Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болот
Кабар: 16-мартта Анкарада болуп өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышкан Түркмөнстан Элдик кеңешинин (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан тез арада ушул уюмга мүчө болоруна ишенерин билдирди.
Түркмөнстандын маалымат агенттиги Бердымухамедовдун: “Түркмөнстан эми уюмга байкоочу эмес, чыныгы мүчө катары катышат”, – деген сөзүн цитата келтирген.
Мындан тышкары, ал Түркия президентин Нобелдин тынчтык сыйылыгына көрсөтүүнү колдогон.
Бердымухамедов Эрдоган менен 22 жылдан бери тааныш экенин белгилеп, аны өз эли гана эмес, жалпы мусулман элдеринин бейпил жашоосу үчүн улуу иштерди жасап жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы деп атаган.
Комментарий: Түркмөнстан 1995-жылдан баштап бейтараптык позициясын карманып, бул позицияны конституциялык-укуктук норма катары бекемдеп койгон эле. Түркмөнстан ушул позициясынан пайдаланып Россиянын жетегиндеги ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ уюмдарына катышуудан баш тартып келе жаткан. О.э. 2005-жылдын август айынан бери КМШда ассоциациялык мүчө катары катталган. Бирок, Россиянын Украинага баскынчылык согушунан кийин дүйнөлүк саясатта абал өзгөрүп, жетекчи мамлекеттер майда мамлекеттерден – айрыкча постсоветтик республикалардан – кайсы тарапта экендигин аныктап алууну талап кыла баштады. Түркмөнстан да ушундай басымдардын артынан бейтараптык позициясын өзгөртүү жолунда алгачкы кадамын таштаган окшойт.
Шавкат Мирзиёев 13-март күнү Термез шаарында Сурхандарыя облустук кеңешинин сессиясында сүйлөгөн сөзүндө “Өзбекстан ким тарапта?” деген суроого жооп берип:
“Заман өтө татаал, азыр ири мамлекеттер Өзбекстандан “кайсы тараптасың” деп сурап жатышат. “Нейтралдуу болуп жүрүшүң жетишет, эми же ал тарапка, же бул тарапка өт” деп жатышат. Катуу-катуу айтышып, өкүлдөрү да келип, өздөрү да ушуга чакырып жатышат. “Орто Азияда Өзбекстан бизге керек. Калкы 36 миллион болду, 3-4 жылда 40 миллион болот, чоң мамлекет болот, ким тараптасың” деп жатышат. Кана, мындай оор суроого кантип жооп бериш керек? Жообум бирөө – бир тараптамын. Улутум, калкым улуу Өзбекстанымдын кызыкчылыгы үчүн жан берүүгө даярмын, деп жооп берем”, – деген эле.
Мирзиёевдин бул билдирүүсүнөн Россия да, АКШ да Өзбекстанга эле эмес, аймактагы бардык мамлекеттерге басымды күчөткөнүн түшүнсөк болот. Белгилүү болгондой, Түркмөнстандын экономикасы негизинен газ сатуудан түшкөн кирешеге байланып калган жана бүгүнкү күндө түркмөн газынын негизги кардары Кытай болуп калганы себептүү Түркмөнстанга газ сатуу үчүн альтернативалык жол табуу зарыл болууда. Бүгүнкү күндө түркмөн газын чет өлкөгө сатуу үчүн эң бир пайдалуу багыт Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия (TAPI) газ кууру болуп эсептелет. Бул болсо АКШнын долбоору. Бул долбоор ишке ашса, Ашхабад жылына 33 млрд кубометр газ сатуу мүмкүнчүлүгүнө э болот. Мындан тышкары, былтыр 14-декабрда Түркмөнстандын “Аваза” туристтик аймагында Түркмөнстан, Түркия жана Азербайжандын президенттери үч тараптуу саммит өткөрүшкөн. Ал саммитте Түркия президенти Режеп Эрдоган түркмөн газы үчүн жаңы базар издөөнү сунуштаган.
Эрдоган ошондо: “Бүт дүйнө үчүн, айрыкча Европа үчүн энергия коопсуздугу өтө маанилүү. Бул жаатта Баку-Тбилиси-Жайхан нефть кууру жана Түштүк газ коридору өзгөчө орун элейт. Биз бул коридор аркылуу Каспий газын Европага жеткиребиз. Эми Түркмөнстан газын ушундай көрүнүштө Батыш базарларына жеткирүү боюнча иш башташыбыз керек. Мамлекеттер ортосунда электр энергиясы боюнча өз ара сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. Ушунун алкагында Түркмөнстан жана Азербайжандан мамлекетибизге электр энергиясын жеткирүү боюнча иштөөгө даярбыз”, – деген эле. Мына ушул басымдар жана газ үчүн жаңы базар ачуу үмүтү Түркмөнстанды бейтараптык позициясын өзгөртүүгө, Түркия башында турган Түрк мамлекеттер уюмуна толук кандуу мүчө болууга үндөгөн окшойт. Белгилүү болгондой, Түрк мамлекеттер уюму да Американын аймактагы мамлекеттерге саясий жана экономикалык жактан кирип келүү үчүн иштеп чыккан долбоору болуп, АКШ бул жолдо ишенимдүү малайы Эрдогандан пайдаланып жатат.
Абдурахман Адилов