7-апрель: Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт
2010-жылы 7-апрелде, элдик толкундоодон кийин президент Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. 6-7-апрелде бийликке каршы нааразылык акциялары учурунда 100дөй адамдын өмүрү кыйылган.
Эске салсак, алгачкы президент Аскар Акаев СССРдин кулашы артынан бийликке келип, Орусияга берилгендик менен кызмат кылды. Россия өзү жалпы кризисте болгонуна карабастан, Акаев режиминин Россия көзүн карап туруусу о.э. башкарууга жөндөмсүздүгү калкта күчтүү нааразылык толкунун жаратты. Мындан улам, Батыш баштаган күчтөр абалдан пайдаланып, Кыргызстанда оппозициялык кадр катары Бакиевди даярдай баштады. Россия бийлиги да буга каршылык кылган жок. Анткени, Бакиев бийликке келсе, Россия буйруктарына кыңк этпей моюн сунарына өз бөркүндөй ишенген. Ошентип, Батыш каалоосу жана Россия ыраазылыгы менен, Акаев Бакиевге алмаштырылды. Мындай ыкма бардык колонизатор мамлекеттердин колониясында колдонуп келген айлакерликтеринен болуп саналат. Анткени, бийликтин алмашуусу ички чыңалууну дагы бир нече жылга басаңдатат. Айткандай эле Бакиев бийликке келген соң, алгачкы жылдары тышкы саясатта толугу менен Россия багытынан жүрдү. Кийинчерээк АКШга карай жүздөнүп, АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын кетирүү боюнча Орусияга 2009-жылдын 3-февралында берген убадасын аткарбай, базаны жүк ташуучу базага айландырып, калтырып койду.
Ички саясатта элдин ишенимине жетиш үчүн реформалар жүргүзүмүш этти. О.э. ичкеридеги бийлигин бекемдөөдө түштүк элинин колдоосуна таянды. Мамлекеттик кызмат орундарында түштүктүк кадрларды көбөйттү. Мына ушулардан кийин, өзүн “хан” сезип, инисин “вазир”, баласы Максимди “ханзаада” кылып койду. Бакиевдердин андан ары араандары ачылып, элдин чөнтөгүнө, сүйлөгөн сөзүнө чейин кол сала башташты. Мындай абалдан пайдаланып, Россия кайрадан бийликти алмаштырууга жетишти. Бул алмаштыруу кан төгүүлөр менен коштолду. Бийликке келген убактылуу өкмөт Роза Отунбаеваны төрайым кылды, кийин президент кылып дайындады. Отунбаеванын учурунда дагы бир кандуу окуя – түштүктө улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам курман болду. Бул окуя Орусия кызыкчылыгы үчүн, Каримовго басым өткөрүү максатында ишке ашырылды. Окуяны териштирүү үчүн эл аралык комиссиянын деңгээлинде иликтөөгө шарт түзүлдү. Мында Батыш кадрларынан болгон Отунбаеванын ролу чоң болду.
Апрель жана июнь окуясында тең мындай алааматты атайын снайперлердин тобу жүзөгө ашырганы ачыкка чыккан. Россиядан алынып келингени жоромолдонгон десанттар жөнүндөгү териштирүү президент Атамбаевдин тушунда изилденимиш болуп барып, соңуна чыкпай калды. Анткени, алардын кожоюну белгилүү эле. Ошондуктан, “Азаттык” баштаган Батыш медиалары, демократ болумуш саясатчылар менен тарыхчылар бул операциялардын иликтенишин бийликтен байма-бай талап кылып келет. Батыш 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир нече малай кадрларын бийликке аралаштырууга жетишти. Буга Отунбаеванын убактылуу президент болушу мисал боло алат. Мындай көрүнүш 2010-жылдагы саясий айдыңды Орусия толук көзөмөлдөй албаганынан кабар берет.
Бирок кийин, Атамбаев президент болгон соң, ал Россия багытын карманып, батышчыл оппозицияны ар түрдүү саясий оюндар аркылуу сындырып жиберди. Бирок, бийликтен кеткен соң, анын өзү да кайрадан батышчыл багытка жүздөндү. Лекин, анын кыялдары өзүнүн мураскери болгон Жээнбеков бийликке келген соң жокко чыкты. Кремлдин көрсөтмөсү менен, Атамбаев камакка алынды. Жээнбеков болсо “кыңк этпестен” толук моюн сунуу менен Россияга кызмат кылды. Бирок, ал да мөөнөтүн акырына жеткире алган жок. Калктын нааразылыгын пайдалануу менен батышчыл саясатчылар аны оодара алышты. Лекин, ал учурда да Россия кожоюндугун колдон чыгарган жок. Натыйжада, батышчылдар сүрүлүп салып, Россия макулдугун алган топ бийликке келди. Эми болсо, бул бийлик – эл аралык саясаттагы олку-солкулуктан улам – “оттордун ортосунда ойноп” жатат.
Колонизаторлуктун табияты ушундай. Колониядагы мамлекеттердин жетекчилери убактылуу кызыкчылыктар үчүн иттей кызмат кылышат. Кызматы бүткөн соң, алардын кожоюндары астында эски кийимчелик да кадыры калбайт. Аларды бозгундук же абак күтүп турат. Тилекке каршы, мындай орун алмашуулардан калкыбыз да, бийликке келген жаңы күчтөр да сабак албай жатат. Түпкүлүгүндө, маселе президентти же алардын тобун алмаштырууда эмес. Маселе, биздин жетекчилерди иттей иштетип ыргытып жаткан колонизаторлук саясатта. Биз мына ушул саясатка каршы күрөшүү аркылуу, алардан баш тартуу менен чыныгы жетекчилердин бийликке келишин камсыздай алабыз.
Жыйынтыктап айтканда, 2010-жылдагы төңкөрүш – андан мурунку жана кийинкиси да – бийликтин алмашуусунан башка эч бир жакшы натыйжага алып барбады. Демократия маскасын кийген капиталисттик империализм дале үстүбүздөн эзип жатат. Демек, биз мусулмандар, бул залим түзүмдү оодарып таштап, анын ордуна өз Исламыбызды алып келишибиз керек. Бул аракет албетте шарият тарыйкаты боюнча алып барылышы шарт!
Туркистон