Биринчи калдыргачтардан болгон даъватчынын таъзиясы

254
0

Биринчи калдыргачтардан болгон даъватчынын таъзиясы

﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً﴾

«Момундар арасында Аллахка берген өз убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту, айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок»

Аллах Субханаху ва Тааланын казасына ыйман келтирип Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү бүткүл өлкө калкына, өзгөчө Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө убадага бекем турган, сабыр кылып, Аллахтан сооп үмүт кылган Хизб мүчөлөрүнүн бири, улуу аалым доктор Абдулхалим Мухаммад Румхийдин (Абу Имад) дүйнөдөн кайтканын кабарлайт.

Шайх Абу Имад бүгүн хижрий 1444-жылы 11-Рамазан (миладий 2023-жылы 2 апрель) күнү таңда 84 жашында Аллах Тааланын рахматына жол алды. Ал киши бүткүл өмүрүн Аллах Субханаху ва Таалага итаат кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Хизб-ут-Тахрир менен биргеликте аракет кылып өткөрдү. Ушул аракетинен залимдердин колунан тарткан зулум жана зомбулуктар да, узак убакытка созулган оорусу да кайтара албады. Бул кыйынчылыктардын баарын Роббисине ыйман келтирип, нусратына ишенип сабыр жана бекемдик менен, сооп үмүтүндө тосуп алды, эч бир нерсе шайхтын кайратын сындыра албады, убада-шертинен кайтара албады.

Аллахка дуа кылып, шайх Абу Имадды Өзүнүн кең рахматына алышын жана жаннати Фардавста пайгамбарлар, сыддыктар, шахиддер жана салихтерге шерик кылышын сурайбыз, аларга жолдош болуу кандай гана улуу бакыт. О.э. Аллах Субханахудан бизге, шайхыбыздын үй-бүлөсүнө жана урпактарына сабыр беришин тилейбиз. Аллах Субханаху ва Таала буйруган сөздү гана айтабыз:

﴿الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾

«Аларга бирер мусийбат келгенде: “Албетте биз Аллахка таандыкпыз жана албетте биз Ага кайтуучубуз”, – деп айтышат»                                                                              [2:156]

 Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here