Кытайдын Украина боюнча «тынчтык демилгеси»

719
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооп

Кытайдын Украина боюнча «тынчтык демилгеси»

 Суроо:

«Арабийя» веб-сайты 2023-жылы 27-февралда ушул кабарды таратты: «Кремль: Кытайдын «тынчтык демилгесин» алкыштайбыз, бирок, бир чечимге келишүү кыйын». «Явм» каналынын веб-сайты 2023-жылы 27-февралда тараткан кабарда мындай делет: «Кремль Кытайдын «тынчтык демилгесине» кызыгуу менен карап жатканын, бирок, аны кеңири үйрөнүү керектигин айтты». Путин 2023-жылы 21-февралда «Россия стратегиялык чабуул куралдарын дагы да кыскартуу жана чектөө боюнча Кошмо Штаттар менен түзүлгөн келишимден чыгарын билдирди». («Анадолу», 2023-жыл, 21-февраль). Бул билдирүүлөр 2023-жылы 20-февралда Байден Киевге сапар жасап, Украина президенти Зеленский менен жолугушкандан кийин айтылды. Байден Киевге жасаган сапарында: «Украина шейшемби күнү жарыялана турган 500 миллион долларлык жаңы аскерий жардам пакетин алат», – деп баса белгиледи. («Скай Ньюс Арабийя», 2023-жыл, 20-февраль). Бул билдирүүлөрдөн мурун Кытай тышкы иштер министри Ван И коопсуздук боюнча Мюнхенде өткөн конференцияда Кытайдын Украина боюнча тынчтык демилгеси бар экенин баса белгилеп: «Бул согуштун күчөй бериши мүмкүн эмес», – деген… («Си-Эн-Эн Арабийя», 2023-жыл, 18-февраль).

Суроо мындай: Кытай Украинадагы согушту токтото алабы? Эмне үчүн Кытай согуш башталгандан бир жыл өтүп мындай демилге менен чыгып жатат? Эмнеге Россия бул демилгени алкыштап, кийин бир чечимге келишүү кыйын экендигин баса белгиледи? Бул демилгенин ийгилигинин ыктымалы кандай?

Жооп:

Жогорудагы суроолордун жообун аныктоо үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчи: Россия-Украина согушуна таасир өткөргөн мамлекеттер:

  • Америка: президент Байден башчылыгындагы Америка Батыш дүйнөсүнө АКШнын жетекчилик кылышы жөнүндөгү Европада жүзөгө келген күмөндөрдү жокко чыгара алды. О.э. Байден администрациясы Украинанын Россия чабуулуна каршы турушу үчүн ага аскерий жана аскерий эмес жардам көрсөтүү боюнча Батыштын аракеттерин да бириктирди. Анын бул иштерине Россияга каршы экономикалык санкцияларды колдонууда Батышты бириктиргенин да кошумчаласа болот. Ал Россиянын энергия артерияларын Европадан үзүп гана калбастан, Россияга каршы санкция колдонгон мамлекеттердин катарына Европадан алыс болгон Япония, Түштүк Корея жана Австралия сыяктуу мамлекеттерди да киргизди. Мындан тышкары, Трамп администрациясы доорунда күмөнгө түшүп калган НАТО союзуна өмүр берди. Бир сөз менен айтканда, Байден администрациясы Украинага курал берүүнү күчөтүп, анын максаты Украинада Россияны жеңүү экенин билдирди.
  • Европадагы чоң мамлекеттер: Британиянын позициясын Американын Россияга каршы позициясынан бөлүү мүмкүн болбой турганда, Германия менен Франция да ушул позицияны ээрчиди. Анткени, Россиянын энергия артериялары Европадан бүтүндөй үзүлүшү менен бирге Германия Россияга каршы позициясын күчөттү. Ал тургай, Германия тышкы иштер министри Бербок айым Украинага танктарды жеткирүү боюнча Европанын позицияларын бириктирүүгө аракет кылып: «Биз бири-бирибизге каршы эмес, Россияга каршы согушка кирип жатабыз…,», – деди. («Шурук», 2023-жыл, 24-январь). Россиянын мурунку президенти Медведев болсо, аны «пайдалуу акмак» деп сүрөттөдү. («Анадолу», 2023-жыл, 29-январь). Т.а. Бербок Европа Украина талашынын бир тарабы экенин моюнга алды. Францияга келсек, акыры ал да Россияга каршы Американы ээрчиген Европа мамлекеттеринин кербенине кошулду. Анткени, Франция президент Макрон Россия президенти менен болгон алакалары себептүү союздаштарынын сынына учурап келе жаткан. «Скай Ньюс Арабийя» 2023-жылы 19-февралда берген кабарга ылайык, Франция президенти Макрон Мюнхен конференциясынан кайтуу учурунда: «Мен Россиянын Украинада жеңилишин жана Украина өз позициясын коргой алышын каалаймын», – деди.
  • Россия: мурун орус армиясы эл аралык деңгээлде күчтүү болуп көрүнгөн. Бирок, Украинадагы согуш Киев жана Харковдун жанында, кийин Херсондо жеңилген Россия армиясынын олуттуу күчсүз тараптарын ачыктады. Орус армиясы Россия улуулугунун таянычы эле. Эми болсо, анын эл аралык улуулугунун таянычы катары ядролук күчүнөн башка эч нерсеси калбады. Экономикасы болсо, башынан эле алсыз болчу… Саясий жактан алып караганда, Америка менен Европа Россияны эл аралык деңгээлде изоляция кылууда чоң ийгиликке жетишти. Мындан тышкары, Россияда согуш боюнча ички биримдик жок. Мобилизация жарыяланганда көптөгөн орустар чет өлкөлөргө качып чыгып кетишти.

Экинчи: бул эл аралык өзгөрүүлөрдүн Кытайга таасири:

  • Кытай Америка үчүн башкы маселелердин тизмесинде саптын башында т.а. Россиядан мурунку орунда турганын түшүнүп жатат. Америка Тайвань маселесинде Кытайга каршы чыгып, аны кыйын абалга салып коюуда. Ал эми, Түштүк Корея менен болуп көрбөгөндөй аскерий машыгууларды өткөрүү менен Кытайды күрөшкө чакырып жатат. Россиянын санкциялар себептүү көргөн зыянынын ордун толуктоого, кыйратуучу куралдар менен ага аскерий жардам көрсөтүүгө аракет кылбашы үчүн АКШ Кытайга бир тараптан, опузалап жаткан болсо, дагы бир тараптан, Кытайдын Huawei жана башка технологиялык компанияларына каршы согуш ачып, анын экономикасына жашыруун түрдө эмбарго киргизүүдө. Бул нерсени электрондук чиптерден аскерий максаттарда пайдаланып, АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатат деген шылтоо менен Америка Кытайды электрондук чиптерден кур жалак калтырышында да көрүүгө болот. Кытай бүгүнкү күндө Америка Японияны куралдантып, муну менен Кытайга артынан бычак сайганын сезип жатат. Америка келечекте Японияны дагы да көбүрөөк куралдантып, эгер бычакты Кытайдын жүрөгүнө урбаса, бул нерсе Кытайдын артынан берилген сокку бойдон калат. Америка буга кошумча, Азияда «AUKUS» жана «QUAD» сыяктуу аскерий союздарды да түздү. Бул нерселер Кытай жана анын армиясы үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.
  • Кытайдын Америка сыяктуу маанилүү экономикалык шериктештери эсептелген Европа мамлекеттерине келсек, алар Вашингтондун координация (иш-аракетти биргеликте тартиптештирүү) каалоосуна моюн сунушту. Россия Украинада согушту баштагандан кийин, Европа Россия коркутууларынан өз континентин коргоо үчүн Американын коопсуздук чатырына муктаждык сезгенден кийин ушул координация жандана баштады. Кытай болсо, Россия-Украина согушу себептүү Американын Европа мамлекеттерине жетекчилиги кайра жанданышы аларды Кытайга карата АКШнын позициясын карманууга үндөп жатканын көрүп турат. Мындан тышкары, капиталисттик мамлекеттер жана алардын Чыгыш Азиядагы «батышташкан» тарапкерлерин назарга алган «пикирлеш мамлекеттер» аталышы пайда болду о.э. НАТОнун Чыгыш Азиядагы ролу жөнүндө кеп-сөздөр өрчүй баштады. Бул болсо Кытай үчүн «Америка көп мамлекеттерди Пекинга каршы коё алат» деген олуттуу коркунуч болуп эсептелет.
  • Россияга келсек, анын күчсүздүгү Кытайдын кичине шериктешине айланышына алып келүүдө. Айрыкча, эл аралык майдан Россия үчүн аста-секин кыскарып барууда. Себеби, Европа Россиянын нефть жана газынан дээрлик баш тартты. Мурда Россия Европа энергиясынын негизги артерияларын кармап келген болсо, учурда колунда дээрлик эч нерсе калбады. Ошол эле учурда, Европа менен Америка Россия үчүн өз эшиктерин жапкан. Алар Россияны башка мамлекеттердин босогосунда да кууп жетип, бул мамлекеттерден орус нефтиси үчүн белгиленген «баалар чегин» карманууну талап кылышууда. Булардын бардыгы Россия Кытайга өзүнүн энергия жана чийки сырьёлорун сатуу мүмкүнчүлүгүн жаратып берген дээрлик жалгыз дарбаза катары кароого мажбур кылды. Батыш муну «Россиянын Кытайга соода-сатык жагынан жалынышы» деп атайт. Бул абал Кытайды эң маанилүү соода багыты эсептелген Европа жана Америка менен болгон мамилелерин кыйын абалга салып коюуда.
  • Кытайга келсек, ал Украинадагы согушка карата белгисиз позицияны карманып жаткан болсо да, бирок, согуштун акыбеттери анын пайдасына болбой жатканын көрүп турат. Буга шек-күмөн жок. Белгилүү болгондой, Кытай Россия Украинага чабуул жасардан бир аз мурун Россия менен «чексиз союз» документин түзгөн. Америка менен Европа мамлекеттери Кытайдан Россиянын агрессиясына каршы позицияны карманууну талап кылышканда Кытай белгисиз позицияны карманып, Россия согушун колдорун да, анын союздашы болгон Россияга жардам көрсөтөрүн да билдирбеди. Россияга коопсуздук кепилдиктерин бөрүүгө ыраазы болбогону үчүн согуштун жалындашына Американы айыптоо менен чектелди. Кытай Россия Украинада жаңы тартипти киргизип, ал жерде коопсуздукту орнотушун жана Батыш мамлекеттерин анын жаңы эл аралык макамын таанууга мажбур кылышын күтүп жаткан. Себеби, бул нерсе Кытайдын эл аралык деңгээлде, айрыкча, Тайванда жакшыраак макамды ээлешин түшүндүрүп кытайлыктардын туйгусун козгошу мүмкүн эле. Бирок, Россиянын күчсүздүгү жана Украинада согуш майданында учураган жеңилүүлөрү көрүнө баштаганда Кытай туруксуз позицияны кармана баштады, ал Россия менен союздаш болуудан чегинип жаткандай болду.
  • Батыштын Кытайга карата душмандык буркурап турган ушундай позициясы Кытайды Америка менен Европа мамлекеттерине каршы кудум ушундай позицияны карманууга үндөгөн жок. О.э. Кытай Россияны колдорун билдирген да жок. Себеби, Кытайдын өнүгүшү жана ээлеген жаңы деңгээли анын тышкы соодасына байланыштуу. Анткени, Америка менен Европа мамлекеттеринин базарлары Кытайдын улуулугунун негизги артериясы эсептелет. Ал эми, Россиянын абалы мындан айырмаланат. Себеби, анын эл аралык деңгээлинин негизи экономика жана эл аралык соода эмес, Советтер Союзунан калган аскерий мурас. Бирок, башка тараптан, Кытай Азия жана Азиядан тышкарыдагы деңиздерде Россия менен биргелешкен аскерий машыгууларды улантты. Ыктымал, Кытай Америка менен бирер окуя жүз бергенде муктаж боло турган Россияны жоготпоо о.э. Батыш мамлекеттери менен болгон соода алакалары анын экономикасынын артериясы эсептелгендиктен аларды да колдон чыгарбоо үчүн ортодо турууну каалагандыр…

Үчүнчү: мындан улам, жогорудагы позициялар себептүү Кытай эки тарап менен мамилелери тең салмактуу болбосо да, тараптар ортосундагы кризисти чечүүгө демилге көрсөтүп жаткан ортомчу болуу жөнүндө ойлоно баштады. Бул нерселер Россия Украинага бастырып киргенден кийин Кытай өз асманында кара булуттар коюуланып баштаганын көргөнүн түшүндүрүп турат. Бул кара булуттар Украина боюнча Кытай тынчтык демилгеси пайда болушунун биринчи себепчиси эсептелет. Бирок, бул демилгенин жүзөгө келишине экинчи себеп да бар, ал – Россиянын абалы. Эгер, биринчи себеп экинчи себеп менен бирикпегенде, биринчи себептен эч бир олуттуу демилге чыкпайт эле. Төмөндө аны кеңири карап чыгабыз:

  • Россия мобилизация жарыялап, жарым миллионго жакын аскер тарткан болсо да о.э. бүгүнкү күндө Донбасстагы Бахмут шаарынын айланасында болгондой кайра чабуулга өткөн болсо да, бирок, согушта жеңишке жетүү мүмкүн эместигин түшүнүп жетти. Себеби, ал Украина армиясы менен эле эмес, өзү айткандай, «НАТОнун мүмкүнчүлүктөрү» менен кагылышууда. НАТО Россияны жеңүү максатында Украинаны оор куралдар менен камсыздап жатат. Чамасы, Украинада гана эмес, кала берсе эл аралык деңгээлде да Россияны кыйратууну көздөгөн Американын күчтүү эркине туш келгенин Россия түшүнүп жеткен көрүнөт. Финляндия жана Швеция НАТОнун жаңы мүчөлөрү болуунун алдында турат. Белгилүү болгондой, бул эки мамлекет географиялык жактан Россияга эң жакын мамлекеттер болуп эсептелет. Андан тышкары, тарыхта Россиянын эң касташкан душманы болуп келген Германия да тездик менен аскерийлешип жатат. Чыгышта болсо, Япония армиясы тез арада Россия үчүн чоң коркунучка айланып барууда. Япония Экинчи дүйнөлүк согушта Россия басып алган Курил аралдарын кайтарууну андан талап кылып келет. Ушул себептен улам, Украина жана эл аралык майдандагы мындай өзгөрүүлөр коопсуздук маселесинде Россияга оор жүктөрдү жүктөп, анын өтө көп күчсүз тараптарын – айрыкча, ал болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларга жүз тутканда – ачып берүүдө.
  • Россиянын күчсүздүгүн көрсөткөн, Украинадагы согуштун натыйжалары жөнүндөгү жаңы моюнга алууларды билдирген бул белгилер о.э. өз армиясы жана экономикасынын күчсүздөнүшүн, айланасындагы эл аралык абалдын начарлашын токтотуп калуу жолдорун издеши… т.а. Россиянын азыркы абалы Кытай көтөрүп чыккан «тынчтык демилгесинин» экинчи себеби. «Тынчтык демилгесинин» ушул экинчи себеби мааниси жагынан биринчи себептен т.а. Кытай учураган абалдан аз эмес. Демек, тынчтык демилгесине ушул эки нерсе себеп. Бул болсо Россия Украинадагы согушту токтотууну каалаганын, бирок, өз аброюн да сактап калмакчы болуп жатканын түшүндүрөт.

Ошондуктан, эки себептин (согуштун Кытайга болгон эл аралык терс таасирлери жана Россиянын Украинада жеңишке жетишине үмүтсүз болушу) биригиши Кытайдын Украина боюнча тынчтык демилгесине алып келди. Согуш башталганда, бир жыл мурун мындай абал жок эле. Чамасы, Кытай Россия согушту тез өз пайдасына чечишин күткөн көрүнөт. Ошондуктан, согуш башталганда мындай демилгелер менен чыкпаган. Бирок, азыр, Россия жеңишке жетүүдөн дээрлик үмүтсүздүккө түшүп, өз аброюн сактап калуу үчүн сүйлөшүүлөргө кызыкдар экендиги көрүнүп калгандан кийин Кытай ушул демилге менен чыкты.

Жогоруда айтылгандар Украина боюнча Кытай тынчтык демилгесинин түпкү маңызы о.э. анын ушул убакытка чейин кечиккенинин себебин түшүндүрүп турат. Андан тышкары, демилгеде мамлекеттердин суверенитетин урматтоо зарылдыгы да ачык айтылган, мындан Батыш жана Украинаны кызыктыруу көздөлгөн. Ушул себептен улам, бул демилгени жарыялаган Кытай тышкы иштер министри Украинанын суверенитетин колдоп-кубатташын билдирип мындай деди: «Кытайтын сунушунда бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана суверенитети урматталат». («Си-Эн-Эн Арабийя», 2023-жыл, 18-февраль). Бул – Батышты сүйлөшүүлөргө тартуунун бир түрү.

Төртүнчү: демилгенин ийгилиги т.а. Украинадагы согушту токтотуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү суроого келсек, бул бир нече таасирдүү факторлордон көз каранды:

  • Бул биринчи кезекте Американын позициясына, кийин Украинаны колдоп-кубаттаган Европа мамлекеттеринин позициясына байланыштуу. Бул позициялар Украина борбору Киевдин жана президент Зеленскийдин кескин позициясын да өзүндө чагылдырат. Украина жана Батыштын бул позициясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы шарты катары орус армиясынын Украинадагы бардык басып алынган аймактардан, алардын катарында Крымдан чыгып кетүү зарылдыгын билдирүүдө. Т.а. Россия менен боло турган сүйлөшүүлөр аймактар боюнча эмес, компенсация төлөө жана аскерий кылмышкерлерди эл аралык сотко тапшыруу боюнча алып барылат. Россия болсо бул шарттарды четке кагып, ал майдандагы вакиъликке т.а. азыркы фронт линияларында ок атууну токтотууга, мына ошондон кийин сүйлөшүүлөрдү баштоого көңүл буруп келүүдө. Албетте, Россия кээ бир жан берүүлөрдү ок атуу токтотулгандан кийин т.а. бир тараптан, аброюн сактап кала турган түрдө сунуштоону каалайт. Экинчи тараптан болсо, бул жан берүүлөр аркылуу санкциялардын бекер кылынышына жана тоңдурулган акчалардын бошотулушуна кошумча, ал тургай, шарттуу болсо да, кээ бир аймактык ийгиликтерге жетүүнү да каалайт.
  • Бүгүн Батыш мамлекеттери Кытай демилгесине кызыкдар эместиги, алар Украинада Россиянын толук жеңилишин пландап, ушул нерсени күтүп жатышканы ачык көрүнүп турат. Европа комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен айтат: «Бизге Кытай Россия менен иштешпей жатканы жөнүндө көбүрөөк далилдер керек жана биз муну учурда көрбөй жатабыз». («Си-Эн-Эн Арабийя», 2023-жыл, 18-февраль). АКШ мамлекет катчысы Россияны колдоп-кубаттап жатат деп Кытайды айыптады: «Блинкен жекшемби күнү эфирге берилген интервьюда Украинадагы согуш бир жылга жакындашканда Кытай Россияга курал-жарак жана ок-дарыларды берүү маселесин «катуу карап жатканын» айтты». («Кудсул Арабий», 2023-жыл, 20-февраль). Бул нерселер Батыш Россияны жеңүү үчүн Украинаны колдоп-кубаттоону алынтарын көрсөткөн жетиштүү белгилер.
  • Мындан улам, Кытайдын Украина боюнча тынчтык демилгесинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматталышы айтылган болсо да т.а. Россиянын чегиниши мүмкүн экендигин түшүндүрсө да… бирок, азыркы шартта бул демилге Америка жана анын Европадагы тарапкерлери о.э. өз ишинде эч кандай ыктыярга ээ болбогон Украина үчүн жакшы эмес. Себеби, Америка Украинаны туруктуу колдоп-кубаттап, берилип жаткан куралдардын сапатын жакшыртып барууда о.э. президент Байдендин аркылуу Россия президенти Украинада таптакыр жеңишке жетпестигин жарыялоодо. Американыкындай мындай күчтүү эрк Британияда, Россияны жек көрүүсү күчтүү болгон Польшага окшогон Чыгыш Европа жана Балтика боюндагы мамлекеттеринде да байкалууда. Башкача айтканда, Кытайдын тынчтык демилгеси Америка тарабынан кабыл алынбады жана алкышталбады. Бул позициялар Россияны кыйын абалга салып койгону көрүнүп турат. Ошондуктан, ачык-ашкере түрдө эмес, кагазга ороп Кытайдын демилгесин кабыл алгандыгы туурасында билдирүүлөрдү бере баштады. Т.а. бир бутун ары тарапка таштаган болсо, экинчисин ордунда калтырууда… «Скай Ньюс Арабийя» 2023-жылы 27-февралда жарыялаган кабарга ылайык, «Кремль Кытайдын демилгеси жөнүндө «Украинада тынчтык орнотуу үчүн шарттар дагы эле даяр эмес» деген. Бирок, кийинчерээк «Россия Кытайдын тынчтык демилгесин жогору баалайт» деп айткан». «Ал-Явм» телеканалынын веб-сайтында 2023-жылы 27-февралда мындай келет: «Кремль Кытайдын Украина боюнча тынчтык планы Россия тарабынан дыкат каралып жатканын айтып, сунуштун деталдары үчүн талдоо жана эсептөөлөр зарыл экенине ишара кылды». Кыязы, Россия Кытайдын тынчтык демилгесине кайтуу үчүн көпүрө коюп жаткандай…

Бешинчи: тыянактап айтканда, алдыда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Кытай демилгеси аталышында жаңы өзгөрүүлөр болот. Кытайдын бул аракети биринчи кезекте анын кызыкчылыктарына багытталган болсо да, бирок, бир тараптан, эл аралык деңгээлине чоң коркунуч туудуруп жаткандыктан Украина баткагынан чыкмакчы болгон Россия үчүн үмүткө айланды. Бирок, Америка, Европа, НАТО жана Украина бул демилгени четке кагып, күмөн менен карап жатат. Мындан улам, анын ийгиликке жетишинин ыктымалы өтө төмөн көрүнөт. Ал ийгиликке жетиши үчүн эл аралык шарттар өзгөрүшү же Россия Украинада ири жана майнаптуу чабуул уюштурууга кудуреттүү экендигин далилдеши керек. Бирок, Америка жана НАТО мамлекеттери Россияга буктурма койгонун жана анын жеңишке жетишине жол бербөө үчүн Украинаны бардык согуш артериялары менен колдоп-кубаттоого даяр экендиктерин эсепке алсак, бул нерсе жакын келечекте ишке ашышы күмөн.

Сөзүбүздүн акырында баса белгилеп айтсак, бүгүн дүйнөдө ири деп аталган бул колонизатор кафир мамлекеттер дүйнөгө жакшылык алып келүү үчүн эмес, жамандык жана зыян алып келүү үчүн өз ара күрөшүүдө. Россия баш көтөрүүгө даяр ар кандай украиналыкты өлтүрүү үчүн Украинага чабуул кылган болсо, Америка менен Батыш өз аскерлери менен эмес, украиналыктар менен душманга каршы күрөшүүдө. Эки тарап тең украиналыкты өлтүрүү үчүн Украинада бири-бири менен бетме-бет келишүүдө… Ошентип, жер жүзүндө бузгунчулук таратууну көздөгөн бул мамлекеттер үчүн канчалык кан төгүлүшүнүн – бул нерсе алардын кызыкчлыктарын жүзөгө чыгарса – эч кандай мааниге ээ эмес… Өтмүштө Фарс жана Рум мамлекеттери өз ара күрөшүп, бири жеңип, экинчиси жеңилгендей, тарых кайталанып жаткандай көрүнөт… Алар өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн адамдардын канын дайра кылып төккөн машинадай аракет кылышкан… Бул абал Аллах Таала чындык жана адилет ээлери болгон Ислам Умматын жеңиш жана фатх менен сыйлап, Ислам жана мусулмандар азиз, куфр жана кафирлер кор болгонго чейин созулган. Аллахтын уруксаты менен дагы ушундай болот.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишиге нусрат берет. Ал кудуреттүү жана ырайымдуу»                                           [30:4-5]

                                                                                                               9-шаъбан, 1444-х.

                                                                                                                    1-март, 2023-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here