Кайс Саид жана Башар Асад режиминин кайра жандантырылышы

234
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кайс Саид жана Башар Асад режиминин кайра жандантырылышы

https://www.elnashra.com веб-сайты хижрий 1444-жылы 18-шаъбан, миладий 2023-жылы 10-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Тунис президенти Кайс Саид Дамаскта Тунис элчиси жоктугун эч нерсе менен актап болбостугун айтып: “Сириянын ыдырашына таптакыр жол бербейбиз”, – деди».

Роя:

Тунис башчысы Кайс Саиддин бул билдирүүсү жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмү өз сайтында мындай түшүндүрмө берди: «Мусулман өкүмдарлары алар кафир колонизатор Батыштын өлкөлөрүбүздөгү сакчылары экенин ар дайым тастыктап келишүүдө. О.э. алар Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүүдө жана Умматтын өзүнүн хак динине кайтышына жол бербөөдө Батыштын кызматкерлери экенин, ири мамлекеттер аларды каалагандай ойнотуп, өз кызыкчылыктарын жана колонизаторлук долбоорлорун жүзөгө чыгарууда алардан пайдаланып жатканын тастыкташууда.

Шам козголоңуна келсек, баарына белгилүү болгондой, араб мамлекеттери козголоң башталгандан бери Американын колундагы курал болуп, анын мубарек козголоңду мууздап жок кылуу планына кызмат кылып келишти. Бирок, Американын пландары ийгиликсиздикке учурады, ал эми, араб мамлекеттеринин ролу ачыкталып, кыйрады жана Шом козголоңу маселесин көзөмөлгө алууга жарабай калды.

Азыр Америка кайрадан араб мамлекеттеринен жана Араб мамлекеттеринин лигасынан пайдаланмакчы болууда, алар аркылуу кылмышкер Асад режимин кайра орнотуп, бардык мамлекеттер аны менен мамилелерди нормалдаштырышын көздөөдө. О.э. Шам козголоңун жок кылуу үстүндө тил бириктирген Эрдоган Түркиясынын ролун колдоп-кубаттоодо.

Американын бул каалоосуна жооп катары малай араб өкүмдарлары Шам тогуту Башар Асадды жана анын чириген режимин кайра тургузууга шашылышты. Мына, Тунис президенти Кайс Саид да кесиптештеринин кыянатын кадамдап ээрчип, Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырууга аракет кылып, аларга жетип алмакчы. Анын Фарс булуңу, Иордания, Түркия жана Ирактагы кесиптештери мындай мункар кылмышты жасоодо андан кыйла озунуп кетишкен эле. Кайс Саид өз билдирүүсүндө кылмышкер Асад режими менен мамилелерди тургузуу жана нормалдаштыруу үчүн эки мамлекет ортосунда өз ара элчилердин жоктугун актап болбостугун баса белгилөөдө.

Булардын баары өкүмдарлар жана алардын режимдери канкор Асад режими менен алакаларды кайра тургузуу жана бекемдөө аркылуу Шамдагы мубарек козголоңго каршы тил бириктирип жатышканын ырастоодо. Анткени, алардын баары кожоюндары болгон колонизатор кафир Батышка малайлык жана көз карандылык баткагына батып, Умматтын калыс перзенттерине зулум кылууда жана АКШ жетектеген колонизатор Батыштын сыйыртмагынан чыгууга аракет кылып жаткан калыс аракеттерине каршы турууда найза вазыйпасын аткарышууда.

Кайс Саиддин «Сириянын ыдырашына таптакыр жол бербейбиз» деген сөзү таң калычтуу эмес. Анткени, ал кафир Батыш жана анын союздаштары тарабынан орнотулган жасалма чегараларды билип туруп, ага көз жумууда. Негизи, өлкөлөрүбүздү бөлүп ыдыраткан, элин качкын кылган, үй-жайларын ойрон кылган, ыйык жайларыбызды жана кол тийгистигибизди тебелеген… мына ушул кафир Батыш жана анын союздашдары болот. Ушундай кылмыштардан кийин да айрым рувайбиза өкүмдарлар чыгып, Шам калкы жана козголоңу жөнүндө ооз көбүртүшүүдө, кудум кыйылган өмүрлөрдүн жана төгүлгөн кандардын ээлериндей козголоңчулардын атынан сүйлөшүүгө урунуп жатышат. Алар Шам тогутунун катарына өтүп, мубарак козголоңубузду жок кылуу үчүн колунан келишинче бул тогутту колдоп-кубатташууда.

Алар Шам калкын жардамсыз калтырып, ага каршы тил бириктиришсе да, бирок бул кылмыштары аркылуу – Аллахтын уруксаты менен – Шам калкына таптакыр зыян жеткире алышпайт. Себеби, Шам – жихад жана рабат жери, Расулуллах ﷺ кабар кылгандай, Ислам борбору. Ушунча жылдардан кийин да бул жерибизде алардын айла-амалдары, фитналары ишке ашпады, инша Аллах, мындан кийин да козголоң өзүнүн тартып алынган бийлигин өз убадасын бекем кармаган Уммат перзенттеринин колу менен кайтарып алат. Баарыбыз Аллахтын бекем арканын бекем кармап, бул канкор режимди илманий конституциясы, бардык адамдары жана аркандары менен кошо кулатып, урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык саясындагы Ислам башкаруусун тикелейбиз. Бул Аллахка жеңил.

﴿وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِندَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِن كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَال

«Чынында, алар өздөрүнүн айла-амалдарын кылышты. (Бирок) эгер алардын айла-амалдары себептүү тоолор урап кетсе да, алардын (бу) айла-амалдары Аллахтын алдында (маалым)»                                                                                                                                  [14:46]».

 Роя гезити, 2023-жыл, 22-март, №435.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here