بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмү француз тилинде баракча ачты
Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмү француз тилинде баракча ачылганын кабар кылат. Бул баракча француз тилинде сүйлөшкөн калктар үчүн кызмат кылып, алар ушул аркылуу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык долбоору боюнча жасалган иш-аракеттерди ачыктап турган материалдарды алышы мүмкүн. Бул Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы мухандис Салахиддин Азазанын бул баракчанын ачылышы жөнүндө ачыктаган билдирүүдө кабарланды. Билдирүүдө баса белгиленишинче, «Аллахтын уруксаты менен бул мубарек баракча Хизб-ут-Тахрир жана анын мүчөлөрү мусулман калктары менен кайда болушпасын өз ара алакаларды кеңейтүү үчүн жасап жаткан тынымсыз иш-аракеттеринин алкагында болду».
Мухандис Салахиддин билдирүүнүн акырында мындай деди: «Ушуга байланыштуу биз бардык калыс массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты кайра тикелөө үчүн аракет кылууга чакырабыз. Мындан улам, өзгөчө, француз тилинде сүйлөшкөн журналисттерди Хизбдин бул француз тилиндеги баракчасында жарыяланган материалдарды күзөтүүгө чакырабыз. Аллах Тааладан баарына иштеринин эң жакшысына илхамдатышын, баракчадагы Халифалыкты кайра тикелөө үчүн аракетке алып бара турган материалдардан пайдаланышына жеткириин сурайбыз».
Баракча: https://www.hizb-ut-tahrir.info/fr/
Роя гезити, 2023-жыл, 22-март, №435.