду жана дүйнөлүк климат өзгөрүп проблема келип чыкты. Батыш өз кылмышынын жоопкерчилигин өнөр жай ыңкылабынан тартып 150 жылдан бери моюнга алып келүүдө. Бирок, мунун төлөмүн бүткүл дүйнө төлөшүн каалап жатат жана көмүр, нефть, метан, ядро газынан башкалар пайдаланышына тыюу салып, башкалардын өнөр жайы өнүгүүсүнө жол бербей жатат.

Мына, АКШнын колониялык мекемеси болгон Дүйнөлүк Банк 2023-жылы 18-январда: «Климаттын өзгөрүшү дагы 130 миллион адамды жакырчылыкка алып келиши мүмкүн», – деп билдирди. Демек, бул жакырчылыктын себепчиси Батыш, климаттын өзгөрүшүнө ал жооптуу.

Банк жакырлардын саны көбөйүшү күтүлүп жатканын ар жылы билдирет. Ушул себептен улам, 2022-жылы өтө жакырчылыктагы жакырлардын саны дагы 89 миллионго көбөйүшү мүмкүндүгүн айтты. Көбөйүүнүн себептерин коронавирус пандемиясына, Украина согушуна, алардын акыбетинде кирешелердин азайышына, көп адамдардын жумушсуз калышына, баалардын көтөрүлүшү жана инфляция күчөшүнө байланыштырды. Белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясы алып келген туруксуздукка да Батыш жооптуу. Себеби, массалык чектөө чаралары бүтүндөй каталык болгон. Бул батыштык саясатчылар өтө аң-сезимсиз жана кыска ойлуу экендиктерин далилдеди. Дүйнө болсо ушул саясатчылардын жетекчилигине толук моюн сунган, кудум алардын ката кылбастыгы вахий кылынгандай! Бирок, алар батыл үстүндө болуп, жер жүзүндө бузгунчулук кылышат о.э. эгин жана насилди өлтүрүшөт. Батыш дүйнө мамлекеттерине – оору тараган мамлекеттер да, тарабаган мамлекеттер да – жапырт жабуу чарасын колдонду. Муну өздөрүнүн Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун атынан кылышып, Батыш дүйнөнүн жетекчиси экенин далилдөө үчүн ушул уюмдун көрсөтмөлөрүн аткарган мамлекеттерди колдоп-кубатташты. Алардын чоңу Америка Украина согушун чыгарды жана анын акыбеттери бүткүл дүйнөгө таасир кылды. Батыш Украинадагы дан түшүмүнүн чоң бөлүгүн тартып алды жана Россиянын дан түшүмүн башка мамлекеттерге жеткирүүгө тоскоолдук кылды. Ушул аркылуу азык-түлүк такыстыгы проблемасын жаратып, азык-түлүк продукцияларынын баасын кымбаттатты. Батыш ага көз каранды мамлекеттерге, исламий өлкөлөргө өкүмдар болуу, алардын азык-түлүк коопсуздугун жок кылуу максатында аларга дан өстүрүүнү азайтууга чакырды. Мисалы, Мисир жана Судан өзүлөрү керектеген дандын 80 пайызын импорт кылат, негизи, бул эки мамлекет айыл чарба саясатын туура алып барышса, өз калкын эле эмес, бүткүл региондун калкын багууга кудуреттүү.

Батыш өзүнүн бузгунчу капиталисттик көз карашына ылайык, «экономикалык проблема өндүрүштү көбөйтүү менен чечилгендиктен, башка мамлекеттердеги проблема алар өндүрүшкө кудуреттүү эместиктеринде» деп эсептейт. Бул таптакыр туура эмес. Себеби, учурда өндүрүш да, ресурстар да көп, бардык адамга жетип, ашат. Андыктан, түпкү экономикалык проблема байлык-ресурстардын туура эмес бөлүштүрүлүп жаткандыгында же бөлүштүрүлбөй жаткандыгында. Анын үстүнө, башка мамлекеттерди сүткордук карызга батыруу, экономикасына өкүмдар болуу, валютасынын кунун түшүрүү, байлыктарын сокур тыйынга талап-тоноо, өсүп-өнүгүшүнө жол бербөө да Батыштын колонизаторлук ыкмаларына кирет. Учурда америкалыктардын керектөөсү дүйнөнүн керектөөсүнөн беш эсе көп, европалыктардын керектөөсү дүйнөнүн керектөөсүнөн үч эсе көп. Башкача айтканда, Батыш өз перзенттерин тойгузуу үчүн бүткүл дүйнө байлыктарынын чоң бөлүгүн тартып алууга аракет кылып жатат, дүйнөнүн калган бөлүгүнө болсо күкүмдөрдү калтырууда.

2023-жылы 16-январда жарыяланган «OXFAM» отчётунда айтылгандай, адамдардын 1 пайызы дүйнө байлыгынын үчтөн эки бөлүгүнө ээлик кылууда, ал эми, дүйнөдө ачкалыктан кыйналып жаткан адамдар 820 миллиондон ашат. 2022-жылы миллиардерлердин байлыгы көбөйдү о.э. азык-түлүк жана энергетика компанияларынын кирешеси баанын көтөрүлүшү себептүү эки эседен да ашты. Дүйнөдүк Банк баса белгилеп айткандай, белгилүү бир мамлекеттер бүтүндөй банкрот болуу коркунучуна кептелүүдө . Себеби, алар кредиторлорго карыздарын төлөө үчүн сарптап жаткан акчалары саламаттыкты сактоого сарпталып жаткан каражаттан төрт эсе көп. О.э. Дүйнөлүк Банк сарамжалдоо себептүү дүйнө мамлекеттеринин төрттөн үч бөлүгү мамлекеттик секторго, саламаттыкты сактоо жана билим берүүгө бөлүнгөн каражаттарды кыскартууну пландап жатканын билдирди.

Жакырчылык, медицина, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында каражаттын жетишпестиги жана ачкачылык сыяктуу бүткүл дүйнөнүн башына түшүп жаткан кыйынчылыктардын себепчиси – залим капиталисттик түзүм. Анткени, бүткүл дүйнөдө ушул түзүм колдонулууда, ушул түзүм өзүнүн ири колонизатор мамлекеттери, компаниялары, финансы мекемелери, валюталары менен дүйнөгө өкүмдарлык кылып жатат, башкалардын валюталарын кунсуздандырып, аларды сүткордук карыздарына батырып жатат. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнө, акыбетте жакыр мамлекеттерде кургакчылык күчөп, суунун таңкыстыгы жаралышына ушул капиталисттик түзүм себепкер.

Чечим бир гана Исламда. Ислам экономикалык проблеманы байлыктарды бөлүштүрүү менен чечет. Т.а. Исламдын Халифалык мамлекети бир да жакыр калбашы үчүн ар бир жаран азык-түлүккө, кийим-кече жана үй-жайга ээ болушун камсыздайт. О.э. Ислам бардык адамдарды медицина кызматы, таалим кызматы жана коопсуздук кызматы менен акысыз камсыздайт жана ар бир адамга камалий муктаждыктарын камсыздашы үчүн мүмкүнчүлүк жаратып берет. Адамдын мүлккө ээлик кылышын белгилейт жана ээлик кылуунун себеп-жолдорун жаратып, мал-мүлктү, өндүрүштү көбөйтүүгө үндөйт. Исламда мамлекет жалпы мүлк жана мамлекеттик мүлктөн турган нерселерди башкарып, өндүрүштү көбөйтүүгө көңүл бурат. Сүткорлукту харам кылып, Байтулмалдан пайызсыз карыз берет. Мал-мүлк казына болуп чогулуп, бир ууч адамдардын колунда топтолуп калышын харам кылат. Монополияны, габнды жана жердин үч жылдан ашуун иштетилбей калтырылышын харам кылат. Андай жерди кароосуз калтырган адамдан алып, эгин эге турган адамга берет жана фермерлерге жардам көрсөтөт. Импортко муктаж болуу жана ири мамлекеттердин өкүмдарлыгына түшүп калуудан сактанып, өнөр жай жана технология ыңкылабын жаратууга аракет кылат. Бүгүнкү күндө болуп жаткандай, валюта куну төмөндөп, адамдардын колундагы акчанын күчү кетпестиги үчүн валютаны алтын жана күмүшкө негиз кылат. Капиталист компанияларга жана фонддулук биржаларга тыюу салып, исламий компанияларды гана моюнга алат. Ислам мамлекети башка мамлекеттер Исламды кабыл алышы, Исламды колдонушу жана адилетсиз капитализмден баш тартышы үчүн аларга ийгиликтүү жана адилеттүү модель катары Исламдагы экономикалык түзүмдү сунуштайт.

 Роя гезити, №432, 2023-жыл, 1-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here